Абдылас Малдыбаевдин уулу Болот ата: фронттон көп композиторду атам алып калган
Абдылас Малдыбаевдин уулу Болот ата: фронттон көп композиторду атам алып калган
Sputnik Кыргызстан
Атактуу композитор Абдылас Малдыбаев кыргыз профессионалдык музыкасынын башында туруп далай опера, симфонияларды тартуулады. Бир топ шакирт тарбиялап... 03.07.2022, Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы залкар таланттын артында калган мурасын, эмгегин эскерип, анын 88 жаштагы уулу Болот Малдыбаев менен маек курду.— Алгач Абдылас атанын балалыгы, туулуп-өскөн айылы, ата-энеси жөнүндө кеп кылалы. Ал киши кантип музыкага ыктап калган?— Чоң атам Малдыбай өзгөчө адам болгон. Аны айылдаштары жаш кезинде эле "жел таман Малдыбай" деп коюшчу экен. Жаны тынчы эмес дешет. Өзү жашаган Кемин районундагы Кара-Булак айылынан азыркы Токмок шаарына келип жалданып иштеп, ошол жерден дыйканчылык, багбанчылыктын сырларын өздөштүрүп, айылга келип өз алдынча кетиптир. Аны кийин "кыргыздын Мичурини" деп да калышыптыр. Там аркасында алма, өрүктөн баштап бүт өсүмдүктөр өскөндүктөн кара-булактыктардын көбү суктанчу. Ал эми атам кичинекей кезинде өзү курактуулар менен тоодо козу кайтарып жүргөндө, талаада өскөн коко тикенди кесип алып, чоор жасап ойноп калчу экен. Атам көзү тирүү кезинде "талантым апаман өткөн" дечү. Чоң энебиз чоң кошокчу болгон. Айылдаштары аны кошок кошкону көп жерге чакырып турган. Аны ээрчип жүрүп атам музыкага, обон чыгарууга жакын болуп өскөн. Белгилүү опера ырчысы Кайыргүл Сартбаеванын атасы Сартбай да биздин айылдагы үнү сонун ырчы болгон делет. Байкуш ал киши сууга чөгүп эрте өтүп кетти. Ошол кишинин таланты кызына, мага энемден өткөн деп калчу. — Абдылас ата коңшу Казакстандын Алматы шаарына жөө жеткени азыркыга чейин айтылып келет. Ошол жылдарды кеңири айта кетсеңиз?— Биздин Кара-Булак айылынын жанындагы тоону ашса эле Алматы шаарына туш келет. Азыркыга чейин ал жерде бир аяк эски жол бар. Атам ошону менен кетип, эки-үч жайлоодон ылдый түшүп шаарга жеткен экен. Ал жактан педагогикалык техникумда бир нече ай билим алган. Ошол маалда Фрунзе шаарында да ошондой эле окуу жай ачылып, бул жакка которулган экен. Анан так ошол жерде таланты ачыла баштаган. Атам окуп жүргөн кезинде эле студенттерден куралган "Кыз бурак", "Кызыл атчандар" деген хорлорду түзүп, өзүнүн чыгармаларын аткарткан. Жогору жактагылар талантын байкап, окуусун бүткөндө музыкалык техникумга директор кылып жумушка чакырышкан. Ал техникум азыркы Чыңгыз Айтматовдун ысымын алып жүргөн Орус драма театрынын жанындагы эки кабаттуу имаратта экен. Атам ал жылдары кыргыздын таланттуу аткаруучу, ырчы, төкмө акын, манасчыларын чогултуп музыкалык драмаларды ойното баштаган. Техникумда чогуу окуган жазуучу Касымалы Жантөшевдин чыгармаларын музыкалык жактан шөкөттөп элге сунуштап, кийин Жусуп Турусбековдун "Ажал ордунда" драмасын сахнага алып чыккан.— Ошол жылдары Москвадан келген композиторлор Владимир Власов, Владимир Фере менен Абдылас Малдыбаев тыгыз иштешип, "Айчүрөк" операсын даярдаганын билебиз. Эмгек 1939-жылы СССРдин борборунда өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун биринчи декадасында көрсөтүлгөн. Булардын жолу кантип биригип калган экен?— Атамдын айтымына караганда, Владимир Фере жугумдуу, карапайым киши болсо, Владимир Власов кичине бой көтөргөн адам болгон экен. Власов менен Фере Кыргызстанга келгенде кыргыз музыкасын жакшы билген адамды издешкен. Атам өзүнүн тенор үнү менен обон созуп, музыканы жакшы түшүнгөн. Ошентип алар кызматташып, биринчи кыргыз операсы "Айчүрөктү" үчөө жазган. Анын мелодиялык негизин атам өзү түзүп чыккан. Анан, албетте, элдик чыгармаларды да кошкон. Ал опера 1939-жылы Москвадагы биринчи декадада көрсөтүлүп, "Ажал ордуна", "Алтын кыз" музыкалык драмасы да сунушталган. Атам ошол жактан 33 жашында СССРдин эл артисти наамын алган, көп өтпөй СССРдин Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган. Мамлекет ага Фрунзенин Эркиндик бульварынан бир батир, Москванын Горький көчөсүнөн үч бөлмөлүү бир батир белек кылган. Ал кезде ошентип көтөрмөлөп колдоо кылышчу. Кийин композитор Таштан Эрматов менен атамдын чыгармачылыгы жөнүндө сөз кылып калсак, өз убагында Фере менен Власов "Абдылас — кыргыз мелодиясынын булагы" деп айтып калышчу дегени эсимде. Сырттан келген композиторлор "бизге мындай обон керек" десе эле атам чыгарып бере калчу экен.— Атаңыз СССРдин эл артисти болуп, республикадагы Композиторлор союзун жетектеп, 1940-жылы Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясына тапшырган. Абдылас ата согуш жылдары эмне менен алектенген?— Ооба, Улуу Ата Мекендик согуш башталганда окуусун токтотуп, кайра аны 1946-жылы уланткан. Атам улуттук студия бөлүмүндө окуган. Ал жерге бардык союздук республикалардан таланттуу балдар-кыздар чогулган. Согуш башталганда атам башка кыргыз жигиттери сыяктуу фронтко барам деп комиссариатка барып арыз жазган. Бирок өкмөттөгүлөр "жоокерлерин духун көтөрүү үчүн сен бул жакта көбүрөөк керексиң" деп жибербей коюшкан. Ошол кезде "Манас" операсын жазуу пландалып жүргөн делет. Атам көптөгөн композиторлорду фронтко кетирбей алып калган. Ошол маалда жазуучулардын көбү кетип калып, айрымдары кан майдандан кайтпай калган. Атам кесиптештери менен 40-жылдары легендарлуу Панфилов дивизиясына арналган "Патриоттор" деген опера жазган. Бирок театрдагылар анын партитурасын жоготуп коюшуптур. Мындан улам азыр аны эч ким кое албайт.— Кыргыз адабияты, маданиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн уул-кыздары залкарлар бири-бири менен жакшы мамиледе болушкан деп айтып калышат. Сиз деле ошол таланттуу инсандардын батасын алып, колдоруна суу куюп калсаңыз керек?— Ооба. Атамдын эң жакшы көргөн кишиси композитор, музыка таануучу Виктор Виноградов эле. Экөө жакшы мамиледе болуп, Викторду Бектур деп чакырып калчу. Кыргызстанга келгенде мейманканага жатпай биздикине келчү. Атам Осмонкул Бөлөбалаев, Алымкул Үсөнбаев, Атай Огонбаев, Муса Баетов, манасчы Саякбай Каралаев менен да жылуу мамиледе эле. Алар мени менен учурашып, чекемен өөп, таттуусун карматып батасын беришчү. Хирургдардын арасынан Иса Ахунбаев, Зыфар Игембердиев эң жакын досторунан болгон. Жазуучулардан: Аалы Токомбаев, Жусуп Турусбеков, Касымалы Жантөшев, Касымалы Баялинов, Кусеин Карасаев менен катышчу. Кээде атам үйдөгү кол жазмасын мага берип "Жусуптун аялына машинкага жаздырып келчи" дечү. Мен чуркап барып тердирип, кайра келип калчумун. Алардын көбү азыркы Эркиндик бульварында жашачу. Үйдө той-топур болгондо келип-кетип турушчу. Айылдан келген койду ваннада союп калчубуз. Биздин үйдө композитор Акмат Аманбаев менен Бүбүсара Бейшеналиева баш кошуп, үйлөнүү тою ушул жактан өткөн. Согуш убагында блокададагы Ленинграддан келген пианист биздин үйдө жашап калган. Андан биздин пианино черткенди үйрөнгөн жайыбыз да бар.— Абдылас Малдыбаев үйдө кандай ата эле?— Атам аябай тың киши болчу. Айылдан келген иниси Абылкасымга баш-көз болду, аны үйлөнтүп-жайланткан. Бизди музыкага, чыгармачылыкка жакын өстүрдү. Бир жолу мага "Самолет, самолет, кайда учуп барасың? Канатыңа сала кет, командирдин баласын" деген ырга обон чыгарып кел деп берип койду. Мен анда музыкалык мектепте окуп жүргөндүктөн эртеси обон чыгарып, аткарып бергем. Мени мактап "буюрса чоң композитор өсүп келе жаткан турбайбы" деп көтөрмөлөгөн. Үйдө төрт бир тууганбыз, үчөөбүз музыка менен кеттик. Абылхай деген агам гана куруучу болду. Аны кичинекей кезинде Москвадан келген комиссия балетте бийлейт деп сынактан өткөрүп, Ленинград шаарына алып кетишкен. Мүнөзү кичине оор болгондуктан окуу жайдан качып чыгып, Ленинграддан бери поездден поездге отуруп үйгө келип алган. Атам талапты катуу койчу. Ал окуядан кийин бул баламдан музыкант чыкпайт деген. Ата-энебиз баарыбызга татыктуу тарбия, билим берип өстүрдү. Атамдын көзү 75 жашында көрбөй калып, эки жылдан кийин кайтыш болгон.Чыгармачылыктан сырткары коомдук иштерге да жигердүү катышып бир нече чакырылыштын депутаты болуп шайланган, Кыргызстандын Композиторлор союзун 30 жылдай жетектеп Насыр Давлесов, Калый Молдобасанов, Таштан Эрматов өңдүү таланттуу композиторлорду тарбиялады. Татыктуу, өрнөктүү жашап өттү.
Атактуу композитор Абдылас Малдыбаев кыргыз профессионалдык музыкасынын башында туруп далай опера, симфонияларды тартуулады. Бир топ шакирт тарбиялап, республиканын Композиторлор союзун 30 жылдай жетектеген.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы залкар таланттын артында калган мурасын, эмгегин эскерип, анын 88 жаштагы уулу Болот Малдыбаев менен маек курду.
— Алгач Абдылас атанын балалыгы, туулуп-өскөн айылы, ата-энеси жөнүндө кеп кылалы. Ал киши кантип музыкага ыктап калган?
— Чоң атам Малдыбай өзгөчө адам болгон. Аны айылдаштары жаш кезинде эле "жел таман Малдыбай" деп коюшчу экен. Жаны тынчы эмес дешет. Өзү жашаган Кемин районундагы Кара-Булак айылынан азыркы Токмок шаарына келип жалданып иштеп, ошол жерден дыйканчылык, багбанчылыктын сырларын өздөштүрүп, айылга келип өз алдынча кетиптир. Аны кийин "кыргыздын Мичурини" деп да калышыптыр. Там аркасында алма, өрүктөн баштап бүт өсүмдүктөр өскөндүктөн кара-булактыктардын көбү суктанчу. Ал эми атам кичинекей кезинде өзү курактуулар менен тоодо козу кайтарып жүргөндө, талаада өскөн коко тикенди кесип алып, чоор жасап ойноп калчу экен. Атам көзү тирүү кезинде "талантым апаман өткөн" дечү. Чоң энебиз чоң кошокчу болгон. Айылдаштары аны кошок кошкону көп жерге чакырып турган. Аны ээрчип жүрүп атам музыкага, обон чыгарууга жакын болуп өскөн. Белгилүү опера ырчысы Кайыргүл Сартбаеванын атасы Сартбай да биздин айылдагы үнү сонун ырчы болгон делет. Байкуш ал киши сууга чөгүп эрте өтүп кетти. Ошол кишинин таланты кызына, мага энемден өткөн деп калчу.
— Абдылас ата коңшу Казакстандын Алматы шаарына жөө жеткени азыркыга чейин айтылып келет. Ошол жылдарды кеңири айта кетсеңиз?
— Биздин Кара-Булак айылынын жанындагы тоону ашса эле Алматы шаарына туш келет. Азыркыга чейин ал жерде бир аяк эски жол бар. Атам ошону менен кетип, эки-үч жайлоодон ылдый түшүп шаарга жеткен экен. Ал жактан педагогикалык техникумда бир нече ай билим алган. Ошол маалда Фрунзе шаарында да ошондой эле окуу жай ачылып, бул жакка которулган экен. Анан так ошол жерде таланты ачыла баштаган. Атам окуп жүргөн кезинде эле студенттерден куралган "Кыз бурак", "Кызыл атчандар" деген хорлорду түзүп, өзүнүн чыгармаларын аткарткан. Жогору жактагылар талантын байкап, окуусун бүткөндө музыкалык техникумга директор кылып жумушка чакырышкан. Ал техникум азыркы Чыңгыз Айтматовдун ысымын алып жүргөн Орус драма театрынын жанындагы эки кабаттуу имаратта экен. Атам ал жылдары кыргыздын таланттуу аткаруучу, ырчы, төкмө акын, манасчыларын чогултуп музыкалык драмаларды ойното баштаган. Техникумда чогуу окуган жазуучу Касымалы Жантөшевдин чыгармаларын музыкалык жактан шөкөттөп элге сунуштап, кийин Жусуп Турусбековдун "Ажал ордунда" драмасын сахнага алып чыккан.
Абдыласа Малдыбаевдин баласы Болот Малдыбаев: Чоң атамды айылдаштары "жел таман Малдыбай" деп коюшчу экен. Жаны тынчы эмес дешет. Өзү жашаган Кеминдеги Кара-Булактан Токмокко жалданып келип, дыйканчылык, багбанчылыктын сырларын өздөштүрүп кетиптир.
— Ошол жылдары Москвадан келген композиторлор Владимир Власов, Владимир Фере менен Абдылас Малдыбаев тыгыз иштешип, "Айчүрөк" операсын даярдаганын билебиз. Эмгек 1939-жылы СССРдин борборунда өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун биринчи декадасында көрсөтүлгөн. Булардын жолу кантип биригип калган экен?
— Атамдын айтымына караганда, Владимир Фере жугумдуу, карапайым киши болсо, Владимир Власов кичине бой көтөргөн адам болгон экен. Власов менен Фере Кыргызстанга келгенде кыргыз музыкасын жакшы билген адамды издешкен. Атам өзүнүн тенор үнү менен обон созуп, музыканы жакшы түшүнгөн. Ошентип алар кызматташып, биринчи кыргыз операсы "Айчүрөктү" үчөө жазган. Анын мелодиялык негизин атам өзү түзүп чыккан. Анан, албетте, элдик чыгармаларды да кошкон. Ал опера 1939-жылы Москвадагы биринчи декадада көрсөтүлүп, "Ажал ордуна", "Алтын кыз" музыкалык драмасы да сунушталган. Атам ошол жактан 33 жашында СССРдин эл артисти наамын алган, көп өтпөй СССРдин Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган. Мамлекет ага Фрунзенин Эркиндик бульварынан бир батир, Москванын Горький көчөсүнөн үч бөлмөлүү бир батир белек кылган. Ал кезде ошентип көтөрмөлөп колдоо кылышчу. Кийин композитор Таштан Эрматов менен атамдын чыгармачылыгы жөнүндө сөз кылып калсак, өз убагында Фере менен Власов "Абдылас — кыргыз мелодиясынын булагы" деп айтып калышчу дегени эсимде. Сырттан келген композиторлор "бизге мындай обон керек" десе эле атам чыгарып бере калчу экен.
Композитор Абдылас Малдыбаев маданит ишмерлери менен
— Атаңыз СССРдин эл артисти болуп, республикадагы Композиторлор союзун жетектеп, 1940-жылы Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясына тапшырган. Абдылас ата согуш жылдары эмне менен алектенген?
— Ооба, Улуу Ата Мекендик согуш башталганда окуусун токтотуп, кайра аны 1946-жылы уланткан. Атам улуттук студия бөлүмүндө окуган. Ал жерге бардык союздук республикалардан таланттуу балдар-кыздар чогулган. Согуш башталганда атам башка кыргыз жигиттери сыяктуу фронтко барам деп комиссариатка барып арыз жазган. Бирок өкмөттөгүлөр "жоокерлерин духун көтөрүү үчүн сен бул жакта көбүрөөк керексиң" деп жибербей коюшкан. Ошол кезде "Манас" операсын жазуу пландалып жүргөн делет. Атам көптөгөн композиторлорду фронтко кетирбей алып калган. Ошол маалда жазуучулардын көбү кетип калып, айрымдары кан майдандан кайтпай калган. Атам кесиптештери менен 40-жылдары легендарлуу Панфилов дивизиясына арналган "Патриоттор" деген опера жазган. Бирок театрдагылар анын партитурасын жоготуп коюшуптур. Мындан улам азыр аны эч ким кое албайт.
— Кыргыз адабияты, маданиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн уул-кыздары залкарлар бири-бири менен жакшы мамиледе болушкан деп айтып калышат. Сиз деле ошол таланттуу инсандардын батасын алып, колдоруна суу куюп калсаңыз керек?
— Ооба. Атамдын эң жакшы көргөн кишиси композитор, музыка таануучу Виктор Виноградов эле. Экөө жакшы мамиледе болуп, Викторду Бектур деп чакырып калчу. Кыргызстанга келгенде мейманканага жатпай биздикине келчү. Атам Осмонкул Бөлөбалаев, Алымкул Үсөнбаев, Атай Огонбаев, Муса Баетов, манасчы Саякбай Каралаев менен да жылуу мамиледе эле. Алар мени менен учурашып, чекемен өөп, таттуусун карматып батасын беришчү. Хирургдардын арасынан Иса Ахунбаев, Зыфар Игембердиев эң жакын досторунан болгон. Жазуучулардан: Аалы Токомбаев, Жусуп Турусбеков, Касымалы Жантөшев, Касымалы Баялинов, Кусеин Карасаев менен катышчу. Кээде атам үйдөгү кол жазмасын мага берип "Жусуптун аялына машинкага жаздырып келчи" дечү. Мен чуркап барып тердирип, кайра келип калчумун. Алардын көбү азыркы Эркиндик бульварында жашачу. Үйдө той-топур болгондо келип-кетип турушчу. Айылдан келген койду ваннада союп калчубуз. Биздин үйдө композитор Акмат Аманбаев менен Бүбүсара Бейшеналиева баш кошуп, үйлөнүү тою ушул жактан өткөн. Согуш убагында блокададагы Ленинграддан келген пианист биздин үйдө жашап калган. Андан биздин пианино черткенди үйрөнгөн жайыбыз да бар.
Абдыласа Малдыбаевдин баласы Болот Малдыбаев: Атамдын эң жакшы көргөн кишиси композитор, музыка таануучу Виктор Виноградов эле. Экөө жакшы мамиледе болуп, Викторду Бектур деп чакырып калчу.
— Атам аябай тың киши болчу. Айылдан келген иниси Абылкасымга баш-көз болду, аны үйлөнтүп-жайланткан. Бизди музыкага, чыгармачылыкка жакын өстүрдү. Бир жолу мага "Самолет, самолет, кайда учуп барасың? Канатыңа сала кет, командирдин баласын" деген ырга обон чыгарып кел деп берип койду. Мен анда музыкалык мектепте окуп жүргөндүктөн эртеси обон чыгарып, аткарып бергем. Мени мактап "буюрса чоң композитор өсүп келе жаткан турбайбы" деп көтөрмөлөгөн. Үйдө төрт бир тууганбыз, үчөөбүз музыка менен кеттик. Абылхай деген агам гана куруучу болду. Аны кичинекей кезинде Москвадан келген комиссия балетте бийлейт деп сынактан өткөрүп, Ленинград шаарына алып кетишкен. Мүнөзү кичине оор болгондуктан окуу жайдан качып чыгып, Ленинграддан бери поездден поездге отуруп үйгө келип алган. Атам талапты катуу койчу. Ал окуядан кийин бул баламдан музыкант чыкпайт деген. Ата-энебиз баарыбызга татыктуу тарбия, билим берип өстүрдү. Атамдын көзү 75 жашында көрбөй калып, эки жылдан кийин кайтыш болгон.
Чыгармачылыктан сырткары коомдук иштерге да жигердүү катышып бир нече чакырылыштын депутаты болуп шайланган, Кыргызстандын Композиторлор союзун 30 жылдай жетектеп Насыр Давлесов, Калый Молдобасанов, Таштан Эрматов өңдүү таланттуу композиторлорду тарбиялады. Татыктуу, өрнөктүү жашап өттү.