Кызыл аянттагы ГУМ-жылгаяк: балалыкка чакырган жомоктогудай ирмемдер
Кызыл аянттагы ГУМ-жылгаяк: балалыкка чакырган жомоктогудай ирмемдер
Sputnik Кыргызстан
Россиянын борбору Москва шаарындагы Кызыл аянтта салт болуп калгандай быйыл да ГУМ-жылгаяк ачылды. Масштабдуу бул майрамда олимпиада чемпиондору, артисттер... 01.12.2022, Sputnik Кыргызстан
Россиянын борбору Москва шаарындагы Кызыл аянтта салт болуп калгандай быйыл да ГУМ-жылгаяк ачылды. Масштабдуу бул майрамда олимпиада чемпиондору, артисттер, балет бийчилери элге жагымдуу маанай тартуулашты. Аны Sputnik даярдаган сүрөт ирмемдерден көрсөңүз болот.
Элге тартуулана турган номерлерди тогуз айга чукул даярдашкан. Ага көркөмдөп муз тебүүнү чеберлери, олимпиада чемпиондору: Камила Валиева, Никита Кацалапов жана Виктория Синицина катышты.
"Бул биз жакшы көргөн "Миң бир түн" жомогу", бала кезде аны баары окушкан. Ошол чыгарманын негизинде "Шахрезаданын махабатынын тарыхын" иштеп чыктык", – деген Навка
Салттуу жылгаяктын ачылышына Россия шоу-бизнесинин атактуулары: Юлия Пересильд, Светлана Хоркина, Анна Снаткина, Андрей Малахов, Алика Смехова, Жасмин, Татьяна Михалкова, Игорь Николаев жана башкалар келишти
Бир катар артисттер үй-бүлөсү, жакын адамдары менен болду. Алардын арасында Филипп Киркоровдун атасы Бедрос, балдары Алла-Виктория, Мартин болду. Кызыл аянттагы майрамга ырчынын өзү башкалардын көзүнө дароо илинип, өзгөчө кийинип келди.
Салтанаттын ачылышында Россиянын Спорттук гимнастика федерациясынын вице-президенти Алексей Немов жана Bosco di Ciliegi компаниясынын жетекчиси, ишкер Михаил Куснирович болду