Советбек Жумадыловдун уулу: атам 90-жылдары нан ташып иштеди

© Фото / из семейного архива ЖумадыловыхКыргыз Республикасынын эл артисти, театр жана кино жылдызы Советбек Жумадылов балдары менен. Архив
Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр жана кино жылдызы Советбек Жумадылов балдары менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2022
Жазылуу
Быйыл Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр жана кино жылдызы Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгы белгиленип, жогорку деңгээлде бир катар иш-чаралар уюштурулду.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы залкар талантты эскерип, анын уулу Марат Жумадыловдон маек алды. Ал сахна чеберинин балалыгы, жеке турмушу, чыгармачылыгындагы кызыктуу окуяларды айтып берди.
— Атаңыздын өспүрүм кези согуш жылдарына туш келген экен. Ал кишинин балалыгы кандай өткөн?
— Атам Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Арал айылында жарык дүйнөгө келген. Чоң атам Жумадыл Чодонов 1916-жылдагы окуяларда жакындары менен Кашкарга качып, 1918-жылы кайра кайтып келген. Ал киши Караколдо мектепте сабак берип, латынча, арабча, орусча билген өтө билимдүү адам болуптур. Айылда мугалим болуп, кийин айыл өкмөттө иштеген экен. Андан соң Ысык-Көлдө Ички иштер элдик комиссариатынын начальниги болуп иштеп жүрүп, 1937-жылы репрессияга кабылып дайынсыз болуп кеткен. Анда атам алты жашта экен. Ошол бойдон чоң атамдын өлүү-тирүүсү билинбей калган. Кийин Москва, Санкт-Петербург шаарына чейин барып маалымат ала албай койгонбуз. Чоң энем бир уул, бир кыз менен көчүп-конуп, Ысык-Көлдүн Жыргалаң, Тепке айылдарында, Каракол шаарында жашап жүрүп чоңойтуптур. Алардын артынан да куугунтук жүрөбү деп тынчсызданган өңдөнөт. 70-жылдарга чейин Ысык-Көлдүн кайсы айылынан болорун да айтышчу эмес экен, бир уруудагы тууган-туушкандарын да издеген эмес.
© Sputnik / Мирбек СакеновКыргыз Республикасынын эл артисти Советбек Жумадыловдын уулусу Марат Жумадылов
Сын народного артиста КР Советбека Жумадылова Марат Жумадылов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2022
Кыргыз Республикасынын эл артисти Советбек Жумадыловдын уулусу Марат Жумадылов
— Ошондон улам Советбек Жумадылов ата жолун улайм деп Караколдогу педагогикалык училищеге тапшырып, мугалимдикти тандаган болобу?
— Ооба. 7-классты аяктаганда мугалим болом деп Каракол шаарындагы педагогикалык окуу жайга тапшырган. Аны бүткөндөн кийин мамлекеттик кызматка барып чоң болом деп чоң энеме айткан экен. Ал киши атаңан айрылганым аз келгенсип, сени да жоготомбу, репрессия болгон адамдын баласын ким жогорулатмак эле деп болбой коюптур. Ошол жылы педагогикалык окуу жайга атайын комиссия келип таланттуу балдарды тандап, атам да алардын сынагынан өтүп кеткен экен. Арасында кийин театр режиссёру болгон Жалил Абдыкадыров да бар болчу. Ошентип Ташкент шаарындагы Островский атындагы мамлекеттик театр өнөрү институтуна окуп, ошол жактан апам менен табышкан.
— Жогорку билим алып келгенден кийин атаңызга суроо-талап жогору эле болсо керек. Спектакль койгону гастролго көп чыкчу беле?
— Чынын айтканда, атамды үйдө деле оңгулуктуу көрчү эмеспиз. Себеби театрдан кечинде чыгып алып радиого көркөм окуганы, дубляжга жөнөчү. Ошондон улам кесиптештери "Жумадылов — дубляждын королу" дешчү. Анткени ката кетирбей сапаттуу, уккулуктуу кылып окучу экен. Ал жактан түн ортосунда келип кайра эртең менен эрте жумушка жөнөчү. Бош болуп калганда бизге көңүл бурбай эле бир нерсе окуп, жаттап отурчу. Жайкысын эле каникулга тараган маалда кинофильмдерге тартылганы кеткенде ала кетчү. Ал жактан деле балдар менен ойноп күндөр өттү. Атам биздин апабыздан Азат, Канат жана мени менен үч уулдуу болгон. Апам Ташкентте ооруп калып, Фрунзеде 1974-жылы кургак учуктан каза тапты. Атам ошондо үч бала менен калган. Биз чоң эненин, таякелердин тарбиясын алып өстүк. Ал кезде атамдын чыгармачылыгы да оргуштап турган маал эле. Эки жылдан кийин атам кайра үйлөнүп, Эдил, Элнура аттуу уул-кыздуу болгон.
© Фото / из семейного архива Жумадыловых

Атамды үйдө деле оңгулуктуу көрчү эмеспиз. Себеби театрдан кечинде чыгып алып радиого көркөм окуганы, дубляжга жөнөчү. Ошондон улам кесиптештери "Жумадылов — дубляждын королу" дешчү

Атамды үйдө деле оңгулуктуу көрчү эмеспиз. Себеби театрдан кечинде чыгып алып радиого көркөм окуганы, дубляжга жөнөчү. Ошондон улам кесиптештери "Жумадылов — дубляждын королу" дешчү - Sputnik Кыргызстан
1/3

Атамды үйдө деле оңгулуктуу көрчү эмеспиз. Себеби театрдан кечинде чыгып алып радиого көркөм окуганы, дубляжга жөнөчү. Ошондон улам кесиптештери "Жумадылов — дубляждын королу" дешчү

© Фото / из семейного архива Жумадыловых

Бош болуп калганда бизге көңүл бурбай эле бир нерсе окуп, жаттап отурчу

Бош болуп калганда бизге көңүл бурбай эле бир нерсе окуп, жаттап отурчу - Sputnik Кыргызстан
2/3

Бош болуп калганда бизге көңүл бурбай эле бир нерсе окуп, жаттап отурчу

© Фото / из семейного архива Жумадыловых

Бизди такыр урушчу эмес. Башкача карап койчу, шак эле түшүнчүбүз. Өмүрүндө бирөө менен талашып-тартышып, ызылдашканын көргөн жокмун

Бизди такыр урушчу эмес. Башкача карап койчу, шак эле түшүнчүбүз. Өмүрүндө бирөө менен талашып-тартышып, ызылдашканын көргөн жокмун - Sputnik Кыргызстан
3/3

Бизди такыр урушчу эмес. Башкача карап койчу, шак эле түшүнчүбүз. Өмүрүндө бирөө менен талашып-тартышып, ызылдашканын көргөн жокмун

1/3

Атамды үйдө деле оңгулуктуу көрчү эмеспиз. Себеби театрдан кечинде чыгып алып радиого көркөм окуганы, дубляжга жөнөчү. Ошондон улам кесиптештери "Жумадылов — дубляждын королу" дешчү

2/3

Бош болуп калганда бизге көңүл бурбай эле бир нерсе окуп, жаттап отурчу

3/3

Бизди такыр урушчу эмес. Башкача карап койчу, шак эле түшүнчүбүз. Өмүрүндө бирөө менен талашып-тартышып, ызылдашканын көргөн жокмун

— Актёр кыргыздын бир топ кинорежиссёрлору менен иштешип, далай тасмаларда роль аткарганын калайык калк жакшы билет. Атаңыздын жакын санаалаштары ким болгон, актёрду башка республикадагы киночулардан өз эмгектерине көп чакырышчу беле?
— Театрда Болот Бейшеналиев, Чоро Думанаев, Жамал Сейдакматова, Асылбек Өзүбеков, Жаныш Кулманбетов менен жакшы мамиледе эле. Башында театрда иштеп сахнага көнүп калыптыр, кийин киного аралашканда кичине кыйналды. Алгач "Токтогул", "Салтанат", "Жоро" фильмдерине тартылды. Атам Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров, Мелис Убукеев, Дооронбек Садырбаев, Альгимантас Видугирис, Тынай Ибрагимовдун көп кинокартиналарына тартылды. Кээде режиссёрлор аны талашып да калган учурлары болчу. Андан сырткары, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Башкыртстан, Япониянын киночуларынан көптөгөн чакыруулар болгон, айрымдарынын эмгектерине катышты.
— Спектакль, кинофильмдерде ар кандай мыкты образдарды жараткан актёр үйдө кандай ата эле?
— Бизди такыр урушчу эмес. Башкача карап койчу, шак эле түшүнчүбүз. Өмүрүндө бирөө менен талашып-тартышып, ызылдашканын көргөн жокмун. Кээде ал кишиге үйдө, айлана-чөйрөсүндө болуп жаткан окуя, абал деле кызык эмес болчу. Бир жолу үйдөн дүкөнгө нан алып келгени кетип жок. Биз издеп чыксак бар-дарактары арбын көчөдө өзүнүн блокнотун окуп кетип сыртка эмнеге чыкканын унутуп калыптыр. Ал киши чарбалык иштерге такыр башын оорутчу эмес. Анан атам жөө басканды жакшы көрчү. Театрдан машинасын айдап чыгып азыркы Логвиненко менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишине жакын жердеги гаражга унаасын токтотуп коюп, Ибраимов менен Бөкөнбаевдин кесилишиндеги үйгө жөө келчү. Күндө ошентип жумушка барып келип жүрдү.
© Sputnik / Мирбек СакеновМарат Жумадылов: театрда Болот Бейшеналиев, Чоро Думанаев, Жамал Сейдакматова, Асылбек Өзүбеков, Жаныш Кулманбетов менен жакшы мамиледе эле
Сын народного артиста КР Советбека Жумадылова Марат Жумадылов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2022
Марат Жумадылов: театрда Болот Бейшеналиев, Чоро Думанаев, Жамал Сейдакматова, Асылбек Өзүбеков, Жаныш Кулманбетов менен жакшы мамиледе эле
— Союз тараган 90-жылдары Кыргызстандагы көпчүлүк тармак каралбай калбадыбы. Ошол жылдары эмне менен алектенип калды?
— Ал кезде атам Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси болчу. Театрда иштегендер "акча качан бересиңер, айлыкты качан алабыз?" деп көп кайрылат да. Атам "Жигулиси" менен борбор калаада нан ташып да иштеп калды. Анда маданият кызматкерлери курсак тойгузуунун айласын издеп соода-сатыкка чейин киришпедиби. 90-жылдары коңшу казакстандык киночулар атамды көп тасмасына чакырып, ал жакка барып тартылып келип жүрдү.
© Фото / из семейного архива Жумадыловых

Алгач "Токтогул", "Салтанат", "Жоро" фильмдерине тартылды

Алгач "Токтогул", "Салтанат", "Жоро" фильмдерине тартылды - Sputnik Кыргызстан
1/2

Алгач "Токтогул", "Салтанат", "Жоро" фильмдерине тартылды

© Фото / из семейного архива Жумадыловых

Атам Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров, Мелис Убукеев, Дооронбек Садырбаев, Альгимантас Видугирис, Тынай Ибрагимовдун көп кинокартиналарына тартылды

Атам Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров, Мелис Убукеев, Дооронбек Садырбаев, Альгимантас Видугирис, Тынай Ибрагимовдун көп кинокартиналарына тартылды - Sputnik Кыргызстан
2/2

Атам Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров, Мелис Убукеев, Дооронбек Садырбаев, Альгимантас Видугирис, Тынай Ибрагимовдун көп кинокартиналарына тартылды

1/2

Алгач "Токтогул", "Салтанат", "Жоро" фильмдерине тартылды

2/2

Атам Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров, Мелис Убукеев, Дооронбек Садырбаев, Альгимантас Видугирис, Тынай Ибрагимовдун көп кинокартиналарына тартылды

— Актёрдун өмүрүнүн акыркы жылдары кандай өттү?
— 1996-жылы чоң энем, 1998-жылы аялы кайтыш болуп калды. Жакын адамдарын биринин артынан бирин жоготуп катуу кыйналды. Ал киши ичиндеги сезимдерин, ой-толгоолорун эч кимге айтпай, ичинен эле кайнай берчү. Ошол дагы ден соолугун начарлатты окшойт. Ага чейин да атам бир-эки жолу инсульт алган. Жумуш жок бош жүрүп, 2001-жылы 69 жашында көз жумду.
Тема боюнча:
Токтосун Тыныбековдун кызы Клара: атамдын кадыр-баркын турмушка чыккан соң билдим
Асанбек Стамовдун уулу Эсентур: атамдын фамилиясы мен үчүн брендге айланды
Саясий ишмер Арстанбек Дүйшеевдин уулу: атам Оштон кетип жатканда эл ыйлап узаткан
Жалгыздык көкөйүнө тийген окшойт. Актер Мукамбет Токтобаевди эскерген маек
Абдылас Малдыбаевдин уулу Болот ата: фронттон көп композиторду атам алып калган
Жаңылыктар түрмөгү
0