Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Жер амнистиясы. Министр кызыл китеп качан берилип бүтөрүн айтты

© Sputnik / Акылбек БатырбековЖаңы конуш. Архивдик сүрөт
Жаңы конуш. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2022
Жазылуу
Министр мынча көп документти тез эле жасап бере калуу оңой эмес экенин белгилеген.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Жер амнистиясынын алкагында дээрлик 29 гектар жер трансформацияланды. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстан агенттигинде өтүп жаткан брифингде билдирди.
© Sputnik / Жоомарт УраимовАйыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков
Министр сельского хозяйства КР Аскарбек Джаныбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2022
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков
Буга чейин мамлекет башчы апрель айына чейин Чүй жана Ош облустарында 25 миң гектар жер мыйзамдаштырыларын айткан. Июнда Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери сентябрь-октябрь айларында кызыл китеп берилип каларын маалымдашкан. Журналист бул иштер кайсы стадияга келип калганын сурады.
Министр жер амнистиясы боюнча мыйзамга кол 1-майда коюлганын эске салды.
"28,9 миң гектар жер трансформация болуп, 146 миң үй-бүлө үчүн кызыл китептерди жасап, берүү процесси башталган. Бул иш бардык райондо жүрүп жатат. Эл кызыл китеп алып жатканын ЖМК өкүлдөрү да көрдү. Бул бир күндө бүтө калчу жумуш эмес, график менен иштеп жатабыз. 2023-жылдын башына чейин же балким ушул жылдын аягына чейин эле бул маселе чечилип калат. Бирок мындай көп документти тез эле жасап бере калуу оңой эмес", — деген министр.
Ал пайдубалы салынып же үйлөр курулуп калган жерлерге документ берилип жатканын кошумчалаган.
Бишкектин четиндега жаңы конуш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2022
Басып алынган жерлер кантип мыйзамдаштырылууда? Адистер менен маек
Жаңылыктар түрмөгү
0