Тергөө абагындагы беш дарыгер — медицина коому Садыр Жапаровго кайрылды

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшМедиктер. Архивдик сүрөт
Медиктер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2023
Жазылуу
Кайрылууда дарыгерлер кырдаалды президент менен талкуулай алабыз деген ишенимин билдиришкен.
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Кыргызстандын медицина коомчулугу жана медициналык кесиптер бирлиги президент Садыр Жапаровго беш дарыгердин кармалышы боюнча кайрылуу жолдошту. Кайрылууну көз карандысыз медициналык кесиптер бирлигинин жетекчиси Бермет Барыктабасова жарыялады.
Буга чейин балдардын беш дарыгерине карата №1 тергөө абагына камакка алуу баш коргоо чарасы тандалганы белгилүү болгон. ЖМКларда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жана Шаардык балдар ооруканасынын дарыгерлеринин кармалышы боюнча маалымат тараган.
Дарыгерлер Жапаровго инаугурациялык сөзүндө адам укуктары сакталган, өнүккөн Кыргызстан тууралуу кыялданарын айтканын эске салышты. Кайрылууда бүгүнкү күндө көбү кесибин таштап өлкөдөн кетүүгө шашып жатышканын, анткени Кыргызстанда дарыгер болуу ар-намыска, эркиндикке жана жашоого кооптуу болуп баратканы айтылган.
"Беш балдар дарыгери бардык профилактикалык иш-чаралар бузулган түрдө, киши өлтүргүч катары камакка алынган. Бул Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу күнөөсү далилденбей туруп жасалып жаткан иш. Тагыраагы, каза болгон баланын жакындары жогорку кызматтагы адамдар. Дарыгерлерге түз эле "түрмөдө чиришерин", "дипломдорун тартып алышарын" айтышкан. Болгон окуяны объективдүү териштирүү эмес, күйүттү кандыруу үчүн өч алуу сезими болуп жаткандай. Бул кайгыны бардык дарыгерлер тең бөлүшөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Өлкөдө эгемендүүлүк жылдарынан бери балдар арасындагы өлүмдүн саны үч эсеге азайгандыгы айтылган. Кармалган дарыгерлер бөбөктөрдүн өмүрүн сактоодо көп жылдык тажрыйбасы бар экендиги кошумчаланган.
"Алар күнү-түнү иштеп, миллиондогон балдардын өмүрүн сактап, өлкөнүн эң алдыңкы ооруканаларында иштешет. Дарыгерлер соолуп бараткан өмүрлөрдү жүз пайыз сактап кала албайт. Медицина кызматкерлеринин ресурстары кескин чектелүү. Кырдаал жогорку коррупциялык иштерден жана саламаттыкты сактоонун ресурстарынын сарпталышынан ого бетер начарлап баратат", — деп жазышкан дарыгерлер.
Алар Жапаровду медицина кызматкерлерин негизсиз куугунтуктоого жана жумушунан алагды кылууга жол бербөөгө чакырышты. Дарыгерлер кырдаалды президент менен талкуулай алабыз деген үмүтүн билдиришкен.
Кишен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2023
Бишкекте беш дарыгер тергөө абагына киргизилди
Жаңылыктар түрмөгү
0