Кыргызстанга жеңил автоунаанын импорту кескин өстү. Өлкөлөрдүн тизмеси

© Sputnik / Михаил Киреев / Медиабанкка өтүүУнаа токтоочу жайда Hyundai Solaris унаалары. Архив
Унаа токтоочу жайда Hyundai Solaris унаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2023
Жазылуу
Статкомдун маалыматы боюнча, өткөн жылы Кытайдан автокөлүк импорту 20 эсеге жогорулаган.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Улуттук статистика комитети өткөн жылдын 11 айы ичинде Кыргызстанга 33 893 автоунаа импорттолгонун билдирди.
Жеңил унаалар 40тан ашык өлкөдөн алып келинген. Эң көбү төмөнкү мамлекеттерден импорттолгон:
Түштүк Корея — 7 342;
Грузия — 6 560;
Россия — 6 383;
АКШ — 4 605;
Япония — 2 751;
Литва — 1 991;
Кытай — 1 301.
2021-жылдын ушул эле мезгилинде автоунаа 3 эсе аз келген.
Кыргызстанга кирген унаалардын басымдуу бөлүгү Грузия менен Кореядан алынган. Аталган өлкөлөрдөн импорт 4 эсеге, АКШдан 4,6 эсеге, Кытайдан 18,6 эсеге өскөн. Россиядан келген автоунаалардын үлүшү дээрлик өскөн жок, болгону 1500 унаага көп алып келинген.
Улуттук статкомитеттин ташылган автоунаалар боюнча маалыматы (2018-жылдан берки):
2018 — 3 835;
2019 — 18 527;
2020 — 25 629;
2021 — 13 116;
2022 (январь–ноябрь) — 33 893.
Автоунаалар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2022
Быйыл сырттан эң көп автоунаа алып келинген. Акыркы жылдарга саресеп
Жаңылыктар түрмөгү
0