https://sputnik.kg/20221206/kytay-akshnyn-ustomdugun-kiyratuu-1070725599.html
Кытайда Украинадагы аракети АКШны кыйрата турганы айтылды
Кытайда Украинадагы аракети АКШны кыйрата турганы айтылды
Sputnik Кыргызстан
Макалада АКШ таянган эл аралык тартип башка өлкөлөрдүн Вашингтондун кол алдында жүрүүсүнө негизделгени жазылган. 06.12.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-12-06T10:06+0600
2022-12-06T10:06+0600
2022-12-06T10:08+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
кытай
акш
батыш
украина
https://sputnik.kg/img/07e6/08/06/1066579065_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_f8000786c9a0ab20b46701cbb34753e4.jpg
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Вашингтондун Украинадагы жаңжалга кийлигишкени жана андан өзүнө болушунча пайда табууга жасаган аракети Американын үстөмдүгүн жок кылуу керектигин көрсөттү. Бул туурасында кытайлык Global Times басылмасы жазганын РИА Новости билдирди.Макалада чыныгы эл аралык тартип Вашингтондун кол алдында жүрүүгө негизделбегени, келечеги бирдей, тең укуктуу коом түзүү башкы максат болушу керектиги белгиленген."Эгер алдыдагы 10 жылдыкты чечүүчү мезгил десек, ал Вашингтондун каардуу үстөмдүгүн жокко чыгарып, чыныгы дүйнөлүк теңчиликти жана адилеттүүлүктү орнотуу менен байланыштуу болушу абзел", — деп жазган автор.Украинада атайын операция башталган соң Батыш Россияга карата санкциялык кысымын күчөткөн. Бирок мындай кадамы менен АКШ жана Европа өзү энергоресурстун кымбатташы менен инфляциянын рекорддук өсүүсүнө туш болду. РФ президенти Владимир Путин Россияны ооздуктоо жана алсыздандыруу саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин, катаал чектөөлөр дүйнөлүк экономикага оор сокку урганын белгилеп келет. Анын айтымында, АКШ менен анын өнөктөштөрүнүн башкы максаты — миллиондогон адамдын жашоосун начарлатуу.
https://sputnik.kg/20221202/eb-ukrainalyk-kaatchylyktan-kim-pajda-korup-zhatkanyn-bildi-1070593544.html
кытай
акш
батыш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/06/1066579065_295:0:3026:2048_1920x0_80_0_0_2eb7628d2552b1faae60858e93f066fd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, кытай, акш, батыш, украина
дүйнөдө, кытай, акш, батыш, украина
Кытайда Украинадагы аракети АКШны кыйрата турганы айтылды
10:06 06.12.2022 (Жаңыртылды: 10:08 06.12.2022) Макалада АКШ таянган эл аралык тартип башка өлкөлөрдүн Вашингтондун кол алдында жүрүүсүнө негизделгени жазылган.
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Вашингтондун Украинадагы жаңжалга кийлигишкени жана андан өзүнө болушунча пайда табууга жасаган аракети Американын үстөмдүгүн жок кылуу керектигин көрсөттү. Бул туурасында кытайлык Global Times басылмасы жазганын
РИА Новости билдирди.
"Украинадагы жаңжалда Вашингтон ар дайым Европаны Россияга каршы турууга үндөйт. Бир жагынан Европанын экономикасын алсыратууга багытталган катаал атаандаштыкка түртүп жатат. Американын "эл аралык тартип" деген эрежеге жамынып алган үстөмдүгүнөн улам союздаштары менен эл аралык коомчулуктун АКШга болгон ишеними жоголуп бара жатат", — деп жазган гезит.
Макалада чыныгы эл аралык тартип Вашингтондун кол алдында жүрүүгө негизделбегени, келечеги бирдей, тең укуктуу коом түзүү башкы максат болушу керектиги белгиленген.
"Эгер алдыдагы 10 жылдыкты чечүүчү мезгил десек, ал Вашингтондун каардуу үстөмдүгүн жокко чыгарып, чыныгы дүйнөлүк теңчиликти жана адилеттүүлүктү орнотуу менен байланыштуу болушу абзел", — деп жазган автор.
Украинада атайын операция башталган соң Батыш Россияга карата санкциялык кысымын күчөткөн. Бирок мындай кадамы менен АКШ жана Европа өзү энергоресурстун кымбатташы менен инфляциянын рекорддук өсүүсүнө туш болду. РФ президенти Владимир Путин Россияны ооздуктоо жана алсыздандыруу саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин, катаал чектөөлөр дүйнөлүк экономикага оор сокку урганын белгилеп келет. Анын айтымында, АКШ менен анын өнөктөштөрүнүн башкы максаты — миллиондогон адамдын жашоосун начарлатуу.