Кыргызстан менен Кытайдын чек арасына жакын жерде жер титирөө болду

© AFP / PETER STEFFENСейсмограф. Архив
Сейсмограф. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2023
Жазылуу
Мындан бир нече күн мурун дагы кыргыз-кытай чек арасындагы Какшаал тоолорунда жер титиреген.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Казакстандын сейсмологдору Кыргызстан менен Кытайдын чек арасына жакын жерде жер титирөө каттады. Бул тууралуу Тажрыйбалык-методикалык сейсмологиялык экспедициянын сайтында жазылган.
Казакстандын сейсмологдорунун маалыматында, жер титирөө саат 19:01де катталып, очогунда күчү 4,7 баллга жеткен. Очогу 15 чакырым тереңдикте болгону да айтылат.
Буга чейин дагы Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы Какшаал тоолорунда жер титирөө болгон.
Сейсмографтын маалыматтары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2023
Алайда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды
Жаңылыктар түрмөгү
0