Депутат жер мунапысы боюнча мыйзамды аткарууда коррупция жаралганын айтты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2023
Жазылуу
Эл өкүлү жер мунапысы боюнча жаралган коррупцияны бийлик чече албаса УКМКга кайрылууга туура келерин айтты.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Жер амнистиясы боюнча кабыл алынган мыйзам иштебей жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев кезектеги пленардык жыйында билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, жер-жерлерде ишиңди бүтүрүп берем деп элден акча алгандар көбөйдү. Түлөбаев министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, көйгөйдү чечүүнү өтүндү.
"Алмасбек Акунжанович, жер-жерлерде жер амнистиясы боюнча мыйзам иштебей жатат. Ишиңди бүтүрүп берем деп акча алгандар көбөйдү. Айыл өкмөтү баш болуп акча алып, элди дүрбөтүүдө. Мэрлерге, акимдерге так тапшырма бериңиздер. Болбосо УКМКга кайрылалы, алдап, жеп жаткандардын жазасын берсин", — деди Түлөбаев.
Жогорку Кеңештин кэчээки жыйынында дагы жер маселесине байланыштуу көйгөй көтөрүлдү. Анда депутат Султанбай Айжигитов Баткенде чек ара аймагында жашагандардын айрымдарынын жерге "кызыл китеби" жок болгондуктан улуттук коопсуздукка коркунуч жаралып жатканын белгилеген. Мунун кесепетинен тургундар каттоого тура албай, жөлөк пул ала албай, санариптештирүү токтоп калган. Мындан тышкары, Кыргызстан жараны жерге мыйзамдуу түрдө ээ болбогондуктан коңшу өлкөнүн атуулдары талашып кирип алууга себеп болуп жатканы белгиленген.
"Кызыл китеп" жасатууга көпчүлүктүн акчасы жок, болсо дагы бюрократия күч алган", — деп билдирген депутат Айжигитов.
Эске салсак, 2021-жылдын соңунда Садыр Жапаров 2022-жылдын 1-апрелинен тарта Кыргызстанда 25 миң гектар жер трансформация болорун билдирген.
2022-жылдын 1-апрелинде жер мунапысы деп аталган мыйзам кабыл алынган. Ал эми 31-майда жобо бекитилип, анда президенттин тапшырмасын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын функциялары менен механизмдери жазылган.
Ал эми айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков 2022-жылдын ноябрь айында жер трансформациясы оңой иш эмес экенин айтып, бирок жылдын соңуна чейин же 2023-жылдын башында толугу менен чечилип бүтөрүн убадалаган.
Акча берип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2023
Кыргызстанда коррупцияга белчесинен баткан бийликтин сегиз органы. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0