Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

НАТО Европаны согушка жөнөтүүгө даярдап жатат. Абалга сереп

© AP Photo / Olivier MatthysНАТОнун Брюсселдеги штаб-квартирасына жакын жердеги скульптура. Архив
НАТОнун Брюсселдеги штаб-квартирасына жакын жердеги скульптура. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2023
Жазылуу
Курмандыкка алгачкылардан болуп поляктар жана башка чыгыш европалыктар чалынары турулуу. АКШ акыры Батыш Европаны да салып берери ачык болуп калды.
Bloomberg агенттиги өзүнүн маалымат булактарына таянып жакын арада НАТО мамлекеттеринин коргоо министрлери жашыруун документке кол кое турганын билдирген. Анда уюмдун уставынын бешинчи беренесинин алкагында чыр күчөп кеткен шартта жана бул пунктуга дал келбеген учурда альянстын аракеттери чагылдырылган. Кырдаалга россиялык журналист Ирина Алкснис баам салды.
НАТО уставынын бешинчи беренеси — бул жамааттык коргонуу боюнча айтылуу пункт, мында альянстын бир мүчөсүнө жасалган агрессия жалпы уюмга кол салуу катары кабылданат. Демек, жоопту да чогулуп бериши каралган.
Анткен менен бул берене эч нерсеге арзыбай турганы, НАТО кааласа чыр-чатакка аралашпай кое алары эбак эле белгилүү болгон. Bloomberg агенттигинине маалымат берген тарап Брюссель дал ушундай сценарийге даярданып жатканын билдирген, башкача айтканда, альянстын согуштук аракеттерге аралаша турган айрым мүчөлөрүнө карата НАТО бешинчи беренени иштетпейт сыяктуу.
Мындай кадамдын себеби Украина экени баарына түшүнүктүү. Барган сайын Батыш капканга түшүп калганы айдан ачык болуп бара жатат: Россияны жеңем деп болгон күчүн жумшаса да ийгиликке жете албай келет. Акыркы убакта таасирдүү дүйнөлүк ресурстар Украина Куралдуу күчтөрү жеңилерин, батыш техникасынын жөнөтүлүшү да жардам бере албай турганын байма-бай жаза башташты.
АКШ менен Европанын Россияны Украинанын колу менен чөгөлөтөбүз деген ниети ишке ашпай калган соң күн тартибине мындан ары эмне кылуу керек деген маселе чыкты.
Украина президенти Владимир Зеленский  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Европаны аралаган "Киевдин элеси". Батыш Зеленскийдин шагын сындырган шекилдүү
Эгер мындай окуя бир нече жыл мурун болгондо Батыш аскердик жана саясий жактан күчтөнүү үчүн чегинип, кайсы бир убакыттан кийин кайра чабуулга өтмөк. Буга бир нече жолу күбө болгонбуз. Ошол тынчып калган күндөрүндө керек болсо мамилени оңдоого да аракет көрүп жиберчү.
Бирок азыр Батыштын буга дээрлик убактысы жок: өзү башында туруп пайдасын көрүп келген дүйнөлүк глобалдуу система тездик менен кыйрап баратат. Тыным алууга да, чегине турууга да мүмкүнчүлүгү жок, эмне кылса да баштаганын улантышы керек. Ал эми украиналык мобилизациялык резерв кыскарып жатканда окко төшүн тосо тургандар зарыл, аларды кайдан алуу зарыл? НАТО мамлекеттеринен.
Бирок бул жерде Түндүк атлантикалык альянстын ичиндеги мамиле орчундуу мамиле ойнойт. Уюмдун лидери жана ээси — АКШ. Ал Европаны Россияга каршы салып (экономикалык пайдага туйтунуу менен), өзү Москва менен тикелей каршылашуудан оолак болуу ниетин жашырбайт. Түз согушуу глобалдуу өзөктүк апаатка кептей турганы анык.
НАТОнун Bloomberg жарыялаган планы дал ушул маселени чечүүгө багытталган. Бир жагынан бешинчи беренени көңүл сыртында калтыруунун айла-амалы изделип жатса, экинчи жагынан, басылма айткандай, "коргонуу чыгымы боюнча максатка жетүүгө" арналган. Башкача айтканда, альянстын узак убакыттан бери аскердик муктаждыкка каражат бөлүүдөн баш тартып келген капчыктуу мүчөлөрүнөн акча алуу аракети көрүлмөкчү.
Курмандыкка алгачкылардан болуп поляктар жана башка чыгыш европалыктар чалынары турулуу. АКШ качандыр бир кезде Батыш Европаны да салып берери анык. Вашингтондун ал жактагы элитаны баш ийдирүүгө жана өзүн-өзү өлтүрүүчү жолго айдап жиберүүгө шыктуулугун эске алсак, анда америкалыктардын Европаны Чыгыш фронттогу кыйсыпырга салуу планы ишке ашып кетиши толук мүмкүн.
НАТОнун коргоо министрлери Брюсселдеги жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Брюсселдеги жолугушуу жана "Рамштайн-9". Украинанын кызыкчылыгы кайда калды?
Жаңылыктар түрмөгү
0