https://sputnik.kg/20221118/kyrgyzstan-miliciya-ajlyk-1070095372.html
Кыргызстандын милиция кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлдү
Кыргызстандын милиция кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлдү
Sputnik Кыргызстан
Кошумча каражат мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде делимитация жана демаркация процесстери толук аяктаганга чейин төлөнүп турары айтылды. 18.11.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-11-18T12:18+0600
2022-11-18T12:18+0600
2022-11-18T12:18+0600
кыргызстан
иим
милиция
айлык
акча
жарлык
https://sputnik.kg/img/104344/95/1043449527_0:27:1166:683_1920x0_80_0_0_c0bda89a452f70741e0a8311202db7c2.jpg
БИШКЕК, 18-ноя.— Sputnik. Кыргызстандын милиция кызматкерлери жогорулатылган айлык маяна ала баштаганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.2022-жылдын 19-сентябрында мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кыргызстандын аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарында иштегендерге акчалай үлүштү төлөө системасын өркүндөтүү жөнүндө" жарлыгына кол койгон. Ага ылайык, 2022-жылдын 1-октябрынан тартып аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн кызмат өтөө үчүн үстөк акчалары жылдык эмгек акы фондунун 80 пайызына чейин жогорулатылган.Бул кошумча каражат мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде делимитация жана демаркация процесстери толук аяктаганга чейин төлөнүп турары айтылды."ИИМдин көпчүлүк бөлүктөрүндө октябрь айы үчүн айлык акыдан сырткары үстөк акы дагы төлөнүп берилди. Айрым бөлүктөр үстөк акыны кийинчерээк алышат", — деген ИИМдин маалымат кызматы.Азыркы учурда ИИМдин Күзөт кызматында келишимдерди кайрадан түзүү боюнча иштер жүрүп жатканы айтылып, ИИМдин Күзөт кызматында иштегендер үстөк акыны бул жумуштар толук аяктагандан кийин алары кошумчаланды.
https://sputnik.kg/20221111/kyrgyzstanda-ortocho-aylyk-27-027-somdu-t-zd-1069882087.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104344/95/1043449527_109:0:1057:711_1920x0_80_0_0_bf6c32a520a59759b5feb9fd1c4df035.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, иим, милиция, айлык, акча, жарлык
кыргызстан, иим, милиция, айлык, акча, жарлык
Кыргызстандын милиция кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлдү
Кошумча каражат мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде делимитация жана демаркация процесстери толук аяктаганга чейин төлөнүп турары айтылды.
БИШКЕК, 18-ноя.— Sputnik. Кыргызстандын милиция кызматкерлери жогорулатылган айлык маяна ала баштаганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
2022-жылдын 19-сентябрында мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кыргызстандын аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарында иштегендерге акчалай үлүштү төлөө системасын өркүндөтүү жөнүндө" жарлыгына кол койгон. Ага ылайык, 2022-жылдын 1-октябрынан тартып аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн кызмат өтөө үчүн үстөк акчалары жылдык эмгек акы фондунун 80 пайызына чейин жогорулатылган.
"ИИМдин буйругу боюнча, ай сайын милиция кызматкеринин маянасына кошуп 20 000 сом үстөк акы төлөнө баштады. Ошондой эле өзгөчө абалда кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын кызматкерлерин материалдык жактан шыктандыруу максатында Баткен, Лейлек райондорунун, Баткен жана Сүлүктү шаарларынын аймагында кызмат өтөгөн милиция кызматкерлери менен Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын айлык акысына ай сайын 30 000 сомдон үстөк акы кошулуп берилет", — деп жазылат маалыматта.
Бул кошумча каражат мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде делимитация жана демаркация процесстери толук аяктаганга чейин төлөнүп турары айтылды.
"ИИМдин көпчүлүк бөлүктөрүндө октябрь айы үчүн айлык акыдан сырткары үстөк акы дагы төлөнүп берилди. Айрым бөлүктөр үстөк акыны кийинчерээк алышат", — деген ИИМдин маалымат кызматы.
Азыркы учурда ИИМдин Күзөт кызматында келишимдерди кайрадан түзүү боюнча иштер жүрүп жатканы айтылып, ИИМдин Күзөт кызматында иштегендер үстөк акыны бул жумуштар толук аяктагандан кийин алары кошумчаланды.
11 Жетинин айы 2022, 14:17