Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украина Куралдуу күчтөрүнүн Артемовскидеги "химиясы". Жазасыз калбасы анык

© AFP / YASUYOSHI CHIBAУкраин аскер кызматкерлери Украинанын Артемовскинин жанында турушат
Украин аскер кызматкерлери Украинанын Артемовскинин жанында турушат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2023
Жазылуу
Киевдик режимдин жана анын НАТОдогу кураторлорунун атайын аскердик операция зонасында россиялык күчтөрдүн арышын токтотууга багытталган аракеттеринен дегеле майнап чыкпайт.
Аймакта Украина Куралдуу күчтөрүнүн согушка жарамдуулугу кескин начарлап, "жаңыдан аскерге тартылгандар" менен да, химиялык куралды колдонуп да жагдайды оңдоп жибере алышпайт деп белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Бул сапар да автор россиялык атайын аскердик операциясынын жүрүшүнөн баян салат.
Анткен менен фронттогу күчтөрдүн балансын өзгөртүү үчүн Украина Куралдуу күчтөрү согуштун тыюу салынган ыкмаларын да пайдаланууга даяр. Донецк эл республикасынын жетекчилигинин өкүлү Ян Гагин кечээ Артемовск жана Соледар багыттарында украиналык аскерлер тарабынан химиялык куралдын пайдаланылганын билдирди.
Радиациялык, химиялык, биологиялык коргоо күчтөрүнүн адистери ууландыруучу заттарды аныкташса, киевдик режимге бул аскердик кылмышы үчүн да жооп берүүгө туура келет. Эгер чындап эле Артемовскиде Украина Куралдуу күчтөрү "химияны" пайдаланган болсо, анда муну айла кеткендеги аргасыз чара болушу ыктымал. Курчоо улам тарып барат, анда мобилизацияланган жоокердин орточо өмүрү төрт саат гана сүрүшү мүмкүн.
Россиялык күчтөрдүн чабуулдук бөлүктөрү жана "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын отряддары Артемовск/Бахмуттун түндүк-чыгыш жана түштүк-чыгыш жака белинде бекемделген кварталдарды касташкандардан тазалай алдыга жылууда. Командачылыктын буйруктарына карабай украиналык жоокерлер өз позицияларын кармап калууга дарманы келбей, Артемовскини таштай качып жатышат.
Мурдараак эле россиялык операциянын 11 айында Украина Куралдуу күчтөрү 257 миң жоокер жана офицерлеринен ажыраганы тууралуу маалымат чыккан. Мындан тышкары, Украинада НАТОнун 2458 аскер кызматкери, анын ичинде Кошмо Штаттардан келген 234 аскердик инструктор көз жумганы да айтылды. Америкалык "гуманитардык ыктыярчылар" деген жомок суу кечпей калды. Күндөн-күнгө натолук калибрдин жаңы стволу пайда болуп, украиналык согуштук аракеттер театрында кезектеги эскалациянын эпкини урат.
Владимир Зеленский жакындагы эле калкына видео аркылуу кайрылуусунда РФ Куралдуу күчтөрү февралдын ортосунда олуттуу чабуулга камданып жатканын кабарлады. Киевдик режим март айына дейре 200 миңден турган күчтү "чыгыш фронтундагы терс көрүнүштөрдү жоюу" үчүн даярдоого белсенип туру. Дүрбөлөңгө алдырып, баарын, тагыраагы, 16 жаштан 65 жашка чейин аскерге тартууда. Мындай ыкма жана коргоо министринин (бийликтин жогорку эшелонундагы жемкорлук жаңжалынан улам) алмашышы украиналыктарга жакшылык алып келбейт.
Катаал жана аскердик чалгындоо каражаттарын талдай билбеген генерал-майор Кирилл Буданов кызматтан кетип жаткан министрге караганда Украина Куралдуу күчтөрүнүн жоготууларына да карабаса керек деген пикирин айтат жарандык жактоочу Алексей Резников. Украина Ички иштер министрлиги жана чет өлкөлүк жалданма командачылыктын алдында "чабуул гвардиясынын" сегиз бригадасын түзүү украиналык армиянын кыйрар алдында алпурушуп жатканын айгинелеп, Киевдин мобилизациялык ресурстарын да түгөтөрүнөн коңгуроо кагат.
Пентагон Киевден резервдерди сактап калууну, жоокерлерди Артемовскинин батышында даярдалган чектерге чыгарып кетүүнү талап кылууда. Бирок "кеңседегилер" көшөрүп, Бахмуттагы айыгышкыс салгылаштагы ажалга Украина Куралдуу күчтөрүнүн он миңдеген солдатын айдоодо.
Америкалык танктар M1A2 SEP Abrams. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын абалын эми аскердик көмөктүн көлөмү да өзгөртө албайт. Сереп
Кыязы Зеленский Донбасста "канаты кайрылып" жаткан украиналык армия укмуштуудай жол менен кол куурчакка айланган мамлекетти куткарып каларына ынанат өңдөнөт. Ошондуктан мыйзамдарды катаалдатып, жүз миңдеген украиналыктардын өмүрүнө кайдыгер кароодо.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн Артемовск/Бахмуттагы офицери Politico басылмасына берген маегинде: "Кээде позицияларыбызды таштап кетүү жеке курамды маңызсыз өлүмдөн сактап калуунун жападан жалгыз жолуна айланууда. Эгер ок-дары жеткирүүгө мүмкүн болбосо, биздин аскердик баалуулугубуз жокко эсе", — деп кейиген.
Россиялык күчтөр мурдагы күнү Славянск калаасынан эки чакырым аралыктагы Николаевка кыштагын бошотту. Бул Украина Куралдуу күчтөрүнүн күчтүү деп саналган Славянск-Краматорск бекемделген району четинен кыйрай баштаганын туюндурат. Мариуполь, Северодонецк, Лисичанск же Артемовск... Мындай география утулуунун маңызына деле таасир эте албайт. Днепрдин сол жээгинде Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү "демилитаризацияланган" соң россиялык күчтөр Украинанын борбор шаарын жана батыш аймактарын тезирээк бошото алат.
Качан чындап баары кызыгында АКШ менен НАТОнун жардамдашуусу да токтойт. Мындайда кыялдарга азгырылуунун кажети жок. Financial Times басылмасы россиялык ири чабуул жакынкы он күн ичинде башталарын маалымдады. Болжол менен Донецк эл республикасынын түштүгү жана Луганск эл республикасынын батыш бөлүгү (Кременная жана Лиман шаарлары) аталууда. Украина жакшыга үмүт артуу менен эң кооптуу кырдаалга камынууда.
Киев контрчабуул аракеттери үчүн НАТОдон жүздөгөн танк, пехота унааларын, истребитель, ошондой эле ири калибрдеги ок-дары менен камсыздоону талап кылып жатат. Батыш жардамынын көлөмү да, логистикасы да Украина Куралдуу күчтөрүнүн мындай өтүнүчтөрүнө төп келбейт. Asia Times НАТО убада кылган оор техникалары келсе да, украиналык армия РФ Куралдуу күчтөрүнө көпкө туруштук бере албайт деген бүтүмгө келген. "Украина алдыдагы алты ай ичинде камылгалуу Россиянын катуу чабуулунан улам толугу менен басылат", — деп жазат аталган басылма.
19FortyFive аналитикалык порталы да мындай пикирди улап: "Батыштын куралдын күчүнө болгон көр ишеними Россия менен НАТОнун ортосундагы түз аскердик тиреш коркунучунун кескин күч алышына кептейт", — деп боолголойт.
Россияны айыптоо менен Батыштын кудуретине "ушундай ишенимде" экенин көптөгөн европалык саясатчылар да өз аракет, сөздөрү менен тастыктап келишет. Мисалы, Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий Украинадагы жаңжалдын айынан Үчүнчү дүйнөлүк согуштун тутанып кетүү ыктымалдыгын деле танбайт.
АКШнын "бөтөнчөлүгүн" даңазалаган жогорку аткаминерлер, ЕБдеги "азаматтар" жана украиналык бийликтин төбөлдөрү көп полярдык дүйнөнүн реалдуулугун кабылдоого даяр эмес. Бирок аскердик жаңжалдардын натыйжасы алар көнгөн сахнада да, батыш маалымат каражаттарынын аянтчаларында да эмес, координаттардын стратегиялык тутумунда чечилет. РФтин Куралдуу күчтөрү украиналык согуштук аракеттер театрында артыкчылыкта экени шексиз. Атайын аскердик операция форматында россиялык ресурстар чексиз. "Кудуреттүү" Кошмо Штаттар менен НАТО соңку жети жыл аралыгында эч бир аскердик жеңишке жете алган эмес. Ошондуктан ортодо садага чаап жаткан украиналык армияны деле жеңишке жетелей турган аракеттерге үйрөтө албасы айдан ачык.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.
Германияда кызматкер газ түтүгүнүн клапанын бурап атат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШдан Украинадагы чатак эмнеге зарыл болгонун айтышты
Жаңылыктар түрмөгү
0