Бухгалтерликти окуп, кинону эңсеген. Нуртай Борбиевдин небереси менен маек

© Sputnik / Александр ФедоровКРдин эл артисти, белгилүү кинооператор Нуртай Борбиев. Архив
КРдин эл артисти, белгилүү кинооператор Нуртай Борбиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2023
Жазылуу
КРдин эл артисти, белгилүү кинооператор Нуртай Борбиев чыгармачылык жолунда "Ак илбирстин тукуму", "Сүйүү закымдары", "Мурас" өңдүү мыкты тасмаларды камерага түшүргөн.
Ата мекендик кинематографияга өмүрүн арнап, "кыргыз кереметинин" жаралуусуна опол тоодой салым кошкон инсандын көзү тирүү болгондо быйыл 86 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Нуртай Борбиевди ээрчип өскөн небереси Нурлан Бейшемкулов менен маек куруп, залкар талантты эскерди.
© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуНурлан Бейшемкулов Нуртай Борбиевдин инисинин уулу. Бирок дайым жанында жүрүп өскөндүктөн чоң ата менен небере болуп калышкан.
Внук Народного артиста КР, кинооператора Нуртая Борбиева  Нурлан Бейшемкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2023
Нурлан Бейшемкулов Нуртай Борбиевдин инисинин уулу. Бирок дайым жанында жүрүп өскөндүктөн чоң ата менен небере болуп калышкан.
— Сөзүбүздү таланттуу кинооператордун балалыгынан баштайлы. Кандай үй-бүлөдөн чыккан?
— Нуртай Борбиев менин өз атамдын агасы болгондуктан анын колунда чоңойгом. Ал да мени небересиндей көрүп, мен аны чоң ата деп өскөм. Нуртай ата азыркы Бишкектин Кызыл-Аскер районунда жарык дүйнөгө келген. Кезинде ал колхоз эле. Балалыгы согуш жылдарына туш келгендиктен ал жылдардагы оор турмушту көп деле кеп кылчу эмес. 40-жылдары борбор калаадагы №5 мектепте окуган, күн сайын Орто-Сайдан жөө келип кетчү экен. Окуучулук кезинде эле киного кызыгып, жайкы каникулда фотоаппарат алууга аракет кылып, ар кайсы жерде иштеп акча чогултулкан, бирок тыйыны жетпей калчу экен. Атасы Кызыл-Аскер, Орто-Сай, Аламүдүн айылдарында башкарма болуп, уулунун киночу эмес, бухгалтер болуусун каалаптыр. Ошондон улам атасынын сөзүн эки кылбай Айыл чарба техникумунда бухгалтердин окуусун бүтүргөн, бирок адистиги боюнча иштеген жок.
— Кинематографияны көөдөнү эңсеген бухгалтер жигит кантип тармакка аралашкан экен?
— Киного кызыгуусу күч чоң атам "Кыргызфильмге" өзү келип, бир жылдай оператордун жардамчысы болуп ишке алынып, тартуучу топтун курамына кирген. "Советтик Кыргызстан" киножурналынын бир топ чыгарылыштарын камерага түшүрүп, Изя Герштейндин шакирти болгон. 1963-жылдан баштап өз алдында даректүү тасмаларды тарта баштап, андан соң Ошко жөнөтүлүп, ошол жактан болочоктогу келинчеги Света апа менен таанышып, баш кошушкан.
© Sputnik / Александр ФедоровНуртай Борбиев Төлөмүш Океевдин "Сүйүү закымдары" тасмасын тартуу учурунда
Съемки фильма Миражи любви Толомуша Океева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2023
Нуртай Борбиев Төлөмүш Океевдин "Сүйүү закымдары" тасмасын тартуу учурунда
— Биз билгенден Нуртай ата кооптуу кадрларды мыкты тарткан операторлордун бири эле.
— Чоң атамдын ал эмгектерин көрбөй калдым, бирок далай эле сөзүн уктум. Ал операторлук, режиссерлукту жогорку окуу жайдан окубай эле бул тармактагы кесиптештеринин арасынан өз ордун таба алган. Эмгектерин чет элдик операторлор дагы мыкты баалаган. 1979-жылы Минск шаарында өткөн Бүткүл союздук кинофестивалда оперторлук иши үчүн сыйлык утуп алыптыр. Башка республикалардан келген киночулар "каяктан билим алгансыз, устатыңыз ким" деп сурашкан экен. Ошондо Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун бир профессору "аны сурабай үйрөнгүлө" деген экен. Нуртай атам бухгалтердик диплому менен эле киного аралашып, калганын иш жүзүндө үйрөнгөн. Кийин жашы өтүп калганда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство институтунун режиссерлук бөлүмүн аяктаган.
Чындыгында чоң атам кооптуу, экстремалдуу кадрларды мыкты тарткан операторлордун бири эле. Мисалы, Төлөмүш Океевдин "Ак илбирстин тукуму" тасмасын камерага түшүргөн да. Кинокартина бийик тоолуу аймакта, кыштын кыраан чилдесинде тартылган. Киночулар иштеген аянтчага күн үч-төрт саат эле тийип, калган убакта күн тоонун ары жагына өтүп кетчү экен. Тасма тарткан топ керектүү бир нече мүнөттүк эпизодду тартуу үчүн суукта суткалап күтүшчү экен. Андан сырткары, ал тасмада кар көчкү жүргөн эпизод бар. Ошону чоң атам сууга кирип тартып, бутуна суук тийгизип ооруканага да жатып калыптыр. Кийин анын азабын узак убакыт чегип жүрдү. Ал эмгек 35тей мамлекеттин көрүүчүлөрүнө сунушталып, Берлинде "Күмүш аюу", Дамаск шаарында "Күмүш кылыч" сыйлыгын, Минск шаарындагы Бүткүл союздук фестивалда баш байгени алган. Мага да чоң атам оператор болгон "Ак илбирстин тукуму", "Сүйүү закымдары" тасмалары абдан жагат.
© Sputnik / Александр ФедоровАтайын билим албастан эле Нуртай Борбиев мыкты оператор жана мыкты актер экенин тастыктаган. "Көчө" тасмасы, Жалинин ролунда
Известный кинорежиссер, оператор Нуртай Борбиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2023
Атайын билим албастан эле Нуртай Борбиев мыкты оператор жана мыкты актер экенин тастыктаган. "Көчө" тасмасы, Жалинин ролунда
— Операторлуктан сырткары актер, режиссер болгонун билебиз.
— Ооба. Кинодо алгачкы ролун "Саманчынын жолунда" аткарган. Кийин Геннадий Базаровдун "Көчө" тасмасында тиш доктур Жалини ойногон. Актерлук билими жок болгонуна карабай мыкты аткарган.
— Төбөсү көрүнүп калган инсандар шакирт ээрчитип, аларга тажрыйбасы менен бөлүшөт, жакшы санаалаш досторду күтөт. Кинематографисттерден кимдер менен ынак мамиледе эле?
— Чоң атамдын үйүнөн киши үзүлчү эмес, дайым конок болор эле, квартиранын эшиги да илинчү эмес. Кичинекей кезде мен барып калганда тааныбаган кишилерди көп көрчүмүн. Кийин эстесем, алар: Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев, Дооронбек Садырбаев, Манасбек Мусаев экен. Алар менен өз убагында тыгыз иштешип бир катар эмгектерди жаратты. Мен да чоң атам менен "Кыргызфильмге" көп барып, ошол жакта ойноп өстүм.
— Кыргыз эл артисти үйдө кандай ата болгон?
— Жашоодо аябай жөнөкөй, боорукер, баласаак эле. Көчөдө адам жардам сураса көйнөгүн чечип бергенге да даяр болчу. Ачуусу келсе адамдын көңүлүн оорутпай айтчу, бирок бетке сүйлөчү. Жашоосу кино болгондуктан үйгө түндө эле келчү. Командировкага кетсе эки-үч айлап жок болчу. Иш сапарларынан кур кол кайтчу эмес. Бирөөнү жумшаганды жамак көрчү. Дайым кыймылда болуп, 76 жашка чейин автоунааны өзү айдап жүрдү. Үйгө меймандар келгенде кызматын кылып, обон созуп ырдап калчу.
© Sputnik / Табылды КадырбековНуртай Борбиев 2019-жылы 8-июнда узакка созулган оорудан улам 82 жашында көз жумган
Дом кино им. Ч.Айтматова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2023
Нуртай Борбиев 2019-жылы 8-июнда узакка созулган оорудан улам 82 жашында көз жумган
— Союз тараганда маданият тармагы, анын ичинде кинематография да каралбай калды. Ошол маалда эмне менен алектенди?
— Борбор калаада түрк ишкерлер менен "Пери" деген ресторан ачып иштетип жүрдү. Логвиненко көчөсүндөгү Киночулар үйүнүн маңдайына да ашкана ачкан. Чоң атам тамакты жакшы жасагандыктан келгендерге өзү ашпоз болчу. Андан сырткары, Воронцовкада мал багып, жер иштетип, ишкерлик менен да алектенди. Облустарды кыдырып боз үйлөрдү жасатып, кыргыздын боз үйүн чет өлкөгө алып чыгып саткан учурлары да болгон.
90-жылдары чоң атам колдон келишинче чыгармачылык менен алектенгенге аракет кылып, "Азиат", "Маңкурт", "Түшүмдө көрдүм" тасмаларынын оператору болуп чет элдик киночулар менен тыгыз кызматташты. Коңшу республикалардан чакыруулар да болуп турчу. Ошондой эле "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын уюштуруу иштерине жигердүү катышты. Бишкектеги "Манас" айылына боз үйлөрдү тиктирип, аскердик кийим-кече, курал-жарак жасаткан. 1994-жылы "Манас 1000" кинофильмин көрүүчүлөргө сунуштаган.
— Өмүрүн акыркы жылдары кандай өттү?
— Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство институтунда сабак берип иштеп жүрдү. 2012-жылы "Президент жана бомж" тасмасынын көркөм жетекчиси болуп, 2014-жылы эң акыркы "Тагдыр" кинофильмин тартты. Ал кинокартинада поезд зымырап жүрүп, күн чыгып келе жаткан эпизод бар. Киночу ошону көрүп алып ыйлаган. Бул узак убакыт тасма тартпай жүрүп жараткан эмгеги үчүн сүйүнүчтүн көз жашы эле. Ал үчүн "Ак илбирс" улуттук сыйлыгын алган. Өмүрүнүн акыркы эки жылы төшөккө жатып калды. Катуу жыгылып, өз алдынча басып-тура албай калып көптөгөн пландар өзгөрүп кетти. Биз ошол маалда 80 жылдык юбилейине да даярданып жүргөнбүз. Чоң атам да замандаш, кесиптештеримдин баарын чогултуп 80 жашымды жакындарым менен белгилесем деп кыялданып калчу. Төшөккө жатып калганда ар кайсыны ойлоп жатып инсульт болду, кант диабети да кыйнап койду. Жалгыз кызы Асел — медик. Ал алгач апасын, кийин чоң атамды төшөктө жатып калганда карап жүрдү. Ошентип 2019-жылы 8-июнда узакка созулган оорудан улам чоң атам 82 жашында көз жумду.
Кыргыз эл артисти, III даражадагы Манас орденинин ээси Табылды Актанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2023
Тыныбек манасчынын эл билбеген өнөрү, касиети. Небереси Табылды Актанов менен маек
Жаңылыктар түрмөгү
0