Тиштен кийин тилди да тазалаңыз. Тиш дарыгерден кеңеш

© Фото / Pexels/ Karolina GrabowskaТиш тазалоо. Иллюстративдүү сүрөт
Тиш тазалоо. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2022
Жазылуу
Стоматолог тишти кантип туура жууш керектигин эске салып, аны тазалоого үч мүнөттөн кем эмес убакыт бөлүү зарылдыгын белгиледи.
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Тиштин аралары таза болушу үчүн тиш жиптерин колдонуу кажет. Бул тууралуу кыргызстандык дарыгер-стоматолог Зульфия Сушанло айтып берди.
Анда Сушанло тишти паста менен жуугандан мурун анын араларына такалып калган заттарды жип менен чыгаруу керектигин айтат.
Сушанло тиштин аралыктарын тазалоодо кылдат болууга, тиштин алдындагы этти оорутуп албоого чакырган. Жипти бармак жана сөөмөй менен кармап алдыга-артка түрткүлөө менен анын арасында такалып калган азыктарды чыгарып салып, андан кийин тишти суу менен чайкоо керектигин түшүндүргөн.
"Щеткага тиш пастасын алган соң азуулар тараптан тиштин сырткы бөлүгүнөн баштайсыз. Бүйлөдөн ылдый тишти каратып, адегенде үстүңкү тиштердин асты жагын  тазалайсыз. Андан соң арт жагын да бүйлөдөн тишти көздөй тазалоо туура. Тиштин ылдыйкы бөлүгүн тазалаганда да эттен өйдө каратып тазалоо туура. Аягында азуулардын бириккен жерлерин жууйсуз. Жалпысынан тиш тазалоо үч мүнөткө чейин созулат. Тиш жууганда кайсы бир бөлүктү калтырып коюуну адатка айлантпоо зарыл", — деди дарыгер.
Анын айтымында, тиш менен кошо тилди тазалоо да маанилүү. Щетканын артында атайын тилге ылайыкталган бүртүкчөлөр бар. Тилдин баш жагынан тартып эрин тарапка көздөй тазалоо туура болот.
"Эгерде щеткада андай бүртүкчөлөр жок болсо атайын тил тазалоочу "кашыкчалар" бар, аны сатып алса болот. Тилди тазалоодо күчкө салбай аяр кыймылдоо керек", — деди Сушанло.
Тиш дарыгери тишти жууп жатканда щетканы эч качан горизонталдуу колдонбоону эскертти. Мындай ыкма тиштин араларында жаракаларды пайда кылат. Ал щетканы тегеретип жаткандай кыймыл менен жууган туура экендигин кошумчалады.
Кыз электрондук тамеки чегип жатып телефонду карап отурат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2022
Окумуштуулар электрондук чылым тишти чиритерин айтышты
Жаңылыктар түрмөгү
0