Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинанын абалын эми аскердик көмөктүн көлөмү да өзгөртө албайт. Сереп

© AP Photo / Ahn Young-joonАмерикалык танктар M1A2 SEP Abrams. Архив
Америкалык танктар M1A2 SEP Abrams. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2023
Жазылуу
Атайын операция зонасында россиялык күчтөрдүн артыкчылыгы туруктуу, ал эми Украина Куралдуу күчтөрүнүн абалы кейиштүү. Ошол себептен Вашингтондун НАТО мүчөлөрү жана киевдик режимдин башка "донорлорун" курал менен камсыздоо боюнча макулдашуусу барган сайын кыйындоодо.
Украиналык согуштук аракеттер театрындагы стратегиялык туңгуюк Кошмо Штаттар жана альянска Афганистандан кийинки кезектеги геосаясий жеңилүүгө дуушар кылары турулуу иш. Украина Куралдуу күчтөрүн канчалык көп жабдыса, НАТО ошончолук катуу утулуп, "америкалык өзгөчөлүк" деген кыял кумга сиңип жок болорун белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Оор жоготуулардын ордун толуктоо, "Чыгыш фронттогу" контрчабуулга өтүү үчүн киевдик режим Батыштан НАТОлук стандарттагы кеминде эле 300 танк, 500 пехота машинасын, 200 истребитель талап кылууда. Танк жана пехота машиналары жаатында Вашингтон союздаштары араң дегенде тил табышты. Кеп "Леопард" жана "Челленжер", "Брэдли" менен "Мардерлерде". Ар кыл өлкөлөрдөн Украина Куралдуу күчтөрүнө "агылууда". Бирок жайга чейин Днепрдин жээгинде сакталары арсар.
РФ Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, фронтто Украина Куралдуу күчтөрүнүн ок өткөрбөс техникасынан ай сайын орточо 700дөн бирдик жок кылынды. Анын үчтөн бирин танк түзөт.
Батыш ок өткөрбөс эски техникасын жөнөткөндөн күндө да азыркы кырдаал өзгөрүп кетпейт. Украиналык танкисттер заманбап тактикаларды билишпейт. Теория жана практикасын өздөштүрүү, күчтөрдүн интеграциясы үчүн бир топ жыл керек. АКШ Армиясынын ардагери, аскердик эксперт Дэниел Дэвис маалымат каражаттары аркылуу украиналыктарга: "Abrams же Leopard азыр колуңуздарда турган T72 же T80 танкаларынан эмнени башкача аткара алат?" – деген риторикалык собол жолдоду.
Украиналык согуштук аракеттер театрында НАТОлук истребителдер менен жагдай ого бетер оор. Учкучтар курамын даярдоо, салгылашта колдонуу тактикасы, жайгашкан аэродромдору, техникалык тейлөө жана күйүүчү май логистикасы өңдүү маселелер Украина Куралдуу күчтөрүнө, НАТОго чечилгис бойдон.
Ошол эле учурда Пентагон Украинага F-16ларды жөнөтүүнү өтүнүүдө. Эске салсак, Кошмо Штаттардын Аскер-аба күчтөрүнүн базаларында мындай учактардан 900гө чукул бирдик бар. Истребителдеринен Париж менен Амстердам да бөлүшүп калары ажеп эмес. Россияны кыртышы сүйө бербеген Варшава да өзүнүн F-16 истребителдеринен берүүгө даяр.
Германиянын "темир канцлери" Олаф Шольц адатынча мындай кадамдан карманууда. Бирок истребителдерден бөлүшүү демилгесин коопсуздук боюнча Мюнхень конференциясынын башчысы Кристоф Хойсген катуу колдоп жатканы маалым.
Европарламентте "Россия коркунуч туудурат, ал биротоло жок кылынууга тийиш" деген тейдеги ураандар жаңырууда. Тек гана америкалык президент Жо Байден айтканынан кайтпай, Украинага F-16 истребителин берүүдөн баш тартууда. Эмне үчүн?
АКШдан Украинага жөнөтүлүп жаткан курал-жарак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш куралдарынын Украинага жеткирилиши сүйлөшүүлөргө тоскоолдук жаратууда
АКШнын европалык союздаштары өз өндүрүшүндөгү истребителдердин паркына ээлик кылары ырас, бирок бул таптакыр башка маселе. Америкалыктардын мисалы альянстын авиатехникасын жөнөтүүгө тыюу салууга барабар. Батыштагылар россиялык истребителдер, абадан коргонуу тутуму канча аскердик учак болсо да баарын "жерге түшүрүп" коерун түшүнүп калышты. Он бир ай аралыгында аскердик атайын операция зонасында Украина Куралдуу күчтөрүнүн 380ден ашуун учак жана 200 тик учагы жок кылынды.
Жакында эле Артемовск/Бахмутка барып келген мурдагы башкы прокурор Юрий Луценконун айтымында, Украина Куралдуу күчтөрү үчүн кырдаал кескин начарлап кеткен, "максималдуу мобилизация" болбосо Украинанын абалы кыйын. Бирок аскерге украиналык жарандар көп тартылганы менен деле армиянын сапаты жакшырып кетпейт. Жүз миңдеген жоокер окко учуп, жарадар болгону канча...
АКШ менен НАТОнун реалдуу стратегиясы жок. Батыштагылардын эч бири мындан ары эмне болорун болжой албайт. РФтин дүйнө жүзү боюнча өзөктүк эң чоң арсеналы Түндүк атлантикалык альянска мүчө-мамлекеттер үчүн өтө кооптуу.
АКШ Армиясынын Штаб жетекчилеринин бириккен комитетинин төрагасы Марк Милли жакынкы келечекте Украинанын (демек, Пентагон менен НАТОнун да ) ийгиликтүү аскердик жолун көрбөгөнүн жашырбады.
Россиялык күчтөрдүн жер бетиндеги жана асмандагы артыкчылыгы айныгыс. Киевге 300 чакырымдык аралыкка ылайыкталган ATACMS ракеталары берилген күндө да фронтто күчтөрдүн балансы өзгөрбөйт. Кантсе да РФ – Ирак да, Ливия да эмес.
Украина жаңжалы АКШ менен НАТОнун курал корун түгөтүп бүттү. Таңсыктыкты жоюуга бир нече жыл кетет. Экинчи жагынан гиперүндүү "Кинжал" ракеталык комплекси Беларусь жана Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен учкуч-тактикалык машыгуусуна тартылды.
НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Москва "курал жана ок-дары өндүрүшүн өстүрүп", атайын аскердик операция зонасында РФ күчтөрү жаңы чабуулга камылга көрүп жатканын айтат.
Америкалык "гегемониянын" куру кыялдарынын айынан альянстын Украинадагы аракеттери текке кетип, миллиарддаган доллар, евролору талаага чачылды. Россия менен термоөзөктүк согушка кептей турган кооптуу тирешүү күндөн-күнгө өрчүп барат. Ушундай акыбалга кептегендер дале дүйнөгө кандайдыр бир "эрежелерин" таңуулагысы бар.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Өзү жүрүүчү 2С5 Гиацинт-С үлгүсүндөгү пушка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ күчтөрүнүн атайын операцияда каршылаштардын позициясын жок кылган видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0