Мунайга эмбарго жана бааны чектөө Россия менен Европага кандай таасир этет?

© AFP / FREDERIC J. BROWNКалифорниядагы мунай насостук станциялары. Архив
Калифорниядагы мунай насостук станциялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2022
Жазылуу
Европа биримдигинде 5-декабрдан тарта россиялык мунайды, ал эми февралдан тарта мунай өндүрүмдөрүн деңиз аркылуу ташууга тыюу салынат. Европада россиялык өндүрүштөгү мунайдын баасынын чеги макулдашылып, баррелине 60 долларды түздү.
Талдоочулар мындай чечимдерди ойлонбой, салмактабай туруп кабыл алынганын айтышууда. Европа ресурстарды ого эле кымбат сатып алууга аргасыз, тескерисинче, Москва эми өз кирешесин жогорулата аларын белгилейт серепчи Наталья Дембинская РИА Новости сайтына жарыяланган макаласында.

Россия буга камылга көргөн

Европа биримдиги Россияга каршы санкциялардын сегиз топтомун кабыл алган. Алардын биринде мунай сатып алууга акырындап тыюу салуу каралат. Ал эми аны деңиз аркылуу ташууга тыюу салуу 5-декабрдан тарта күчүнө кирет.
Эми жагдайды бир көздөн сыдырып көрөлү. Европа биримдигинин көпчүлүк өлкөлөрү танкерлерден баш тарткан. Argus баа агенттигинин маалыматына таянсак, октябрда мындай камсыздоолордун саны эки эсеге, тагыраак, суткасына 770 миң баррелге чейин кыскарган. Январда эле ушул көрсөткүч 1,6 миллион эле.
Москва экспорттун нугун Индия Кытай жана Түркияга бурду. Январдан октябрга дейре Кытай Эл Республикасы былтыркы жылдын ушул убакыт аралыгына караганда 9,5%га, тагыраак, 71,97 миллион тоннага көп сатып алды. "Роснефть" ишканасынын жетекчиси Игорь Сечиндин маалыматына таянсак, бул Россияга 49,19 миллиард доллар пайда алып келген. Пекин деңиз аркылуу сатып алуучулардын эң ирисине айланды.
Ошентсе да Кытай менен Москва экспорт боюнча алдыңкы сапты Сауд Арабиясына алдырып койду. Ал эми Индияда РФ бул жагынан алдыда. Тармактык Vortexa аналитикалык компаниясынын талдоочулары эсептеп чыккандай, октябрда Нью-Дели деңиз аркылуу алгач жолу Россиядан Европа биримдигине караганда 34%га көп мунай сатып алган.

Камсыздандыруу жагы

Кырдаалды батыш компанияларынын танкерлерин камсыздоого тыюу салуулар ого бетер татаалдаштырууда. Россиялык жүк ташуучу жана кеме ээлеринин мурда кызматташып жүргөн, рынокто үстөмдүк кылган европалык оюнчулары сатып алуудан баш тартышты.
Анткен менен Түркия россиялык камсыздоону тааныды. Болбосо кемелер Кара деңизде бөгөттөлүп калмак, себеби дүйнөдө танкерлердин 90 пайызын эл аралык P&I Clubs камсыздандыруучулар тобу тейлейт. Анын штаб-квартирасы Улуу Британияда жайгашкан, анан албетте, Батыш санкцияларынын талаптарын аткарышат.
Ал эми Кытай Эл Республикасы азырынча россиялык камсыздандырууну тааный элек, бул туурасында РФтин транспорт министринин орун басары Юрий Пошивай маалымдады.
ЕБдин Россия мунайына койгон эмбаргосу: эмнелерди билүү керек? Видеоинфографика - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2022
ЕБдин Россия мунайына койгон эмбаргосу: эмнелерди билүү керек? Видеоинфографика
Эксперттердин баамында, Пекиндегилер азырынча күтүп турушат. Алар санкциялардын мүмкүн болгон кесепеттерин баалап, экинчи жолу кандай тыюулар салынарын, жеңилдиктерди алууга болор-болбосун талдап жатышат өңдөнөт.
"Кытай бийлиги коронавируска саясатын жумшартууга даяр болуп турганда мунайды керектөө өсөт. Ошол себептен алар арзандатылган россиялык мунайды сатып алуудан баш тартары арсар.
Балким мындан улам мунайды жеткирүү кыйындап, бул Москвага анчейин кирешелүү болбой калышы ыктымал. Экспорттук көлөм да утурумдук азая түшүшү мүмкүн. Бирок өтө кескин төмөндөбөй турганы айкын.
Ал эми Россияга чакан жана анча өнүкпөгөн рыноктордон камсыздандыруу варианттарын издөөгө туура келет. Бул жарым-жартылай экспортту чектейт", — деп эсептейт Capital Lab компаниясынын өнөктөшү Евгений Шатов.
"Кыязы, жаңы, эң оболу азиялык өлкөлөрдөн, анын ичинде Кытайдан камсыздандыруучу компаниялар тартылат өңдөнөт", — деп боолголойт TeleTrade маалымат-аналитикалык борборунун башкы экономисти Марк Гойхман.

Үч божомол

Талдоочулар абалдын мындан аркы нук алышынын үч болжолдуу сценарийин белгилешет. Биринчиден, деңиз аркылуу мунайды импорттоонун көлөмү таптакыр эле төмөндөп, "Дружба" түтүгү аркылуу сордуруу жогорулайт.
"2021-жылы "Дружба" түтүгү аркылуу алыскы чет өлкөлөргө 37,5 миллион тонна экспорттолгон. Демек, ресурс бар, болгону жеткирүү ыкмасы өзгөрөт. Европа биримдигиндегилер мунай да, анын өндүрүмдөрү да кымбаттабайт", — дейт өнөр жай боюнча көз карандысыз эксперти Леонид Хазанов. Анын жоромолундагы экинчи сценарийге ылайык, "Дружба" түтүгүндө өзгөрүүлөр болбойт. Үчүнчү вариантта ал: Россия контрсанкция катары экспорттун көлөмүн азайтат.
Ошондо Европа биримдигиндеги энергетикалык каатчылык улам күч алып, баа 100 доллардан ашат. Кандай болгон учурда да Россия ашып калган мунайды Азия өлкөлөрүнө жөнөтө баштайт. Алар өз кезегинде мунайды Европаны бензин жана дизель майы менен камсыздоо үчүн иштеп чыгат. Албетте, бул ого эле кымбатка түшөрү белгилүү.

Артка санак старт алды

ЕБ өлкөлөрү, алардын артынан "Чоң жетилик" (G7) жана Австралия россиялык өндүрүштөгү мунайды сатып алуунун чегин баррелине 60 доллардын деңгээлинде кармоону чечишти. Санкциялар бааны түзөтүүгө жол берет. Белгиленген чек Европа биримдигинин танкер менен ташылган россиялык мунайды сатып алууга тыюу салуусу менен катар иштейт. Россиянын вице-премьери Александр Новактын айтымында, Россия "мунай чегин" киргизүүгө тыюу салуу механизмдерин иштеп чыгууда.
"Бул инструмент рыноктук эмес, майнапсыз, рынокко одоно кийлигишүү, ошондой эле Дүйнөлүк соода уюмунун бардык эрежелерине карама-каршы келет", — деп белгилейт вице-премьер. Ал Россия кен казууну азайтууга туура келсе да рыноктук шарттарда иш алпарууга даяр өлкөлөргө мунай жана мунай өндүрүмдөрүн сатарын баса белгиледи.
Мунай казуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2022
Кытай эксперттери: Евробиримдик РФ нефтисинин баасын чектөөдөн өзү жабыр тартат
Эксперттер баанын чегин коюу таптакыр маңызсыз чара экенин, азыркыдай энергетикалык каатчылыкта россиялык мунайды арзан ала албай турганын белгилешет.
"Маңызында россиялык энергетикалык ресурстар менен Батышты камсыздоонун токтотулушунда артка санак башталды. Ошол эле убакта мунайдын дүйнөлүк рыногундагы түздөн-түз саясий манипуляцияга ОПЕК+ катуу тынчсызданып турат.
Россия бүгүн эч кандай утулбайт, ЕБди сырье менен камсыздоо, башка мамлекеттерге да көгүлтүр от жана мунай транзити үчүн кошумча сый акы талап кылуу менен анын позициясы кайра бекемделиши мүмкүн", — дейт BitRiver агенттигинин каржылык талдоочусу Владислав Антонов.

Бул кыйроо

Соңку убакта европалыктар импорттун таңсыктыгын дүйнөнүн ар кайсы чөлкөмүнөн чогултуп отуруп толтурду. Чындап эле АКШ, Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африкадан импорттоонун көлөмү кыйла өстү. Бирок Россияны эми эч ким сактап кала албайт.
"Эч бир өлкө европалык рынок үчүн кен казууну кескин жогорулатып жибере албайт. Анан да анчалык санда бош танкер деле жок", — деп белгилейт Леонид Хазанов.
"Күйүүчү май жана электр кубатынынын кымбатташы товар жана тейлөө акысына да чагылбай койбойт. Себеби октябрда эле Россиядан Европа биримдигине импортоонун көлөмү кыскарып, мунай жана мунай өндүрүмдөрүн суткасына 2,4 миллион баррелди түзгөн. Болгондо да басымдуу бөлүгүн дал деңиз аркылуу ташышкан. Мындан ары дагы татаалдашат", — деп тастыктайт Марк Гойхман.
Ал эми Россияга андай тыюу салуулар тескерисинче Брюсселдин "жакшылыгы", себеби мунай баасынын кымбаттыгынан улам киреше артат. Россиялык мунайдын баасына чектөө киргизүү Кошмо Штаттар менен Европага эч кандай утуш алып келбей турганын белгилейт The Hill басылмасы.
"Батыштын санкцияларына карабастан Россия мунайдан көп пайдага ээ болот. Баанын чеги алдыдагы тарыхый кыйроонун бардык белгилерине ээ болуп турат. Ушул тапта дүйнөлүк энергетикалык рынокто сатылбай калган мунай дээрлик жок. Ошондуктан сырьего чектөө киргизилген соң баалар асмандап кетиши толук ыктымал", — деп айтылат ошол макалада.
Жылдын аягында РФ Экономика министрлигинин эсеби менен Россия энергетикалык ресурстарды экспорттоодон рекорддук, 338 миллиард долларлык киреше алат.
ОПЕК+ уюмунун декабрдагы чечими Европанын абалын жакшырта албайт. Баага чектөө киргизилгендиктен альянстын мүчөлөрү кен казууну азайтуу планын өзгөрүүсүз калтырышты. Демек, жакынкы жарым жылда мунай алуу улам азайып отурат. Эксперттер дүйнөлүк рынокто сунуштун азайышы бул ресурстун наркын асман чапчытып, тагыраак, баррели 100-120 доллардан ашарын боолголошот.
Мунай ташыган танкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2022
Нефть баасынын чектелишинен улам Түркиянын жээгинде танкерлердин тыгыны жаралды
Жаңылыктар түрмөгү
0