ЖМК: мунайдын баасын чектеген процесске Россиянын үч жообу бар

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүРоссиядагы мунай качалкасы. Архив
Россиядагы мунай качалкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2022
Жазылуу
Батыштын жаңы чектөөлөрү эки күн мурда башталып, ЕБ Россиянын деңиз жолу менен ташыла турган нефтисин кабыл албай калды.
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Россия бийлиги Евробиримдик менен "Чоң жетилик" өлкөлөрүнүн мунайдын баасын чектегенине карата үч жооп даярдап жатат. Бул туурасында РИА Новости "Ведомости" басылмасына шилтеме берип жазды.
"Президенттин жарлыгынын долбоору администрация, өкмөт менен макулдашылууда", — деп айтылган маалыматта.
Басылманын жазганына караганда, биринчи демилге боюнча рестрикцияны колдогон мамлекеттерге чийки зат сатылбайт. Алардын мунайды Россиядан ортомчулар чынжырчасы менен алып жатканы да бул жерде мааниге ээ эмес.
Басылмага маалымат бергендердин бири эгерде продукция акыр-аягы G7ге мүчө-мамлекеттерге бара турган болсо, анда экспорт токтотуларын айткан.
"Экинчи вариант кайсы мамлекет экендигине карабай чектелген баанын шарттарын камтыган келишими болсо, экспорт дароо токтотулат", — дешкен алар.
Үчүнчүдөн, эгерде Россия нефтисин импорттойм деген өлкө аны Москва койгон баадан да башка суммада, жеңилдик берген суммада алса, анда келишим колдоого алынбастыгы айтылды.
Маалымат булактарынын биринин айтымына караганда, азырынча бир дагы вариант аныкталып, колдоо таба элек.
"Балким, башка дагы жолдору же алардын комбинациялары болушу мүмкүн", — деген ал.
Батыштын жаңы чектөөлөрү 5-декабрда башталды. ЕБ Россиянын деңиз жолу менен ташыла турган нефтисин кабыл албай калды. Мындан сырткары, "Чоң жетиликтин" өлкөлөрү, Австралия жана ЕБ танкер менен ташылган продукцияга баррелине 60 доллар деген чектөөнү койду.
Вице-премьер Александр Новак да аныкталган бааны койгон өлкөлөргө Москва "баррелин 60 долларга да, башка баага да" экспорттобой турганын билдирди. Россия "рынок шартында кызматташууга даяр" тараптар менен иштешерин кошумчалады.
Мунай казуучу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2022
Россия нефтисинин баасын чектөө боюнча макулдашуу күчүнө кирди
Жаңылыктар түрмөгү
0