Быйыл сырттан эң көп автоунаа алып келинген. Акыркы жылдарга саресеп

© AFP / MARK RALSTONАвтоунаалар. Архивдик сүрөт
Автоунаалар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2022
Жазылуу
2021-жылы быйылкыга салыштырмалуу үч эсе аз автоунаа импорттолгон.
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан тарта сентябрга чейин Кыргызстанга 25,7 миң жеңил автоунаа алып келинип, акыркы жылдарга салыштырмалуу рекорд жаратты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Кайсы мамлекеттерден көп ташылган:
Грузия — 6 420;
Россия — 4 864;
Түштүк Корея — 4 777;
АКШ — 3 353;
Япония — 1 807;
Литва — 1 249.
Ал эми өткөн жылдын тогуз айында өлкөгө 8,6 миң автоунаа импорттолгон (быйылкыдан үч эсе аз).
Соңку жылдардын статистикасы:
2018 — 3 835;
2019 — 18 527;
2020 — 25 629;
2021 — 13 116;
2022 (январь–сентябрь) — 25 728.
Оң рулдуу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2022
Курултайда жаштар оң рулдуу унааларды алып келүүгө уруксат берүүнү суранды
Жаңылыктар түрмөгү
0