Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

АКШ Украинадан улам НАТОдо курал-жарак тартыштыгы жаралганын билдирди

© AP Photo / Olivier MatthysНАТОнун Брюсселдеги штаб-квартирасындагы скульптура
НАТОнун Брюсселдеги штаб-квартирасындагы скульптура - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2022
Жазылуу
Ушу тапта Вашингтон союздаштары менен бирге Батыштагы коргонуу компанияларын зарылдык жаралган учурда курал-жарак өндүрүшүн көбөйтүүгө ынандыруу үчүн күч жумшап жатат.
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. НАТО мамлекеттери Украинадагы кырдаалдан улам курал-жарак менен ок-дарынын тартыштыгына кептелди. Бул тууралуу АКШнын аталган уюмдагы туруктуу өкүлү Жуллиан Смит айтканын РИА Новости жазды.
"Украинага коопсуздук жаатында катуу колдоо көрсөткөн Эстония сыяктуу өлкөлөрдө запас түгөнүп жатат. Булар жалгыз эмес, таңсыктык жалпы уюмда байкалууда", — деди ал.
Смиттин айтымында, курал-жарак тартыштыгы Украинанын өзүндө да курч көйгөй. Ушу тапта Вашингтон союздаштары менен бирге Батыштагы коргонуу компанияларын зарылдык жаралган учурда курал-жарак өндүрүшүн көбөйтүүгө ынандыруу үчүн күч жумшап жатат. Ишканаларга келишим узак мөөнөттүү болору тууралуу кепилдик убадаланууда.
Ноябрда The New York Times гезити альянстын өкүлүнө таянып аскерий блоктогу 30 өлкөнүн 20сынын Украинага курал-жарак жөнөтүү мүмкүнчүлүгү калбай калганын жазган. Ал эми Франция, Германия жана Италия сыяктуу он чакты мамлекет жардам көрсөтүүнү улантуу ниетин билдирген.
Бирок декабрда Италиянын коргоо министри Гуидо Крозетто Рим тараптан жыл аягына чейин Киевге жардамдын жаңы пакети болбой турганын билдирди. Ал эми Германия боюнча эксперт Оливер Муди активдүү согуштук аракеттер чыгып кетсе Берлиндин күчү эки күнгө гана жетерин белгилеген.
Россия 24-февралдан бери Украинада атайын операция жүргүзүп келет. АКШ НАТО боюнча өнөктөштөрү менен Киев режимин ондогон миллиард долларга бааланган курал-жарак менен камсыздоодо. Москва өз кезегинде мындай кадам абалды курчутарын, ал эми ок-дары ташыган транспорт РФ армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын эскертип келет.
АКШ менен НАТОнун желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2022
Косово: АКШ менен НАТОнун агрессиясынын уландысы
Жаңылыктар түрмөгү
0