00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ажылыктын талаптары кандай өзгөрдү — ажылыкка 6060 кыргызстандык барат
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Кто управляет вашим домом: как работают ТСЖ и что меняет новый законопроект КР
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы жана "Өчпөс полк" жүрүшү
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кто переписывает историю и зачем: разговор с историком Эсеном Усубалиевым
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Кыргызстандын туристтик рыногуна таасирин тийгизеби?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ОСАГО мыйзамын жылдырууну дагы эки депутат сунуштады. Келтирилген жүйөлөр

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОСАГО полиси. Архив
ОСАГО полиси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2023
Жазылуу
1-апрелге чейин айдоочулар камсыздандыруу полисин алышы керек. Дал ушул айдан тарта айып пул каралган.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин дагы эки депутаты автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) тууралуу мыйзамдын аткарылышын жылдырууну сунуштады.
Парламенттин жыйынында эл өкүлү Дастан Бекешев камсыздандыруу керек экенин, бирок 1-апрелге чейин айдоочулардын баары аны алууга жетишпей турганын эскертти.
"1-апрелге чейин жетишүү үчүн күнүнө жок эле дегенде 10 миң автоунааны каттоо керек. Бул 10 миң айдоочу. Компаниялар мындайга даяр эмес. Кийинки жылдын жай же күз айларына жылдырсак кандай болот? Убакыт керек, анын үстүнө апрелден тарта айып пул болот. Министрлер кабинети азыр канча киши камсыздандыруу полисин алып жатканы тууралуу маалымат берсин. Күнүнө 10-15 миң машина каттоодон өтүп жатканынан күмөнүм бар", — деди Бекешев.
Кесиптешин депутат Нуржигит Кадырбеков да колдоду. Ал камсыздандыруучу компаниялардын бардык айдоочуларга полис берүү үчүн техникалык шарты жок экенин белгиледи. Эл өкүлүнүн айтымында, нааразычылык митингдер менен коштолушу мүмкүн.
"Айтып коюш оңой. Бирок ага жетишүү мүмкүн эмес. Анын үстүнө дароо эле бериле калбайт, паспорт, айдоочулук күбөлүк, техпаспорт талап кылынат. Кызыгы — зарылдык жаралган учурда унаа ээсинен ишеним кат талап кылып жатышат. Бирөө Россияда, дагы бирөө оору дегендей. Полисти интернеттен алууга болбойт. Нааразычылыктар, митингдер башталат. Жылдырыш керек, мындан шылуундар да пайдаланып кетиши мүмкүн. Натыйжада кырсык болгон учурда төлөм алуу кыйындайт, керек болсо күнөөлүү болуп чыгышы ыктымал. Же жылдырыш керек, же камсыздандыруу ыктыярдуу болушу зарыл", — деди Кадырбеков.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган мыйзамдын мөөнөтүн жылдырууну депутат Тазабек Икрамов да сунуштаган.
1-апрелден тарта камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга 3 000 сом өлчөмүндө айып пул салынат.
ОСАГО полиси боюнча суроо көппү? Видеодон жооп аласыз - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2023
ОСАГО полиси боюнча суроо көппү? Видеодон жооп аласыз
Жаңылыктар түрмөгү
0