Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

ЖМК: Шольц Украина боюнча чечими менен АКШнын көңүлүн суутту

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүГерманиянын канцлери Олаф Шольц. Архив
Германиянын канцлери Олаф Шольц. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2023
Жазылуу
Өтүп бара жаткан аптада АКШнын расмий өкүлдөрү Олаф Шольц менен сүйлөшкөн. Германия канцлери Украинага танк берер-бербесин ачык айткан эмес.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Германиянын канцлери Олаф Шольц Украинага Leopard 2 танктарын берүүдөн баш тартышы Киевдин аскердик пландарынын ишке ашуусуна кедергисин тийгизет. Бул тууралуу The New York Times гезитине жарыяланган макалада айтылат.
"Украина союздаштарынан алган жардамын жогору баалаганы менен баары бир жетишсиз болуп жатканын жашырбайт. Ушул аптада Улуу Британия Challenger 2 танктарын жөнөтүп жаткандыгын жарыялаганда Украинанын тышкы иштер министри менен коргоо министри биргелешкен билдирүү жасашты. Анда алар Британия өкмөтүнө ыраазычылык айтып, бирок бул аскердик максаттарга жетүүгө жетишсиз экенин кошумчалашты", — деп жазылат маалыматта.
Макалада Америка бийлигинин өкүлдөрү ушул аптада Германия өкмөтү менен сүйлөшүп, андан көңүл сууп кайтканы белгиленген.
"Германия кепти Leopard танктарын жөнөтөрүнөн, бирок техниканы башкалар да жеткириши керектигинен баштаган. Эгерде АКШ дагы "М-1 Абрамс" танктарын жөнөтсө, биз да жөнөтөбүз деди. Бирок АКШ аталган танктарга бензин көп корорун, анда реактивдүү кыймылдаткыч колдонуларын, ал Украинанын шартына туура келбестигин түшүндүрүп, сунуштан баш тарткан", — деп жазды журналисттер.
Авторлор азырынча Германия Украинага Leopard танктарын жөнөтүү боюнча "жок" деп да, "макул" деп да жооп бере электигин айтышууда.
"Берлин азырынча Украинага Leopard 2 танктарын берүүдөн карманып турат. Акыркы күндөрдө Германия канцлерине бул маселе боюнча кысым күчөгөнү да байкалууда. Европа биримдигинин бир нече мамлекетинин башчылары аны оң чечим кабыл алууга үндөп жатышат", — деп жазылган маалыматта.
Россия өткөн жылдын 24-февралында Украинага атайын операциясын баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери киевдик режим тарабынан геноцидге жана мазактоого кабылган элди коргоо" деп атаган. Бирок АКШ менен анын НАТО боюнча союздаштары ошондон бери Киевге 10 миллиарддаган долларлык курал жеткирүүдө. Россия Батыш тараптын Украинаны куралдандыруусу орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликтүү болушуна өбөлгө боло албашын жана мындан негативдүү жыйынтык чыгышы мүмкүн экендигин, Украинага берилген ар бир курал Россия үчүн мыйзамдуу бута болорун айтып келет.
Украинада CAESAR гаубицасынын жанындагы украиналык жоокер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОнун Киевге багытталган жардамы жаңы деңгээлге чыктыбы? Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0