Бишкекте беш дарыгер тергөө абагына киргизилди

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүКишен. Архивдик сүрөт
Кишен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2023
Жазылуу
Беш медицина кызматкери №1 тергөө абагына киргизилип, дагы бирөө үй камагына чыгарылды. Ленин райондук соту тергөөнүн өтүнүчтөрүн канааттандырган.
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык соту балдар дарыгери болуп иштеген беш медикке карата баш коргоо чарасын карап, №1 тергөө абагына алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу шаардык соттон маалымдашты.
Эске салсак, буга чейин ЖМКларда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жана Балдардын шаардык ооруканасынын дарыгерлери кармалганы тууралуу маалымат тараган. Соттон пресс-релизде кеп аталган оорукананын кызматкерлери тууралуу болуп жаткандыгын тастыкташты.
Маалым болгондой, 30-декабрда Ленин райондук сотунун чечими менен тергөөчүлөрдүн өтүнүчтөрү канааттандырылган. Алар М.К.Б., Э.А.А., А.Г.Э., К.Б.Б., М.Ж.М. атуу кызматкерлер экени кабарланды. Медиктерге карата Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине (№1 тергөө абагы) камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.
"И. Р. О.га карата дагы Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрүнүн өтүнүчү менен үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Жогорудагы медицина кызматкерлеринин бардыгына Кылмыш-жаза кодексинин 146-берененин 2-бөлүгүндө каралган кылмышты жасаган деген айып тагылган ("Медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы")", — деп айтылат маалыматта.
Азырынча эмне иш боюнча экени так билдириле элек.
Жогоруда сөз болгон 146-беренеде төмөндөгүдөй деп айтылган:
1-бөлүк — оорулууга медициналык жардам көрсөтүүгө милдеттүү жана ага мүмкүнчүлүгү бар болгон медициналык кызматкердин жүйөсүз себеби жок туруп жардам көрсөтпөй коюусу, ошого тете медицина же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин жеңил ойлуулуктук же этибарга албоонун айынан аткарбоосу же талаптагыдай эмес аткаруусу этиятсыздыктан олуттуу залал келтирсе, 20дан 30 миң сомго чейин айып салуу же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен жазаланат.
2-бөлүк — ошол эле себептер аркылуу байкабастыктан оор залал келтирсе эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Бишкектеги оорукананын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2022
Жаңы жылдык майрам күндөрү бейтапканалар кандай иштейт? График, телефондор
Жаңылыктар түрмөгү
0