ЕБ украиналык каатчылыктан ким пайда көрүп жатканын түшүндү. Сереп

© Sputnik / Алексей ВитвицкийБрюсселде АКШ жана Европа Кеңешинин желектеринин жанында дипломат. Архив
Брюсселде АКШ жана Европа Кеңешинин желектеринин жанында дипломат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2022
Жазылуу
Европалык саясатчылар Вашингтон Европаны рецессияга батырып, украиналык жаңжалдан пайда көрүп жатат деп Politico басылмасы жазып чыкты.
Чындап эле америкалыктар Украинага расмий түрдө бир дагы жоокер жибербей туруп, украиналык каатчылыктан болуп көрбөгөндөй аскердик, экономикалык, геосаясий пайда көрүүдө. Бул жагдай Европа биримдигин катуу кыжырдантып жатканын белгилейт Даниил Низамутдинов. Серепчинин ушул туурасындагы макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.

АКШ таасиринин күчөшү

"Эгер чындыкка таянсак, согуштун үзүрүн көрүп жаткан өлкө — АКШ, анткени Кошмо Штаттар гана курал менен көгүлтүр отту кымбат баада мурдагыдан көп сатууда", — деген европалык үлкөн аткаминердин сөзүн келтирген Politico басылмасы.
Америкалыктар дайым батыш дүйнөсүнө үстөмдүк кылууга умтулат. Украинадагы жаңжал – баарын жөнгө салып, жинин кагуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.
Соңку жылдары Вашингтон Европага дайым, атап айтканда, Россияга каршы санкция салуу жана Москвадан энергетикалык көз карандысыздыкты азайтуу маселесинде басым жасап келет. Жазында Вашингтондун аркасынан европалыктар чектөөлөрдү көбөйтүүгө киришкен. Анткен менен санкциялардын баары Россияга караганда Европа биримдигинин өзүн көбүрөөк солгундатары эң башынан бери түшүнүктүү эле. Батыш дүйнөсүнүн алдында да НАТО толугу менен акталып калгандай болду. Болбосо Франциянын президенти Эммануэль Макрон уюмдун "акылдан азганын" айтканы унутула элек. Анан да аталган уюмда кимдин башчы экени эч кимге деле жашыруун эмес.

Курал сатуу жана "көгүлтүр от" көйгөйү

Европада да, бүт дүйнө жүзү боюнча да курал-жаракка суроо-талап өстү. Ал эми АКШ — бул тармакта эң ири экспортчу. Авиакурулушта эле америкалыктар он миллиарддаган еврого келишим түзүштү. Канада бешинчи муундагы F-35 истребителинен 88 бирдикти, ал эми Швейцария — 36, Германия 35 бирдикке буюртма берди.
Жайында ФРГ бийлиги бундесверди кайра куралдандырууга 100 миллиард евронун тегерегинде каражат бөлүү ниетин билдирген. Андай бюджеттин басымдуу бөлүгү АКШнын казынасын толтурарында шек жок. Анан да Германия Берндин Украинага аскердик товарларды кайра экспорттоого уруксат бербегендиктен Швейцария менен араздашып кеткени белгилүү.
Европалык арсеналдар азайып, америкалык өндүрүшчүлөр буга кубанып турган чагы. Аскердик-өнөр жай комплексинин мындай ыргагы өлкөнүн бүтүндөй экономикасына оң таасир этет. Ага газдын экспорту да кошулат. Негизи Вашингтон Европаны арзан россиялык көгүлтүр отту сатып алуудан баш тарттырууга далайдан бери далалат кылып келген. Саналуу айлар ичинде суюлтулган жаратылыш газынын экспорт көлөмү эки эсе көбөйдү.
"Түндүк агымдагы" жарылуу иш жүзүндө Европага башка арга калтырбады. Эми газды океандын ары жагынан сатып алууга аргасыз. Бул көгүлтүр от америкалыктардын өздөрүнө караганда европалык керектөөчүлөргө төрт эсе кымбатка түшөт.
Штаб-квартира НАТО в Брюсселе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Global Times: НАТОнун жону жукарып Киевге курал жөнөтүүнү азайтат

Атаандаштык жөндөмү

Энергетикалык каатчылык каптап турганда европалык өнөр жай атаандаштык жөндөмүн жоготууда. Айрыкча Германия катуу жабыр тартты. АКШда быйыл саратанда инфляцияны азайтуу жөнүндөгү мыйзам кабыл алган. Документ улуттук экономиканы колдоонун кеңири чараларын камтыйт. Ал эми Европа биримдигиндегилер аларды басмырлоо катары кабылдаган. Натыйжада америкалык компаниялар бекемдеп, европалыктар же жабылып, же Кошмо Штаттарга көчүп жатышат. Себеби ал жакта европалык ишканаларга салык төлөөдө жеңилдиктер берилип, арзан энергетикалык ресурстар менен жабдылат. Ушундай жагдайлардын баары ЕБ саясатчыларынын кыжырын кайнатат.
"Начарлап бараткан Европанын экономикасы америкалыктардын чырагына май тамызып, алар андан пайда көрүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарышкан жок", — деп ачууланат Венгрия тышкы иштер министри Петер Сийярто.
Макрон америкалык ошол мыйзам достукка жатпай турганын, анан да Дүйнөлүк соода уюмунун жоболоруна каршы келерин боолголойт. Ал эми Франциянын экономика министри Брюно Ле Мэр Европа биримдигинин өлкөлөрүн Вашингтондун аракеттерине биргеликте жооп кайтарууга чакырды. Ал: "Украинадагы жаңжал АКШнын экономикасынын үстөмдүгү жана Европанын чабалдашы менен аякташына жол бере албайбыз", — деп баса белгилеп, Париж үчүн бүгүн Европада Германия менен атаандаштык эмес, ЕБ менен АКШнын атаандаштыгы чоң мааниге ээ.

Жооп болобу?

Азырынча Париж менен Берлин тил табыша элек. Bloomberg агенттигинин маалыматтарына таянсак, Макрон америкалыктардыкына окшогон чара көрүүнү сунуштаса, Германиянын канцлери Олаф Шольц "трансатлантикалык согушту" тутантпастан Вашингтон өз чечимдерине өзгөртүү киргизет деп үмүттөнөт.
Америкалыктар менен азыр эч ким чындап күрөшө албаганына Европа кыжырданат. Бирок Франция, Германия, Италия гана тынчсызданганын ачык айта алганы менен ЕБдин ичинде биримдик жок. Европа комиссиясынын жетекчилиги да Вашингтонду башкы союздашы катары карайт.
РФтеги Жогорку экономика мектебинин соода саясаты кафедрасынын башчысы Максим Медведковдун пикиринде, дүйнөлүк соода уюмундагы америкалык чараларга каршы чыгуу аракетинен майнап чыгары да ажеп эмес.
"Маселе АКШ Дүйнөлүк соода уюмунун апелляциялык органынын ишине бөгөт коюуну дегеле токтотпогонунда", — деп кошумчалайт ал.
Макрон Кошмо Штаттарга иш сапары менен бармакчы. Жо Байденди эрежелер менен ойноого көндүрүүгө аракет кылары турулуу иш. Бирок Европа энергетикалык каатчылык, инфляция, рецессия жана курулай популизмдин күч алышы менен бир топ чабалдады. Ошол себептен ЕБдин Ак үйгө басым кылуунун реалдуу рычагы жок. Океандын ары жагындагылардын боору ооруп жан тартарына гана үмүт арткандан башка жол жок. Ал эми америкалыктар азырынча өз стратегиясын ынанымдуу ишке ашырууда. Мындай улана берсе европалык лидер макамы Берлин же Париж эмес, Вашингтонго ыйгарылып калышы ыктымал.
Европа Биримдигинин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2022
Италиялык ишкер: энергетикалык кризис Европа демократиясына коркунуч келтирүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0