Ичип алып автоунаа айдаган 13,7 миң киши кармалган. Милициянын жыл жыйынтыгы

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкек шаарынын патрулдук милициясынын кызматкери. Архив
Бишкек шаарынын патрулдук милициясынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2023
Жазылуу
Жол кайгуул кызматы Кыргызстандагы эң көп катталган жол эрежесин бузуулар тууралуу айтып берди.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Өткөн жылы жол инспекторлору ичип алып рулга отурган 13 734 айдоочуну аныкташканын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалымат кызматы билдирди.
ЖКККББда 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ыкчам кеңешме болуп, анда жол кырсыгын алдын алуу боюнча чаралар талкууланган.
Жалпысынан 2022-жылы инспекторлор жол эрежесин бузуу боюнча 861 378 протокол түзгөн. Ал эми мамлекеттик бюджетке 506 миллион сомдон ашык каражат чогултулган.
Эң көп катталган жол эрежесин бузуулардын рейтинги:
транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу – 301 173 учур;
коопсуздук курун тагынбастан айдоо — 270 121;
көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашкандыгы үчүн — 144 710;
башка жол эрежелерин бузуу — 76 450;
жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежесин бузуу – 40 531;
ичип алып автоунаа айдоо  — 13 734;
транспорт каражаттарын тиешелүү документтери жок айдоо — 12 397;
автоунаалардын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 1952;
автобейбаштык — 310.
Мындан тышкары, 61 659 автотранспорт ар кандай жол эрежесин бузгандыгы учун айып короосуна коюлган.
ОСАГО полиси боюнча суроо көппү? Видеодон жооп аласыз - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2023
ОСАГО полиси боюнча суроо көппү? Видеодон жооп аласыз
Жаңылыктар түрмөгү
0