00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
В Бишкеке предложили поднять тариф на воду почти в четыре раза — расказываем детали
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Никеге чейинки медициналык текшерүү: бул демилгенин пайдасы жана тобокелдиктери эмне?
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Почему депутаты хотят наказывать за мусор общественными работами
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жакынкы Чыгыштагы окуяларга карабай, ЕАЭБге мүчө болгонубуздун аркасында мунай жеткирүүдө коркунуч жок
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын үрөнчүлүгүнүн келечеги кандай — жогорку сапаттагы үрөндөрдүн тартыштыгы
13:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Гомосексуалдарга берилеби? Депутат 29 млн. доллар гранттын чоо-жайына тынчсызданды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Садырбаева. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Садырбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2023
Жазылуу
"Эркектер менен жыныстык катнашка барган эркектер үчүн алдын алуу чараларынын пакети" деген иш-чарага 884 миң доллар сарптоо пландалган.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Садырбаева Глобалдык фонд тарабынан бөлүнгөн каражаттын көбү Кыргызстандагы гомосексуалдарды колдоого жумшалып жатканын айтып чыкты.
Ал бүгүн парламентте кайрылуу жасап, бул маселеге каршы турууга үндөдү.
Эл өкүлүнүн айтымында, Глобалдык фонд ар үч жыл сайын ВИЧке жана кургак учукка каршы күрөшүү багытында Кыргызстанга грант берет. 2024-жылы 29 миллион доллар бөлүнөрү бекитилген. Садырбаева да ал каражатты бөлүштүрүү боюнча комиссияга былтыр декабрда мүчө болуп кирген.
"Бул грант — өлкөнүн саламаттык сактоо системасына колдонула турган ири өлчөмдөгү сумма. Өткөн жылдары мындай гранттын негизги алуучусу ПРООН болгон. Коңшу Өзбекстан менен Тажикстанда бул грантты Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу алып, мамлекетке отчет берип турат. Ал эми бизде ПРООН өзгөчө статуска ээ болгондуктан каражаттын бөлүштүрүлүшү тууралуу отчет бербейт. Демек, кайсы багытка канча сарпталып жатканын эч ким билбейт", — деди Садырбаева.
Ошондой эле ал комиссия кийинки жылы алына турган грантты кандай максатта колдонууга өтүнмө бергенин, бирок анда түшүнүксүз жагдайлар камтылганын айтууда.
"Гранттын 4,5 миллион долларын ПРООНдо иштегендер өздөрүнө эмгек акы катары алып калат экен. "Коомдорду бекемдөө системасы" деп 226,2 миң, "Эркектер менен жыныстык катнашка барган эркектер үчүн алдын алуу чараларынын пакети" дегенге 884 миң доллар алууга белсенип жатат. Анысы эмне экенин эч ким түшүндүрүп бербейт, андыктан акча көмүскөдө калууда. Биз лесбиянкалардын, гомосексуалдардын коомун бекемдеп жатабызбы эмне, түшүнбөй жатам", — деди эл өкүлү.
Андыктан Садырбаева грантты бөлүштүргөн комиссияны жоюп, мамлекеттин атынан өтүнмө берүүгө жетишип калуу керектигин белгилеп, укуктук-ченемдик актыларды кабыл алып, жаңы комиссия түзүүнү суранды.
"Азыркы комиссиянын курамында мамлекеттик сектордон тогуз (алар да жыйындарга келишпейт), эл аралык жана бейөкмөт уюмдардан 14 мүчө бар. Каражат бөлүштүрүүдө ушулар көпчүлүк добуш менен эле жеңип кетет. Алардын жеке кызыкчылыктары бар. Грантты алуучу катары өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги болушу керек. Ал ар бир тыйынына чейин жооп берип турат. Бул комиссия 2016-жылы түзүлгөн. Ошондон бери ушинтип эле бөлүштүрүп келишкен. Соңку ирет 2021-жылы да болжол менен ушундай эле суммада бөлүнгөн. Гранттын ВИЧ, кургак учукка каршы күрөш катары келип жатканы жакшы, бирок анын кандай сарпталып жатканында маселе болуп жатпайбы", — деди Садырбаева.
Андан соң төрага Нурланбек Шакиев депутаттын айткан сөзүнө терең маани берүү керектигин белгиледи.
"Бейөкмөт уюмдар биздин жаштарды кайсы жакка алып баратат? Келечегибизге өтө чоң сокку, бул жерде трансгендерлер жөнүндө сөз болуп жатат. Тилекке каршы, биз маани бербеген менен мындай терс көрүнүш аябай тез өсүүдө. Аны менен кескин күрөшүүбүз керек. Улуттук чоң көйгөй, кесепети аябай жаман болот", — деди Шакиев.
Мындан улам спикер өкмөт менен парламенттин тиешелүү комитеттерине аталган маселе боюнча иш алып барууга тапшырма берди.
Акча санап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2023
Бекер дарылоого акча алган. Жалал-Абадда санаторий башчысынын орун басары кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0