Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Европаны аралаган "Киевдин элеси". Батыш Зеленскийдин шагын сындырган шекилдүү

© AP Photo / Olivier MatthysУкраина президенти Владимир Зеленский
Украина президенти Владимир Зеленский  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2023
Жазылуу
Украина президентинин Европага саякаты жыйынтыкталды. Бул жолку сапарында ал Батыштан аскердик учак алууну көздөгөн, бирок максатына жете алган жок.
Зеленскийди союздаштары кантип тосуп алганына, эмнеге өтүнүчү четке кагылганына Михаил Катков, Ренат Абдуллин баам салган. Серепчилердин украиналык президенттин аталган континентке болгон сапары тууралуу макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

АКШнын уруксатынан соң...

Адегенде Лондонго барып, Украина башчысы британиялык премьер-министр Риши Сунак, король Карл III менен жолугуп, парламентте сөз сүйлөдү. Зеленскийдин Улуу Британиянын борборуна келери президенттик борт абага көтөрүлгөндө белгилүү болду. Сапардын күнү тегин жерден тандалган эмес.
Андан мурда эле Жозеф Байден америкалык конгресстеги сөзүндө Киевге "канча зарыл болсо, ошончо көмөктөшүүнү" убада кылган. Кыязы, Ак үйдүн кожоюнунун кеби океан ар жагындагы өнөктөштөргө жашыл жарык болгон көрүнөт. Байдендин артынан Улуу Британиянын премьери Риши Сунак мындан ары да колдоо көрсөтүлөрүнө Зеленскийди ынандырды. Анын айтымында, Лондон "украиналык аскер кызматкерлерин окутуп, истребителдердин учкучтарын даярдоо" жаатында бүт күчүн жумшамакчы.
Өз кезегинде Зеленский бул жолу да "таасирдүү" кадам жасады. Декабрда ал америкалык конгресске Украиналык Куралдуу күчтөрдүн жоокерлеринин кайрылуусу менен украиналык тууну тапшырганы эсиңиздерде чыгар. Ал эми общиналар палатасына "Эркиндигибиз бар, аны коргоп калуу үчүн бизге канат таккыла" деген жазуусу бар авиациялык шлем тартуулады. Желеде бул "белек" ондогон россиялык истребителдерди атып түшүргөн деген уламыштагы учкучка таандык экени тууралуу кеп тараган.
Сунактын канцеляриясынын өкүлү Украинага аскердик учактарды берүү жакын арада пландалбаганын, бирок маселе дагы талкууланарын билдирген. Аткаминердин айтымында, Eurofighter Typhoon жөнөтүү үчүн Италия, Испания жана Германиянын, ал эми F-35 учактарын тапшыруу үчүн Кошмо Штаттардын уруксатынын болушу абзел.
Британ премьери истребителдер менен камсыздоо жөнүндө түз айтпаса да кыйытты. "Украиналык учкучтарды даярдоо НАТОнун стандарттарына төп келе турган заманбап аскердик учактарды айдоого мүмкүндүк берет", — деп баса белгиледи Сунак.

"Өзгөрүлгөн" Макрон

Лондондон Зеленский түз эле Парижге учуп, франциялык үзөңгүлөшү Эммануэль Макрон жана атайын Германиядан келген немец канцлери Олаф Шольц менен кезикти. Европалык эки үлкөн лидер да америкалык жана британиялыктар сымал эле украиналык президентти колдоо уланарына убада кылышты.
"Соңку апталарда коргонуунун жаңы жабдуулары менен камсыздоого кириштик. Бул аракеттерди улантып, Украинанын ыкчам керектөөлөрүн чогуу талкуулайбыз. Биз дайым өнөктөштөр жана союздаштарыбыз менен толук координацияда биргеликте аракет этебиз", — деп билдирди Макрон. Шольц танк тапшыруу жөнүндөгү жакындагы чечиминен кеп салып, алдыда дагы канча зарыл болсо, ошончо берилерине сөз берди.
Зеленский Парижден кыйла шыктанып узады. Le Figaro басылмасына берген маегинде, ал Франция президентинин расмий позициясы түзөлгөнүн белгилеп өткөн. Эске салсак, былтыр жайында эле ал Батыш Россияны басынтууга тырышпай эле койгону оң экенин ачык айткан. Мындай сөзүнөн улам франциялык лидер кескин сынга кабылган.
"Менимче, ал өзгөрүптүр, бул ирет чындап өзгөрүптүр", — деп ыраазы болду Зеленский. Балким, украиналык президент көңүлүндөгүсүн чындык катары көрүп алгандыр. Себеби Украинага аскердик кол кабыш кылып келгенине карабастан, Париж дале жаңжалдын дипломатиялык жол менен чечилишин жактайт.
Германиянын канцлери Олаф Шольц. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Шольц Украина боюнча чечими менен АКШнын көңүлүн суутту

Европа биримдигине карата пландар

Париждеги жолугушуудан кийин Европарламент жана ЕБ саммитине катышуу үчүн Зеленский Макрон менен биргеликте Брюсселге сапар алды. Европалык депутаттардын алдында сүйлөп жатып Украина президенти өлкөнү саясий жактан колдоо маселесин да козгоду.
Зеленский: "Европа биримдиги өз тарыхында биринчи жолу мындай масштабдагы аскердик жардам көрсөтүүдө. Анан да тарыхта алгач ирет биримдик коргонуп жана ошол эле убакта өз институттарын заманга бапташтырып жаткан европалык өлкөнүн ички реформаларына оң баа даярдап жатканына ишенем. Биз Евробиримдикке жакындоодобуз. Украина ЕБге мүчө болот", — деген үмүтүн түк жашырган жок.
Европарламенттин башчысы Роберта Метсола да украиналык президентти кубаттап: "Эми ЕБ өлкөлөрү сиздин өлкөңүздү учак жана узак радиустагы аракет тутумдары менен жабдуу жөнүндө чечимди бачым кабыл алууга тийиш", — деди.

Учак маселеси али арсар бойдон калды

Европа кеңешинин чукул жыйыны менен Зеленскийдин бул чөлкөмгө болгон сапары жыйынтыкталды. Ал Европа биримдигинин лидерлерине ыраазычылыгын билдирип, Киевге куралды дагы көп-көп, анын ичинде истребитель берүүгө үндөдү.
"Көмөктөшүп жаткандардын, Украина ушул тапта бул мүмкүнчүлүктөргө зарылып турганын түшүнгөндөрдүн баарына ыраазымын. Артиллериялык куралдар, алар үчүн дүрмөттөр, заманбап танк, ыраакка ылайыкталган ракеталар, соңку үлгүдөгү авиация керек", — деди украиналык президент.
Анткен менен ошол эле убакта Макрон брюсселдик жолугушуунун алкагында журналисттерге Парижде учактар туурасында сөз болбогонун айтты. Франциялык президенттин пикиринде, узак мөөнөттүү эмес, макулдашылган кадамдарды талкуулоо кыйла маанилүү.
НАТОнун Брюсселдеги штаб-квартирасындагы скульптура - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Украинадан улам НАТОдо курал-жарак тартыштыгы жаралганын билдирди

1991-жылдагы чек аралар

Россия Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун Эл аралык коопсуздук борборунун жетекчиси, РИА мүчө-корреспонденти Алексей Арбатов Украина азырынча учак жаатындагы убадаларга гана марып тим болорун болжойт.
"Европа материалдык себептерден улам Киевге сураганын баарын дароо кармата салбайт. Ошол эле убакта Зеленский өнөктөштөрүн танктарды да айтылгандан эки-үч ай мурда берүүгө көндүрүшү ажеп эмес. Анткени, алардын бир тобу учурда Чыгыш Европада турат", — дейт эксперт.
Анын баамында, Украинага учак берүү – европалыктар үчүн бир топ татаал жана жооптуу операция. Анткени аларды кантип пайдаланып, кайда багыттап жана эмне менен жабдый тургандарын көзөмөлдөө кыйын.
"Заманбап истребителдердин баары бутасын жүздөгөн чакырымдан жок кылууга жөндөмдүү. Киев аларды Россиянын түпкү аймактарындагы буталарга сокку уруу үчүн колдонот деген кооптонуу бар", — деп белгилейт Арбатов. Кандай болгон күндө да эксперт Батыш россиялык күчтөрдүн алдыга жылышын бөгөө үчүн тийиштүү куралдардын баарын Украинага береринен шек санабайт.
Европалыктар украиналыктарга Крымды же Донецк, Луганск эл республикаларынын жерлерин алууга кол кабыш кылары арсар. Арбатов эгер Батыш андай кадамга барса, курмандыктар оголе көп болорун, ал эми өзөктүк согуш коркунучу божомол бойдон калбай турганынан коңгуроо кагат. Ошондой эле анын пикиринде, Россиянын аймагына 1991-жылдагы чек аралар боюнча чабуул коюуга Европа биримдигинин дээрлик бардык мүчө өлкөлөрү каршы чыгары калетсиз.
Европа институтунун Германиялык изилдөөлөр борборунун жетекчиси Владислав Белов ЕБ лидерлери истребитель менен камсыздоодон азырынча караманча баш тартып жатканын белгилейт. Айрыкча, бул Шольцтун мисалында даана байкалат. ФРГнин канцлеринин пикиринде, бул Россия менен НАТОнун ортосундагы согуш тобокелдигине кептейт. "Киевге берилген учактар Польшадан көккө көтөрүлсө, Москва ал жактагы авиабазаларга сокку ура алат", — деп боолголойт Белов.
Ошентсе да бул Украина жана Батыштын алдыңкы өлкөлөрү кирген, Россияга кастарын тиккен альянс немец канцлеринин каршылыгын жеңе албайт дегендик эмес. Акыры Германияда да Киевди куралдандырууну улантууну талап кылган саясий күчтөр бар эмеспи.
АКШ президенти Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШда конгрессмендер Байденден Украинага жардам берүүнү токтотууну талап кылды
Жаңылыктар түрмөгү
0