Америкалыктар Путиндей кишинин президенттикке келишин каалайт. Ой толгоо

© AP Photo / Nam Y. HuhАКШнин желеги фонунда адамдардын силуэти. Архив
АКШнин желеги фонунда адамдардын силуэти. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2023
Жазылуу
АКШдагы шайлоонун күтүлбөгөн кызыгына күбө болдук. Америкалыктар Байден менен Трамптын кимиси жакшы деген соболдордон жадап бараткан өңдүү. "Жарандарыбыздын көпчүлүгү Путиндей кишини лидер катары көргүсү келет", – деп жазат The American Thinker басылмасы.
Русофобиялык пропагандага карабастан карапайым америкалыктардын арасында Россия президентинин кадыр-баркы өсүп жатканын белгилейт аталган интернет-ресурс. Ага жарыяланган макаладан улам Виктория Никифорова РИА Новости сайтына өз ой толгоосун жарыялаган.
"Америкалыктар Путиндин биздин бийликке караганда өз өлкөсү, калкына кыйла жогору кам көргөн лидерлигин байкай башташты", – деген ойлор камтылган American Thinker порталына жарыяланган макалада. Мейли, бул консервативдик басылма дейли, бирок эң либералдык деген британиялык Guardian деле ушул фактыны моюнга алганы кызык.
Жакында эле өткөн Консервативдик саясий аракеттер конференциясында америкалыктар кайра-кайра Путин менен Байденди салыштырып, Демократтар партиясындагы "согушту тутанткандарды" тилдеп, Украинаны курал менен жабдып, каражаттан каралашууну токтотууну талап кылышат.
"Мага Путин жагат, — деген оюн билдирген конференциянын катышуучуларынын бири The Guardian басылмасына — Менимче, эр жүрөк, өлкөсүнө кам көрөт". Россиялык лидерге болгон мындай ашыктык аларда кайдан пайда боло калды? Же мында кандайдыр бир тузак катылганбы? СССР ыдырардын алдында да Батыш маалымат каражаттары советтик жетекчилерди ыксыз эле мактап киргени эсибизде.
Бирок бүгүн баары тескерисинче, жалпыга маалымдоо айдыңында Путинди мурдагыдай эле каралап, бүт балээнин баарына айыпташат, ал эми АКШда карапайым калктын пикири башкача.
Бир апта мурун Стратегиялык өзөктүк куралды чектөө жөнүндөгү келишимге катышууну токтотуу жөнүндөгү Россиянын чечими расмий түрдө америкалыктарга маалымдалды. Бул күтүүсүз болгону менен алар россиялык жетекчиликтин эскертүүлөрү тегин жерден эмес экенин дароо түшүнүштү.
АКШнын желеги жана Эркиндик айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Украина — башталышы гана". Америкалык адис Батыштын планын ачып берди
Айрым "эксперттер" РФтин мындай билдирүүлөрүнө кулак салуунун кажети жок дешкени менен калктын калың катмары эки анжы ойдо калды. АКШнын стратегиялык душманы болгон өлкөнүн жетекчилиги Ак үйгө украиналык жаңжалга кийлигишпөөнү, болбосо андай шыкактоо өзөктүк согушка кептей турганын ачык эскертүүдө. Бул Путин жоопкерчиликтүүлүк кылып, миллиондогон адамдардын тагдырын ойлоп жатканы эмеспи.
Ошол эле убакта алардын лидери өз авантюрасы үчүн миллиондогон жөнөкөй америкалыктар жооп берип каларына да кол шилтеп, Украинанын иштерине кийлигишкенин койбойт. Америкалыктар социалдык медиа айдыңында "Путиндей кишинин келишин самайбыз" деген пикирлерин жазууда.
Анан да Стратегиялык өзөктүк куралды чектөө жөнүндөгү келишимге катышууну токтотуу тууралуу РФтин чечими чыккандан тарта америкалык издөө аянтчаларында "Россиянын канча стратегиялык ракетасы бар? Орус ракеталары АКШга чейин канчалык тез жетет" деген суроолор кескин түрдө көбөйгөнү айтылат.
Ошондой эле миллиондогон америкалыктар ушул тапта Кошмо Штаттар күчү бирдей державага кастарын тигип турганын аңдашат. Буга чейин өзөктүк куралы жок, бечел армиясы жана жемкорлукка малынган элитасы бар мамлекеттер менен согушуп келгени белгилүү эмеспи. Алардын бийлигин, элин дегеле киши катары санашпайт. Ал эми тең ата өлкөлөрдүн жетекчилерине бөлөкчө мамиле жасалат.
Күч көпчүлүгүн сестентет. Согуштан кийинки Япониянын абалына баам салыңыз, Хиросима, Нагасакинин адамгерчиликтин чегинен тыш бомбаланышы жапондуктарды партизандык согушка түрткөн эмес. Тескерисинче, Американы улук көрүп, баш ийүүгө алып келбедиби. Россияга Америка сымал анчалык аёосуз аракеттерге барыштын зарылдыгы жок. Стратегиялык өзөктүк куралды чектөө жөнүндөгү келишимден чыгуу чечимин эле жарыялап коюу жетиштүү.
Расмий маалымат каражаттарынын жалган кабарларына карабай америкалык калктын калың катмары РФ президентине карата жылуу пикирде. Ал эми Newsmax телеканалы өз сайтына Дмитрий Медведевдин Стратегиялык өзөктүк куралды чектөө жөнүндөгү келишимге катышууну токтотуу чечими жөнүндөгү жазганын жарыялады. Сын да айтылган эмес, журналисттер тек гана Россиянын мурдагы президентинин: "куралдын бардык, анын ичинде өзөктүк түрү менен да коргонууга укугубуз бар" деген сөздөрүн келтиришкен.
АКШдын Украинага жөнөтүлүп жаткан курал жарак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Мезгил жетти". АКШда Украинага жардам берүүнү токтотууну талап кылышууда
Жаңылыктар түрмөгү
0