Ата-эненин чектен ашкан камкордугу баланын өмүрүн кыскартабы? Изилдөө

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүБакта сейилдеп жүргөн үй бүлө. Архив
Бакта сейилдеп жүргөн үй бүлө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2023
Жазылуу
Адистер балдар ата-эненин камкордугуна жана колдоосуна муктаж экендигин, бирок өз алдынча болуусун чектөө туура эместигин айтышкан.
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Окумуштуулар ата-эненин чектен ашкан камкордугу баланын өмүрүн кыскартарын илимий негизде билдиргенин Nature басылмасы жазды.
Адистер карылык боюнча Англиянын изилдөөсүнө катышкан 941 кишинин маалыматтарын карап чыгышкан. Бул адамдар 1950-1960-жылдары төрөлүп, 2007-2018-жылдары каза болгон. Алардын үй-бүлөсүнүн курамы, турак жайынын абалы, үй-бүлө башчысынын кесиби, жугуштуу оорулардын болушу, балалык жана өспүрүм курактагы ата-энелер менен болгон мамилеси боюнча маалыматтар талданган. Бул изилдөөдө окумуштууларды өзгөчө ата-энелердин камкордугу жана канатына кантип калкалаганы кызыктырган.
Эң кызыктуусу, атасы ашыкча бөпөлөгөн жана бала кезинде өз алдынча болбой калган эркектер арасында 80 жашка чейин көз жумуу ыктымалдыгы 12 пайызга, бул камкордуктагы аялдар арасында 80 жашка чейин каза табуу кооптуулугу 22 пайызга жогору дешкен. Энесинин колтугунан чыкпаган аялдардын көз жумуу ыктымалдыгы 14 пайызды көрсөткөн. Бала кезинде ата-энесинин бирөөсү менен жашаган эркектердин 80 жашка чейин өлүү ыктымалдуулугу 179 пайызга жогору экендиги аныкталган.
Адистер балдар ата-эненин камкордугуна жана колдоосуна муктаж экендигин, бирок алардын өз алдынча болуусун чектеп, канатына ашыкча эле калкалай берүү туура эместигин айтышкан. Окумуштуулар мындай нерсе (кээде басым да болушу мүмкүн) баланын ата-энесинен коркуп, тартынып, стресске дуушар болушуна жана көп учурда зыяндуу адаттарга ыкташына алып келет дешкен.
Изилдөө жүргүзгөндөр тыштан караганда анча ынанымдуу көрүнбөгөнү менен, мындай нерселер баланын өмүрүнүн кыскарышы менен тыгыз байланышта болорун айтышкан.
Көл жээгиндеги аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2023
Жалгыз бой адамдар кант диабетине көбүрөөк кабылат. Жаңы изилдөө
Жаңылыктар түрмөгү
0