Захарова АКШдагы экологиялык катастрофа боюнча ооз ачпай отурган Батышты зекиди

© Photo / Пресс-служба МИД РФРоссиянын тышкы иштер министринин расмий өкүлү Мария Захарова. Архивдик сүрөт
Россиянын тышкы иштер министринин расмий өкүлү Мария Захарова. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2022
Жазылуу
Түтүк тешилгендиктен 14 миң баррелден ашуун чийки мунай Канзас шаарындагы дарыяга куюлган.
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Америкалык ЖМКлар жана ири бейөкмөт уюмдар АКШда ири көлөмдө чийки мунай төгүлүп жатканына ооз ачпай отурат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министринин расмий өкүлү Мария Захарова Telegram-каналына жазды.
“Сиздер Keystone Pipeline Америка-Канада мунай түтүгү тууралуу уктуңуздар беле? Американын Канзас жана Небраска штатындагы чек арада жакында соңку 10 жылдыктагы ири экологиялык катастрофалардын бири катталды. Америка континентинин чок ортосундагы ферма, көлмөлөрдө дарыя сымал чийки мунай агып жатат”, — деди дипломат.
Анын айтымында, АКШнын медиалары авария тууралуу чектелүү гана маалымат чыгарууда, анткени бул алар үчүн пайдасыз.
“Баса, ири экологиялык бейөкмөт уюм жана анын АКШ менен Канададагы филиалдары дагы (Greenpeace USA, Greenpeace Canada, Nature Conservancy Canada, WWF, EDF, EICES, FFI, Global Green, IUCN, Birdlife International) ооз ачкан жок. Экология экологиясы менен, ал эми саясат өз графигинде жүрүшү керек окшойт", — деп жазды Захарова.
Рейтер маалымат агенттиги билдиргендей, 9-декабрда Keystone деп аталган ири мунай түтүгүндө чоң жыртык пайда болгон. Анын кесепетинен 14 миң баррелден ашуун чийки мунай Канзас шаарындагы дарыяга куюлган. Агенттиктин маалыматы боюнча, мунайдын төгүлүшүнүн масштабы соңку 10 жылдыктан ашкан.
Keystone — Канададан Кошмо Штаттарга мунай жеткирүүдө маанилүү ролду ойногон 4000 чакырымдан ашуун узундуктагы түтүк система.
Континеталдык Европанын түндүк чекити - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2022
Европа менен АКШнын ортосундагы ажырым барган сайын чоңоюуда. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0