Токтосун Тыныбековдун кызы Клара: атамдын кадыр-баркын турмушка чыккан соң билдим

© Фото / из семейного архива ТыныбековыхБелгилүү акын, комузчу, обончу Токтосун Тыныбеков үй бүлөсү менен. Архивдик сүрөт
Белгилүү акын, комузчу, обончу Токтосун Тыныбеков үй бүлөсү менен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2022
Жазылуу
Быйыл белгилүү акын, комузчу, обончу Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгы белгиленип, республикалык деңгээлде төкмө акындар арасында айтыш уюштурулду.
Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар талантты эскерип, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артистинин кызы Клара Тыныбекова менен маек курду.
© Sputnik / Асель СыдыковаКлара Тыныбекова: атам жаштайынан шайыр, боорукер болгон экен. Шахтада оор жумуштан чарчаган жумушчуларга ырдап берип көңүлүн көтөрүп турган деп калышат
Дочь поэта и композитора Токтосуна Тыныбекова Клара Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2022
Клара Тыныбекова: атам жаштайынан шайыр, боорукер болгон экен. Шахтада оор жумуштан чарчаган жумушчуларга ырдап берип көңүлүн көтөрүп турган деп калышат
— Маегибизди атаңыздын балалыгынан баштасак, жаш бала кандайча Казакстанда иштеп калган?
— Атам Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Тегене айылында жарык дүйнөгө келген. Биринчи атасы, андан кийин апасы кайтыш болуп эрте жетим калган. Туугандарынын колунда чоңоюп, согуш маалында коңшу Казакстандын Карагандасына окууга кетип, ошол жакта шахтада иштеп калган. Атам жаштайынан шайыр, боорукер болгон экен. Шахтада оор жумуштан чарчаган жумушчуларга ырдап берип көңүлүн көтөрүп турган деп калышат. Ал кезде шахтёрчулар арасында "ар бир күрөк менен сузулган көмүр бир фрицти өлтүргөнгө барабар" деп айтылчу экен. Карагандада атам бир орус кемпирдин батиринде жашап, чогуу иштегендерди үйгө чакырып келип ашын берип коноктоп узатып турган.
— Кайра качан кайтып келиптир?
— Менимче, Казакстанда беш жылдай жүрүп, 19 жашында Аксыга келген окшойт. Бул жакта маданият үйүнө ишке кирген. Атамдын апасы, биздин чоң энебиз темир комузду жакшы кагып, кошокчу болуп, төкмөлүк жагы да болгон. Атам ушул өнөрлөрдү чоң энемден алыптыр. Шыгы болгондуктан өзү эле комузду, ооз комузду чертип үйрөнүп алган. Шахтада иштеп жүргөндө бир шахтёр каза болуп калганда колуна домбура алып кошок кошуп ырдап, элден акча чогултуп аны жерге берген экен. Ошондой эле "Манас" эпосун да жакшы билчү. Айылда маданият үйүнүн директору, мектепте мугалим болуп иштеди. Жалал-Абадда Коргоол Досуевди ээрчип, комуз чертип ырдап эл арасында жакшы эле таанылып калган. Ошондой күндөрдүн биринде Фрунзедеги филармониядан чыгармачыл топ келип, талантын көрүп, борборго чакырып кеткен экен.
© Фото / Из семейного архива ТыныбековыхКлара Тыныбекова: атамдын апасы, биздин чоң энебиз темир комузду жакшы кагып, кошокчу болуп, төкмөлүк жагы да болгон. Атам ушул өнөрлөрдү чоң энемден алыптыр
Поэт, композитор и комузист Токтосун Тыныбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2022
Клара Тыныбекова: атамдын апасы, биздин чоң энебиз темир комузду жакшы кагып, кошокчу болуп, төкмөлүк жагы да болгон. Атам ушул өнөрлөрдү чоң энемден алыптыр
— Ошентип Фрунзеге келип иштеп, залкарлардан таалим-тарбия алып, бул жактан орун-очок алып калган экен да...
— Биринчи чакырганда келбептир. Кийин Калык Акиев атамдын жөндөмүн, талантын байкап өзү келип алып кеткен. Борборго келгенде Калык атанын үйүндө жашап, филармонияда кайталангыс таланттар менен сахналаш болуп, Алымкул Үсөнбаевдин катчысы болуп иштеген. Үй-бүлө кургандан кийин бөлүнүптүр. Кадимки Сайра Кийизбаева апамдын эжеси. Апам деле жетим болуп Кийизбай атанын колунда өскөн. Чоңойгондо Сайра эже менен бирге жашап жүргөндө атам менен таанышып, экөө баш кошкон. Ал кезде Алымкул Үсөнбаев менен Сайра Кийизбаева шаарда кошуна турушчу экен.
— Замандаштары, достору, шакирттери жөнүндө айта кетсеңиз. Залкарлардын баары сыяктуу эле силердин үйдөн да конок үзүлбөсө керек?
— Ооба. Атам аймактардан гастролдоп келгенде сөзсүз бирөөлөрдү үйгө ээрчите келчү. Булардын таланты бар экен, кичине өстүрүп, үйрөтүп, анан иштетиш керек экен дечү. Биз кичинекей эки бөлмөлүү батирде турчубуз. Алар келгенде эжем экөөбүз бөлмөбүздү бошотуп бере калчубуз. Атам биздин көңүлдү эмес, коноктордун шартын жакшы карачу. Арстан Маликеев, Берман Бокоев өңдүү бир топ маданият өкүлдөрү биздикинде жашап, айрымдарына атам колунан келишинче жардам берип үйлөнтүп, той өткөрүп да жиберчү. Атам ошондой эле Тууганбай Абдиевди Жалал-Абадда иштеп жүргөн жеринен ээрчитип келген. Замирбек Үсөнбаев деле "мени биринчи сахнага Токтосун Тыныбеков алып чыккан" деп айтып келет. Үйгө көп залкарлар келип ырдап чер жазып кетишчү. Мисалы, Осмонкул Бөлөбалаев көп келчү. Ал киши апамдын таятасы болчу. Тууганбай Абдиев конок болуп бат-баттан каттап турчу. Балалык кылып айткан сөздөрүн, ырдаган ырын угуп жаттап калбаптырбыз.
© Фото / из семейного архива ТыныбековыхКлара Тыныбекова: Калык Акиев атамдын жөндөмүн, талантын байкап өзү келип алып кеткен. Борборго келгенде Калык атанын үйүндө жашап, филармонияда кайталангыс таланттар менен сахналаш болуп, Алымкул Үсөнбаевдин катчысы болуп иштеген экен
Поэт, композитор и комузист Токтосун Тыныбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2022
Клара Тыныбекова: Калык Акиев атамдын жөндөмүн, талантын байкап өзү келип алып кеткен. Борборго келгенде Калык атанын үйүндө жашап, филармонияда кайталангыс таланттар менен сахналаш болуп, Алымкул Үсөнбаевдин катчысы болуп иштеген экен
— Филармонияда иштеп жүргөндө темир комузчулар ансамблин жетектеген эмеспи. Токтосун ата дагы кайсы музыкалык аспаптарда ойночу?
— Ооба, кыздарды топтоп темир комузчулар ансамблин уюштурган. Алар Кыргызстан эле эмес, башка союздук республикаларга чейин өз өнөрлөрүн тартуулап, Компартиянын Москвадагы 25-съездине чейин барган. Ошондой эле филармонияда иштеп жүргөндө Муратаалы Күрөңкеевдин небереси кыл кыякчы Толтой Мураталиев, комузчу Самара Токтакунова, атам темир комузу менен эл алдына чыкчу. Атам пианино, кыл кыяк, комуз, домбура, гитара, темир комузду да мыкты чертчү. Кээде үйлөмө аспаптарда да ойноп калчу.
— Менин билишимче, атаңыздын музыкалык жогорку билими жок болгон. Ага карабай башкалардан кем калышкан эмес...
— Кудай атама талант берген экен да. Бир жаңы музыкалык аспап колуна тийип калса бат эле ойноп чертип кетчү. Бир топ ыр, обондорду жазып кетти. Тилекке каршы, көбү сакталбай калды. Ал кишинин шакирттери, жакындан тааныган инсандар "Токтосун Тыныбековдон өткөн виртуоз жок болгон" деп калышат. Ал эми белгилүү комузчу Садабай Шабданов "Токтосун Тыныбеков Ниязаалынын унутулуп бараткан күүлөрүн жаңыртып, Барпы Алыкуловдун "Мөлмөлүм" чыгармасына укмуш обон чыгарды" деп эскерет.
© Фото / из семейного архива ТыныбековыхКлара Тыныбекова: Кудай атама талант берген экен да. Бир жаңы музыкалык аспап колуна тийип калса бат эле ойноп чертип кетчү. Бир топ ыр, обондорду жазып кетти. Тилекке каршы, көбү сакталбай калды
Поэт, композитор и комузист Токтосун Тыныбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2022
Клара Тыныбекова: Кудай атама талант берген экен да. Бир жаңы музыкалык аспап колуна тийип калса бат эле ойноп чертип кетчү. Бир топ ыр, обондорду жазып кетти. Тилекке каршы, көбү сакталбай калды
— Чыгармачыл адамдарды карапайым эл сахнадан эле көрөт эмеспи. Үйдө кандай эле?
— Ата-энем өздөрү жетим өскөндүктөн бизге аяр мамиле кылып, балдарды катуу деле урушканды билчү эмес. Кичинекей кезде атам биз менен кадимкидей упай, канталамай сыяктуу оюндарды ойнойт эле. Үйдөн эң шогу мен болчумун, мени деле жемелеп эле койчу. Жалгыз эле бизге эмес, бир короодогу кошуна Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов, Жапар Чабалдаев, Асылбек Эшмамбетов, Эстебес Турсуналиевдин балдарына да ушундай мамиле кылчу. Атам тарыхты, санжыраны да жакшы билер эле. Анын баарын бизге айтып берчү. Биз үйдө жети бир тууганбыз. Баарыбызга жогорку билим алууга шарт түзүп берди. Биз мектепти бүткөндө "кесиптик лицейде окуйсуңбу же иштейсиңби" деген суроо турган жок, ойлонбостон жогорку окуу жайга тапшырчубуз. Баарыбыз окууну аяктап, ар кыл тармактарда өз кесибибиз боюнча иштедик. Атам менен апам төрт кыз, үч уулду тарбиялап өстүргөн. Азыр төртөөбүз эле калдык. Иним Бакыт, сиңдим Динара жол кырсыгынан бир күндө каза болуп калышкан. Эки жылдан кийин байкем 49 жашында өтүп кетти.
Кыргыз эл жазуучусу жана мамлекеттик ишмер Асанбек Стамов уулу Эсентур Стамов менен. Архив сүрөт. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2022
Асанбек Стамовдун уулу Эсентур: атамдын фамилиясы мен үчүн брендге айланды
— Уул-кыздардын же неберелердин арасында чыгармачылык менен кеткендер барбы?
— Апам бир жолу "Токо, балдарыңа комуз черткенди үйрөтүп койбойсуңбу" десе, атам "Керек болсо өздөрү үйрөнүп алат, мага эч ким үйрөткөн эмес" дегени эсимде калыптыр. Үйдө кичүү сиңдим пианино ойноп, улуу байкем 14 жашында эле циркке иштеп кеткен. Бардыгыбызда шык бар болчу, өзгөчө чоң эжемдин таланты күчтүү эле. Ал искусство таануучу болом дечү. Бирок атам "эч кимиңер маданият тармагына барбайсыңар" деп каршы чыкты. Менимче, ал биздин алыс гастролдоп кетүүбүздү, балдардын каралбай калганын каалабаса керек. Ошол үчүн да апам иштебей үйдө балдарды тарбиялоо менен гана алектенди.
© Фото / Из семейного архива ТыныбековыхКлара Тыныбекова: апам бир жолу "Токо, балдарыңа комуз черткенди үйрөтүп койбойсуңбу" десе, атам "Керек болсо өздөрү үйрөнүп алат, мага эч ким үйрөткөн эмес" дегени эсимде калыптыр
Поэт, композитор и комузист Токтосун Тыныбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2022
Клара Тыныбекова: апам бир жолу "Токо, балдарыңа комуз черткенди үйрөтүп койбойсуңбу" десе, атам "Керек болсо өздөрү үйрөнүп алат, мага эч ким үйрөткөн эмес" дегени эсимде калыптыр
— Токтосун Тыныбековдун эмгеги, таланты өз убагында бааланбай, Эл артисти наамы берилбей калганын азыркыга чейин шакирттери айтып келет. Болуп-толуп турган 55 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан экен...
— Атамдын ырларын башкалар элдик деп ырдап жүрүштү. Мен атама "сиздин чыгарманы элдики деп" ырдап жатышат десем, атам "кызым, эл ырдадыбы, ал элдики" деп койчу. Эч качан бул меники деп талашчу эмес. Ошондуктан эл артисти наамын албай калса да ал чыныгы элдик талант болгон деп ишеничтүү айта алам. Атам бир жолу аймакта гастролдо жүргөндө наам бергени жатат деп Фрунзеге чакыртса, "афишалар илинди, эл мени күтүп жатса кантип сыйлык алам деп кетип калам" деп барбай койгон экен. Наам албай калышынын бир себеби ошол болгон деп замандаштары айтып калат.
55 жашында атам катуу ооруп бат эле өтүп кетти. Жаш кезинде башынан оор күндөрдү кечирип, ысык-суукта шахтада иштеп, айлап тоо-ташты аралап гастролдоп, жайы-кышы ачык талаада эле жүк ташуучу унаанын үстүндө ырдачу да. Ошонун кесепетинен эрте кайтыш болуп калды. Төлөгөн Касымбеков апамды "Сиз экинчи Курманжан даткасыз, кайраттуусуз" деп калчу. Аксылыктар апамды "биздин энебиз" дешчү. Анткени жердештер биздин үйгө көп катташчу. Мен 21 жашымда турмушка чыгып, жолдошум экөөбүз Ошко көчүп кеткенбиз. Атамдын эл арасындагы кадыр-баркын ошондо билдим. Жергиликтүүлөр Токтосун Тыныбековдун кызы экенимди билсе эле өзгөчө мамиле кылып, төргө өткөрүп, колунан келген жардамын бергенге аракет кылышчу. Алардын мындай мамилесин мени эмес, атамды сыйлап жатышат деп түшүнчүмүн.
Поэт, композитор и комузист Токтосун Тыныбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2022
Филармониядагы өмүр, берилбей калган сыйлык. Акын Токтосун Тыныбековдун элеси
Советтик мамлекеттик жана саясий ишмер Арстанбек Дүйшеев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2022
Саясий ишмер Арстанбек Дүйшеевдин уулу: атам Оштон кетип жатканда эл ыйлап узаткан
Жаңылыктар түрмөгү
0