Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россия АКШ менен диалогго барышы мүмкүнбү? Лавров шарттарын айтты

© Фото / POOL / Медиабанкка өтүүРФтин ТИМ жетекчиси Сергей Лавров. Архив
РФтин ТИМ жетекчиси Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2022
Жазылуу
Россиянын тышкы саясат боюнча ведомство башчысы Американын акыл калчап иш кыларынан күмөн санап турганын да айткан.
БИШКЕК, 1-дек. – Sputnik. Эгерде Вашингтон өзүнүн катасын сезип, коопсуздук кепилдиктери тууралуу долбоорлорду даярдоого ынтызарлыгын билдирсе, Россия АКШ менен диалогго барууга даяр. Бул тууралуу РФтин ТИМ жетекчиси Сергей Лавров айтканын РИА Новости жазды.
"Эгерде батыштагы маектештерибиз өзүнүн кетирген катасын сезип, биз декабрда сунуштаган документтерди талкуулоого кайрылып келе турган болсо, бул позитивдүү факт деп ойлойм. Мындай кадамга барыш үчүн алар эсине келип, күчү жетери күмөн. Ошентсе да бул нерсе болуп кетсе, алар менен кепке келүүгө даярбыз", – деген министр бейшемби күнү берген маалымат жыйында.
Лавров АКШ "бул сунуштарды четке каккандан бери диалогдун жаңыланышына каршы келген бир канча жаңылыш кадамдарды жасагандыгын" белгиледи.
ТИМ башчысы катачылыктардын бири катары НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергдин эгерде Украина жеңбесе, анда ал өлкөнүн НАТОго мүчөлүгү талкууланбастыгы боюнча айтканын эске салды.
НАТОго мүчө өлкөлөрдүн ТИМ башчылары 29-30-ноябрда Румыниядагы жолугушуусунда Украинадагы жерине жетип калган инфраструктураны калыбына келтирүүгө берилчү жардам боюнча сөз кылышкан. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен НАТО Кара деңизден Балтикага чейинки жайгашуусун арбытарын жар салган. Түндүк альянстын башкы катчысы уюмдун эшиги Украина үчүн дайыма ачыктыгын, бирок учурда уюм үчүн "ийиндеше туруп, Киевге жардам көрсөтүүнү улантуу маанилүү экендигин" билдирген.
АКШ мене Украинанын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Вашингтон Киевди сүйлөшүүлөргө түртүп жатабы? Ой толгоо
Жаңылыктар түрмөгү
0