Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Калпактын төрт талаасы, формасы жана ичиндеги боштук эмнени түшүндүрөт?

© Sputnik / Асель СыдыковаЭлТР МТРКнын "Мурас сабаты" көрсөтүүсүнүн автору, журналист Жыпарбек Абдыразаков
ЭлТР МТРКнын Мурас сабаты көрсөтүүсүнүн автору, журналист Жыпарбек Абдыразаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2023
Жазылуу
ЭлТР МТРКнын "Мурас сабаты" көрсөтүүсүнүн автору, журналист Жыпарбек Абдыразаков калпактагы белгилердин чечмелениши тууралуу айтып берди.
Калпак — өтө ыңгайлуу, ысыкта күндөн, суукта ызгаардан сактаган, терең философияга ээ баш кийим. Ал аркылуу кыргыз элинин ишенимин, руханий дүйнөсүн, купуя сырларын, каада-салтын билүүгө болот. Капталынан карасак ак мөңгүлүү Теңир-Тоону элестетет. Ушундан эле калпак кийгендерди тоодо жашаган эл экенин билсе болот. Ал эми кайрымы болсо, ошо тоону жакалап жашаган калк дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Жыпарбек Абдыразаков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Калпактын төрт талаасы, формасы жана ичиндеги боштук эмнени түшүндүрөт?
Анын айтымында, тилиги (ачасы) бар калпак кишинин турмуштун ысык-суугуна бышканын, үй-бүлөсүн эле эмес, уруунун же мамлекеттин жүгүн алганга жарап калганын билдирет.
"Калпак бири-бирине дал келген төрт талаадан куралат. Ал төрт талаа жердеги адам жашоосунун негизи – жер, аба, суу, от. Кыргыздар байыркы эл болгондуктан адам жашоосундагы эң керектүү төрт зарылдыкты ыйык тутушкан. Калпактын төбөсүндөгү кошуу сызыгы – Күндүн белгиси, анын жарыгы төрт тарапка тең тегиз тиет деген маани. Ал эми калпактын ичиндеги боштук да жөн эмес. Аны ата-бабалар "куттун уясы" деп коюшкан. Анткени акыл-эстин уясы баштын төбөсүндө болсо, куттун уясы ошо төбө менен калпактын чокусуна чейинки боштукта. Калпактын төрт жагындагы кара кыргактары бийиктикке жетүүнүн жолу же Жер менен чексиз ааламды, көктү, асманды бириктирген жол. Талааларындагы бирдей аралыктагы кош сызык – өз алдынча үй-бүлө болуп, элдин эсебине түтүн болуп кошулду деген түшүнүк. Ал эми калпактын талааларынын четиндеги кош сызыктын ичиндеги ак-кара – артында изи бар дегенди туюндурат, тактап айтканда, бул – туяк. Калпактын эки жагындагы тилиги (ачасы) болсо чекиттен чексиздикке деген маани же акыл-эси толду дегенди туюндурат. Чекиттен чексиздикке – бул адам акыл-эси чексиз дегенди билдирет. Мындай калпакты кийген кишинин жоопкерчилиги күчөп, башкаларга өрнөк болуу милдети жүктөлөт. Калпактын чокусундагы чачысы, кээде чогу деп да аталат, бул биримдиктин белгиси. Эгерде чечмелесек, чачысы – эл, ал эми чачы менен калпактын кошуу сызыгынын кесилишкен жерин бириктирген боосу – бул элдин башында турган киши. Тактап айтканда, көпчүлүктүн бир кишиге баш ийүүсү. Ал эми калпактын беттерине (калпактын талааларына) ар бир уруу өз эн белгисин түшүргөнү туура. Кыргыз жашоосунда эн тамгасын баш кийимге, чектерине, колдонгон буюмдарына, малына да салып келгендиги боюнча окумуштуулардын далилдери бар", — деди Абдыразаков.
Ал калпакка ар бир уруу өз эн тамгасын салып кие турган болсо баш кийим башкаларга белек катары берилбей, ыйыктыгы артмактыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0