Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Брюсселдеги жолугушуу жана "Рамштайн-9". Украинанын кызыкчылыгы кайда калды?

© AFP / KENZO TRIBOUILLARDНАТОнун коргоо министрлери Брюсселдеги жолугушуу учурунда
НАТОнун коргоо министрлери Брюсселдеги жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2023
Жазылуу
Америкалыктар Украинанын Куралдуу күчтөрү даяр эмес экенине, оор жоготууга кептеле турганына карабай Киевди чабуул жасоого жана атайын операция жүргөн жерде "ийгиликке жетишүүгө" мажбурлап жатат.
НАТОнун украин армиясын колдонуу менен жамааттык прокси согуш аркылуу ракеталык-өзөктүк Россияны жеңүү же алсыратуу далалатын көп полярдуу дүйнөнүн реалдуулугу ишке ашырбай турган кез. Агрессиялык декларациялар, пландар АКШ менен НАТОнун аскердик дараметине туура келбей турат. Атүгүл Американы колдогон 50нүн тегерегиндеги "донор-мамлекеттердин" биргелешкен аракети да Вашингтондун украин долбоорун сактап кала албай калды шекилдүү. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ушул багытта ой калчаган.
НАТОнун коргоо министрлери 14-15-февраль күндөрү Брюсселде жолугуп, Украина Куралдуу күчтөрүн Россияны жеңүү үчүн курал-жарак, ок-дары жана башка согуштук каражаттар менен камсыздоону талкуулап жатышат. Альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг союздаштарын Киев режимине көрсөтүлчү колдоону тездетүүнү өтүнүп, бул процессти "логистиканын жарышы" деп атады. Бирок тездетүү аракети мүмкүнчүлүк менен дал келбей турат. Көрсө, Украинадагы согуштук аракеттер "союздаштардын ири көлөмдөгү ок-дарысы менен арсеналын" "өндүрүштүн темпинен бир нече эсе жогору" ылдамдыкта жок кылып жаткан экен. Курал-жарактын жаңы партиясы алгач 12 айда келет делсе, эми мөөнөт 28 айга жылды. Мындай темп украин армиясы менен НАТО үчүн катастрофа дегенди түшүндүрөт. Коргоо министрлери аскер-өнөр жай потенциалын жогорулатуунун ыкмалары — ок-дары сатып алуу үчүн НАТОнун штаб-квартирасында биргелешкен фонддорду жана жаңы координациялык топ түзүүнү талкуулашууда. Ал эми Россиянын атайын операцияны максатына жеткирүү үчүн жаңы техника, курал-жарак боюнча маселеси жок экенин эскерте кетели.
Ошол эле маалда Брюсселде Украина Куралдуу күчтөрүн каржылаган донор-өлкөлөрдүн тобу тогузунчу ирет жолугуп жатат. "Рамштайн-9" өзүнө 40 мамлекетти камтыйт, өкүлдөр Украинага ар кандай курал берүүнү талкуулашууда. Анда сооттолгон техника артыкчылыктуу болуп турат (буга чейин сегиз өлкө Leopard танкын берүүнү убадалаган), ал эми сокку уруучу авиация тууралуу азырынча сөз жок.
Пентагондун башчысы Ллойд Остин донор мамлекеттердин 11 ай ичинде берген жардамын 50 миллиард долларга баалады. АКШ жакынкы аралыкта Украинага жаңы "пакет" берүүнү пландап жатат, андан кийин "узак мөөнөткө" аскердик колдоо убадалап, Американын Россия менен "акыркы украиналык калганча" согушууга даяр экенин тастыктоодо.
Ак үй Киевге дагы 10 миллиард долларлык түз жардамды бекитүү үчүн Конгресс менен тыгыз иштешип жатат. Анткен менен Вашингтон кол жоолукка айланган режимге "согуштагы татаал учур" тууралуу эскертип, бул мезгилден курал-жарактын келиши көз каранды экенин белгиледи.
Америкалыктар Украинанын Куралдуу күчтөрү даяр эмес экенине, оор жоготууга кептеле турганына карабай Киевди чабуул жасоого жана атайын операция жүргөн жерде "ийгиликке жетишүүгө" мажбурлап жатат. 13-февралдан тарта ыктыярчылар үчүн Артемовск/Бахмутка жол жабылды. Даярдыктар жүрүп жаткан жерден украин армиясы техникасын алып чыгып, аскер кызматкерлери командачылыктын буйругун күтпөй эле ал жерлерден кетишүүдө.
Америкалык истребител F-16 Fighting Falcon. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2023
Американын асманындагы тиреш: NORAD чет планетадагыларды да жокко чыгарбайт

Куру кыялга алданып...

НАТОнун баш катчысы альянс өлкөлөрүн Украинага аскердик техника менен ок-дарыны Россия согуш талаасында үстөмдүк кылып жетишкенге чейин болушунча көп берүүгө чакырды. Бирок россиялык жоокерлер эбак эле үстөмдүк кылып келишет, кагылышуу жүргөн жердин баарында чабуулдук аракеттерди көрүүдө. Буга катар Украина Куралдуу күчтөрү үчүн Артемовск менен Северскиде эки жаңы "от казан" даярдап жатышат. Батыштан келип жаткан курал-жарак менен техника айтылып жаткан билдирүүлөргө дал келбейт, демек, кырдаалды НАТОнун пайдасы үчүн өзгөртүүгө дарамети чектелүү.
Жөнөкөй эле мисал келтирели. Сегиз өлкөнүн (Германия, Польша, Канада, Португалия, Испания, Норвегия, Дания жана Нидерланддар) консорциуму ар кыл модификациядагы "Леопард" танктарынан 200-300дү жеткирүү милдетин алды. Буга кошумча АКШ, Польша, Чехия жана Нидерланддар Т-72 танктарынан 90ду берет. Россиялык аскерлер жыл ичинде 7 859 танк жана башка машинаны, 4090дон ашуун артиллериялык куралды, 3120 учкучсуз аппаратты, залптык оттун реактивдүү системасынын 1010 түзүлүшүн, 400 зениттик ракеталык комплексти жок кылган. Божомол айкын.
Анын үстүнө НАТОнун сооттолгон техникасын даярдыктан өткөн украин экипаждары, механик, тетиктер менен толуктоо зарыл, бул жерде да кыйынчылыктар бар. Польша украиндик танкачыларды Leopard-2ни башкарууну үйрөтүп окутмай болду, бирок бул ийгиликке кепилдик боло албайт. Варшава германиялык тетиктин жетишсиздигине нааразы, бул Leopard танкаларын колдонууга берүүнү кечеңдетүүдө. Германия танк экипаждарын тез эле окуп-үйрөтүп жиберем дештен карманып турат. Австрия нейтралдуу макамын сактап окутуу процессинен баш тартты. Испания, Канада, Швеция менен Финляндиянын так кесе айткан сөзү жок. "Донорлордун" арасында бир пикир жок сыяктуу.
Керек болсо украин чатагынын башкы уюштуруучусу жана идеологу болгон АКШ да Киевге HIMARS залптык от реактивдүү системасы үчүн алыскы аралыкка атылуучу ATACMS ракеталарын берер-бербесин ачык айтпай келет, Пентагондун өзүндө ашып-ташып жаткан ракета жок. Lockheed Martin корпорациясы 20 жыл ичинде ар кыл модификациядагы 4000 ATACMS чыгарган. Перс булуңу менен Ирактагы согушта 600ү колдонулган. Дагы бир бөлүгү Түштүк Корея, Польша, Румыния, Греция, Түркия, Катар жана Бахрейнге сатылган. Чоң чыр чыгып кетсе Пентагон 2000-3000 ATACMS ракетасына таянат. Жаңысын өндүрүү көп убакытты алат, анын үстүнө кымбат. Союздаш мамлекеттерден аны реэкспорттоо кырдаалды курчутуп, АКШ жана НАТО мамлекеттеринде куралдуу кагылыштарды шартташы мүмкүн.
Украинага убадаланган Британиянын 500 чакырымдан алыс учуучу Storm Shadow ракеталары абага көтөрүлө албайт, анткени Лондондун аны көтөрүп жүрө ала турган учагы жок. Жарактан чыккан словакиялык МиГ-29ду берүү да маселе жаратууда. Украина учкучтары каалаган F-16 истребителдери да жакында колго тийчүдөй эмес.
Financial Times Вашингтондогу өзүнүн булактарына таянып АКШ "согуштун создугарына карап" F-16 учактарын бериши мүмкүн экенин жазды. Украин аскерлерин кайра даярдоо бир нече айды, атүгүл жылдарды талап кылышы ыктымал. НАТО учкучтарын, техниктерди, аэродромдорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү да каралып жатат, бирок россиялык Су-35С менен Су-30СМ америкалык F-16дан бир топ артыкчылыгы бар экенин кыстара кетели.
Альянс Чыгыш Европадагы согуштук топторунун санын төрттөн сегизге чейин көбөйттү. Пентагондун европалык базаларында 100 миң америкалык аскер кызматкери бар, анын көбү Россия менен чектешкен мамлекеттерде. Ал эми НАТОнун Европадагы биргелешкен күчүн башкарган генерал Кристофер Каволи азыр альянс Россия менен куралдуу кагылышууга даяр эмес экенин мойнуна алууда. Бул кол жоолукка айланган украин армиясы менен кошо НАТО армиясынын да дарамети солгундап бара жатат деген сөз.
Айтор, "эрежеге негизделген эл аралык тартип" аңга түшүп бараткандай, баса эреже башынан жок эле. Россия ТИМи АКШнын амбициясы Украинаны жок кылганын, мындан аркы абалдын курчушу Европага кооптуулук жаратып, АКШ менен НАТОнун биротоло жок болушун шарттай турганын билдирди.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Россиялык аскер кызматкерлери Сириядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жардам беришип атат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2023
Түркия жана Сириядагы зилзаланын кесепеттерин жоюуга Россиянын көмөгү. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0