Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Вашингтон Киевди сүйлөшүүлөргө түртүп жатабы? Ой толгоо

© AP Photo / J. Scott ApplewhiteАКШ мене Украинанын желектери. Архив
АКШ мене Украинанын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2022
Жазылуу
Абройлуу америкалык Politico басылмасы киевдик режимдин жогорку эшелондорунда айрым толкундоолор бар экенин жазып чыкты.
Нью-Йорк экономикалык клубунда америкалык генерал Марк Милли Украина аскердик жол менен жеңишке жете албай турганын, ал эми кыш Россия менен сүйлөшүүлөр үчүн ыңгайлуу убак экенин айткан. АКШнын Штаб жетекчилеринин бириккен комитетинин төрагасынын бул сөздөрү украиналык ишмерлердин көпчүлүгүн катуу чочулатып койгонун белгилейт серепчи Виктория Никифорова. Анын бул жолку макаласы да Украинадагы жагдайга арналып, РИА Новости сайтына жарыяланган.
Украина Куралдуу күчтөрү жакында Мелитополь менен Мариуполду алып, кышында Крымга аттанарын кайталаган Бен Хожес өңдүү "шумкарлар" америкалык коомдо дээрлик калган жок. Анан да Крым Хожес үчүн жеке психологиялык травма экенин да түшүнүү керек.
2014-жылдын көктөмүндө ал НАТО союздаштарынын кургактагы командачылыгын жетектеп турган. Отставкага чыкканда да "Крым кимге таандык?" дегенди эсинен чыгара албай койду. Азыр ал учурдан пайдаланып чабуул коюуга үндөп туру. Бирок андай кыялкечтик отставкадагыларга эле мүнөздүү, азыр иштеп турган америкалык аскерлер Украинадан бул жаңжалда ийгилик деле күтүшпөйт.
Америка Коргоо министрлигинин жогорку даражадагы өкүлдөрү Politico басылмасына Украина Куралдуу күчтөрү россиялык аскердик бөлүктөр түзгөн коргоо тутумун жырып кирүү өтө кыйын экенин түшүндүрүп беришкен. Херсондон РФтин чыгышы деле украиналык армияга өбөлгө боло албайт. Америкалык аскерлердин баамында, Днепрдин башка жээгинен чабуул коюу аракети Украина Куралдуу күчтөрүнө өтө татаал болот. Ишке ашышы да арсар, курмандыктар да эбегейсиз санда болушу ыктымал.
Байдендин администрациясы Киевди сатып кетчүдөй сезимде калтырбоо үчүн болгон айла-амалга барып жатканын журналисттер да моюнга алышат. Себеби андай шартта дүйнө жүзү Ак үйдүн кепилдиктеринин арзыбаганын жана ал менен иш алпаруунун кооптуулугуна күбө болот. Азырынча киевдик режимге тигини деле, муну деле убада кылышууда. Баам салсак, акырындап Россия менен сүйлөшүүлөргө түртүп бара жаткандай элес калтырышат.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн командачысы Валерий Залужный Россия "басып алган территорияларды бошотпосо" украиналык аскерлер эч кандай сүйлөшүү, макулдашуу же компромисстик чечимдерди кабыл албай турганын билдирди. Анткен менен Жейк Салливан Зеленскийден талаптарды коюуда реалдуураак болууну өтүнүү үчүн атайын Киевге учуп барган. Эгер акыры призидентти сүйлөшүүлөргө көндүрүшсө, украиналык аскерлер эмне кылары да кызык...
Киевдик режимдин кол башчысы Балиге чогулган "Чоң жыйырмалыкка" кирген мамлекеттердин башчыларын "Украинадан компромиссти өтүнбөөгө" чакырды. Кыязы, Зеленский мырза учурдун кооптуулугун анчейин аңдай албай турат окшойт. Чындыгында эч ким деле андан суранып отурбайт, кожоюндар аны Россия менен сүйлөшүүлөр үчүн качан жана кантип пайдаланууну өз ара гана талкуулашат. Макулдашкан соң өздөрү каалагандай калчашат. Мында Зеленскийдин пикирине кулак да салып койбойт. Анткени америкалык саясий коомчулук Украинадан тезирээк кутулуунун жолун издей турганы бышык.
Анан да өкүлдөр палатасын ээлеген республикачылар Украинага бир тыйын да бербөөнү талап кылууда. АКШ каралаша баштагандан бери миллиарддаган долларлар дарегине эмес, кайдадыр агылып жатканын байкоого үлгүрүштү.
"Украиналык аткаминерлер Швейцарияда ламборжини менен үй сатып ала башташты. Украина акчаны адалдоочу жайга айланып калды", — деп кыжырданган эле белгилүү саясий активист Кэндис Оуэнс Fox News телеканалынын эфиринен.
VIII Петербург эл аралык газ форумунун катышуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2022
Европалык энергетиктер кирешесиз калыштыбы? Газ жагдайына сереп
Зеленскийдин сүйлөшүүлөргө барбай турганы түшүнүктүү. Бул Батыштагы башчыларына аны таштап, украиналык темадан башка иштерге, маселен, Тайванга көңүл бурууга жакшы шылтоо болмокчу.
Украинага бурулуп турган акчанын агымы дароо токтойт. Казынасы талап-тонолгон, талкаланган өлкө калат. Ким аны кайра калыбына келтирет?! Республикачылар эмитен эле Украинаны камкордукка алууну Европага жүктөөгө ниеткер. Европалыктар ынабай турат. Мындай соодалашуу кыйла узакка созулары турулуу иш.
Украинага Россиядан тартып алынган алтын-валюталык резервдерди берүү демилгеси да жаңырган. Бирок үлкөндөрдүн бул өлкө менен бөлүшкүлөрү келери да күмөн. Дегенибиз, кезегинде "Каддафинин алтындарын калкка кайтарабыз!" деген кыйкырыктар болгон, бирок алтындын баары кайдадыр сиңип кетип, Ливиянын элине тыйын да тийген эмес.
Жакында эле Афганистандын резервдери да табышмактуу жол менен жоголуп кетти. Венесуэланын алтындары да ошондой өңүттө табылбай калган. Жүз миллиарддаган долларлар дүйнө жүзүнүн көз алдында жок болууда. Алардын мындай жоруктарын баамдап, атактуу Дэвид Копперфильд да аларчалык сыйкыр көрсөтө албаса керек деген ой келет. Россиянын резервдерин деле ушундай тагдыр күтөр. Анда Зеленский мырза өз аракеттери менен талкаланган эли менен бетме-бет калат. Маянаны да, пенсияны да төлөй албайт. Тил табышууга таптакыр каршы аскерлер да ага өз дооматтарын коюушу мүмкүн.
Ошондуктан Зеленский G20нын жыйынындагы видеобайланыш аркылуу сөзүндө колунан келишинче сүйлөшүүлөр мүмкүн болбогон талаптарды койду. РФ ТИМ башчысы Лавров да аны тегин жерден "өтө кызык болду" деп сыпайы гана сүрөттөп койбогондур.
Сүйлөшүүлөрдү украиналык коомчулук кооптонуу менен кабылдоодо. Албетте, адамдардын көпчүлүгү дүрбөлөңгө түшүп турат. Анткени алар – Россияга каршы чеберлердин колу менен жүргүзүлгөн катаал маалыматтык-психологиялык согуштун курмандыктары. Байкуш Украина АКШ менен НАТОнун Россияга каршы ачкан фронтторунун бири гана экени эбак эле баарына маалым. Себеби аталган эки өлкөнүн чек арасы дүйнөдө эң узун, 60 миң чакырымдан ашуун аралыкты түзөт. Кастарын тигип тургандар каалаган жеринде, Кавказда же Орто Азияда болобу, кырдаалды чайпап, жаңжалды тутанта алышат. Арктика боюнча да Россияга суроо топтолууда. Швеция менен Финляндия НАТОго кирүүдө. Россиянын президенти РФ менен Батыштын тиреши кеминде эле он жылга созуларын, ошондуктан өлкөсү ар кандай күтүүсүздүктөргө да даяр турушу керектигин белгиледи.
Николай Патрушев Россиянын Борбордук федералдык округунда абадан коргонуу жана контрбатереялык күрөштүн каражаттарын көбөйтүүнү сунуштады. Ал эми бул – Россиянын чордону.
Украинанын эми Батышка зарылдыгы жок. Батыш болгону Россияны талкалап, чабалдатып, бөлүп-жарып жок кылууну көздөйт. РФ дүйнөнүн эч бир мамлекети даай албаган тирешке дээрлик жалгыз өзү батынды. Ошол эле учурда жоокерлерин, жай тургундарынын өмүрүн коргоп калууга бүт күчүн жумшоодо. Ушундай ири тиреште РФ өз экономикасын да өнүктүрүп, калкына бакубат турмуш тартуулоого да тийиш. Ошондо гана өлкөсүн, аны менен катар миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап кала алат.
Азыркы тапта Россиянын алдында Улуу Ата Мекендик согуш талап кылган бааны төлөбөстөн Батышты жеңип чыгуу милдети турат. Бул үчүн РФ бардык: аскерий да, саясий да, маалыматтык да каражаттарды колдонуп, ошондой эле экономикалык рычагды да ишке тартары турулуу иш. Ал эми кезеги келгенде сүйлөшүүлөргө да барары бышык.
Москва Кремлинин мунарасындагы жылдыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШда Россияны жарга такоонун кесепети кандай болору айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0