Баланын өлүмүнөн улам беш дарыгердин кармалышы. Милиция чоо-жайын айтты

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүОорукана. Архивдик сүрөт
Оорукана. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2023
Жазылуу
Буга чейин дарыгерлерди колдоп медицина кызматкерлери президент Садыр Жапаровго кайрылышкан. Алар каза болгон баланын жакындары жогорку кызматтагы адамдар экендигин айтып, коркутуулар болгонун белгилешкен.
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык Ленин райондук ички иштер башкармалыгы баланын өлүмүнө байланыштуу беш дарыгердин кармалышынын чоо-жайын айтты.
Буга чейин Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун жана шаардык балдар ооруканасынын дарыгерлери кармалгандыгы айтылган.
Соттон маалымдашкандай, беш дарыгерге №1 тергөө абагында калтыруу боюнча баш коргоо чарасы тандалган, дагы бир дарыгер үй камагына чыгарылган.
Кармалган медицина кызматкерлерине КР Кылмыш жана жаза кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгү ("Медициналык же фармацевтикалык кызматкерлердин профессионалдык милдетин талаптагыдай эмес аткаруусу") менен айып тагылган.
Ленин РИИБдин маалыматына караганда, 2022-жылдын 14-ноябрында 102 кызматына шаардык өлүкканадан баланын сөөгү түшкөнүн маалымдашкан. Буга байланыштуу тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
"Бейтап бала 13-ноябрда саат 7:00дөр чамасында ичи ооруп шаардагы ооруканалардын бирине түшкөн. Саат 12:30да аны башка оорукананын реанимация бөлүмүнө которушкан, бирок бала ал жактан эсине келбей каза болгон", — деп жазылат маалыматта.
Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр шектелип кармалышкан:
М. Ж. — 1962-жылы туулган;
И. Р. — 1955-жылы туулган;
К. Б. — 1994-жылы туулган;
Э. А. — 1990-жылы туулган;
М. К. — 1981-жылы туулган;
А. Г. — 1995-жылы туулган.
Эске салсак, бул боюнча медицина кызматкерлери жана Кыргызстандын профсоюзу президент Садыр Жапаровго кайрылышкан. Алар беш дарыгерге колдоо көрсөтүп, каза болгон баланын туугандары жогорку кызматтагы адамдар экендигин айтып, алар ак халатчандарды "түрмөгө киргизебиз", "дипломдоруңарды жарактан чыгартабыз" деп коркутушканын айтышкан.
Жогоруда сөз болгон 146-беренеде төмөндөгүдөй деп айтылган:
1-бөлүк — оорулууга медициналык жардам көрсөтүүгө милдеттүү жана ага мүмкүнчүлүгү бар болгон медициналык кызматкердин жүйөсүз себеби жок туруп жардам көрсөтпөй коюусу, ошого тете медицина же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин жеңил ойлуулук, болбосо этибарга албоонун айынан аткарбоосу же талаптагыдай эмес аткаруусу этиятсыздыктан олуттуу залал келтирсе, 20дан 30 миң сомго чейин айып салуу же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен жазаланат.
2-бөлүк — ошол эле себептер аркылуу байкабастыктан оор залал келтирсе эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.
Медиктер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2023
Тергөө абагындагы беш дарыгер — медицина коому Садыр Жапаровго кайрылды
Жаңылыктар түрмөгү
0