Европа менен АКШнын ортосундагы ажырым барган сайын чоңоюуда. Сереп

© AFP / Patricia De Melo MoreiraКонтинеталдык Европанын түндүк чекити
Континеталдык Европанын түндүк чекити - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2022
Жазылуу
Вашингтон менен өз алдынчалуулугунан көз көрүнөө ажыраган Брюсселдин кадамдары рыноктун буга чейинки эрежелери иштебей калганын, каракчылык, нысапсыздык алдыңкы планга чыкканын айгинелейт.
Евразия менен Түндүк Америка континенттерин Атлантика океаны бөлүп турарын ар бир окуучу билет. Бирок көркөмдөп, метафора менен айтканда бүгүнкү күндө Европа менен Американын ортосундагы геосаясий пикир келишпестик океаны барган сайын тереңдеп, кеңейип бараткандай. Эммануэль Макрон CBS News каналынан сүйлөп жатып, бир караганда көп байкала бербеген, бирок даана болуп калган ажырым тууралуу айтып берди. Кырдаалга сереп салган Сергей Савчуктун макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланган.
Франция президенти Брюссель менен Вашингтон Украина маселеси боюнча бирдей позицияда болгону менен союздаштардын абалы бирдей эместигин айтты. Макрон күн тартибиндеги эң талуу делген энергетикалык каатчылык жана энергоресурстун баасы боюнча маселелерди эске салган.
Санкция киргизүү жана россиялык энергоресурс жагынан өзүн чектөө жаатында бардык талаптарды кынтыксыз аткарган Европа азыр өзү кыйын кырдаалда турат.
Франция президентинин сөзүн жокко чыгара албайсың.
Мындан бир эле жыл мурун Евробиримдиктин энергобалансында россиялык нефтинин үлүшү 30 пайыздан ашыгыраак болчу, башкача айтканда, европалык резервуарга танкерден ташылган ар бир үчүнчү баррель Россиядан келчү.
Бүгүнкү күндө РФ нефтисинин үлүшү 21 пайызга түштү, санкцияларга карабастан РФ мунайы жалпы көлөмдүн бештен бир бөлүгүн түзүп жатканына күбөбүз.
Жаратылыш газы боюнча да абал ушуга окшош эле. Бир жыл мурун түтүк жана газ ташуучулар аркылуу Евробиримдикке 200 миллиард куб метрден көбүрөөк көгүлтүр от жеткирилип турган. Бул жалпы керектөөнүн 40 пайызы болчу.
Болуп көрбөгөндөй күч жумшап жатып бир топ жоготууга учурап, Европа бул көрсөткүчтү жылдын экинчи кварталында 23 пайызга чейин түшүрдү. Эми эсептеп көрөлү. Жеткирүү көлөмүнүн кескин кыскарышы керектөөчүнү кыйла кыйнады, ошондой эле "Газпромду" да түйшүккө салды. Мунун айынан газ өндүрүүнүн көлөмү азайып, багытты Чыгышка өзгөртүү керек болду. Бул өз кезегинде кошумча чыгымды шарттады.
Бирок Россия менен Европанын бири-биринен олуттуу айырмачылыгы бар. Россиянын ички рыногунда сунуш жетиштүү, мамлекеттин эсебинен региондорго газ берилүүдө, көгүлтүр отту пайдаланууда карапайым элде кыйынчылык жок.
Ал эми Европада абал башкача. Кымбатчылыкка туш болгон Брюссель акча чыгарган станогун токтотпой иштетүүгө аргасыз, бул өз кезегинде болжолдонгондон да көбүрөөк инфляцияны шарттайт. Бирок башкысы — отун менен ресурстун таңсыктыгы. Россиянын ресурсун алмаштыруу жеңил-желпи иш эмес болуп чыкты. Суюлтулган жаратылыш газы менен камсыздаган Катар өндүрүшүн жылына 110 миллион тоннага жеткирип күчтөнткөнү менен анын басымдуу бөлүгүн Кытайга убадалап койгон.
Россиядагы мунай качалкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2022
ЖМК: мунайдын баасын чектеген процесске Россиянын үч жообу бар
Нефть экспорттогон негизги өлкөлөрдүн бири Сауд Арабиясы кечээ жакында эле Жо Байден менен достошуу сунушун четке кагып, АКШнын ички жана тышкы саясатынын кызыкчылыгы үчүн казуу көлөмүн көбөйтүүдөн баш тартты.
Россия нефтисинин баасына чектөө киргизилгенден кийин саудиттер башкы ролду ойногон ОПЕК мамлекеттери казуу көлөмүн дагы азайтуу чечимин кабыл алышты, муну менен алар финансылык жоготууларынын ордун толтурмакчы.
Албетте, бул жерде ОПЕК уюму менен араб мунайчылары Москвага караган жок. Кезектеги санкциялардын пакети, деңиз аркылуу жүк ташууну камсыздандырууга салынган тыюу, нефть баасынын чектелиши нефть өндүргөн өлкөлөрдүн башында тургандарды ойлонтуп койду. Кийинкиде Батыштын "каарына" алар калбайт деп ким кепилдик берет?
Вашингтон менен өз алдынчалуулугунан көз көрүнөө ажыраган Брюсселдин кадамдары рыноктун буга чейинки эрежелери иштебей калганын, каракчылык, нысапсыздык алдыңкы планга чыкканын айгинелейт.
Ушул жерден кайра Макрондун сөзүнө көңүл буралы.
Натыйжада нефтиси да, газы да жетиштүү АКШ Европаны камсыздоочу тарап болуп чыга келди. Көлөм жагынан талапка жооп бербесе да зарылып турган учурда товарын сунуштады.
Эми импорттун россиялык каналынан кол жууган Европа айласыздан нефть менен газды океандын ары жагынан сатып алууга аргасыз болуп турган чагы. Франция президенти мына ушул жагдай тууралуу ачуу чындыкты айтып жатат.
Ушундай болору декабрга чейин эле белгилүү болчу, россиялык аналитиктер да, Батыштын айрым жүрөктүү баяндамачылары да Европа тандап алган жол аны акыры көз карандылыкка кептей турганын айтып-жазып келишкен. Бирок Батыш мамлекеттеринин азыркы саясий лидерлери санга, логикага, текшерилген маалыматтарга эмес, каалоосуна, ирмемдик кызыкчылыгына, Россия күчтөнүп кетет, байып кетет, таасири артып кетет деген кооптонуусуна ишенерин, ошого карап иш кыларын көрсөттү.
Аябай айтылып келген батыш тилектештиги деле жарытпай калды өңдөнөт, барган сайын пикир келишпестик көбөйүп, аны жаап-жашыруу кыйындап баратат, Европа ага аракет деле кылбай калды.
Макрондун телекайрылуусу менен бир убакытта эле Еврокомиссиянын да жыйыны өтүп жатты. Уюмдун жетекчиси Урсула фон дер Ляйен Европа АКШ менен соода согушуна даяр болушу керектигин жар салды. Анын айтымында, америкалыктар инфляцияны төмөндөтүү мыйзамынын алкагында ири өндүрүшчүлөрдү өз жагына ачык эле тартып жатат. АКШ аларга энергоресурс жаатында жеңилдиктерди убадалооодо. Ал эми кезинде Брюсселди мындай артыкчылык берүүдөн баш тарттырган дал ушул Вашингтон болчу.
Азыр же иттен жок, же ит байлаган жиптен жок калган Европа эле кыйналууда. Фон дер Ляйен айым айткан соода согушу башталып кетсе экен, жылуу үйдө отуруп көз салып турат элек...
ЕБдин Россия мунайына койгон эмбаргосу: эмнелерди билүү керек? Видеоинфографика - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2022
ЕБдин Россия мунайына койгон эмбаргосу: эмнелерди билүү керек? Видеоинфографика
Жаңылыктар түрмөгү
0