Кыргызстанда орточо айлык 27 027 сомду түздү

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча кармап турган кыз. Архив
Акча кармап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2022
Жазылуу
Ведомство кайсы тармакта иштегендердин эмгек акысы жогорулаганын айткан.
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен кыргызстандыктардын орточо айлык акысы 27 027 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27,9 пайызга көп көрсөткүч.
Ведомствонун маалыматы боюнча, маянанын кыйла жогорулашы искусство, оюн-зоок жана эс алуу, саламаттык сактоо, калкты социалдык жактан тейлөө, билим берүү, мамлекеттик башкаруу, коргонуу, милдеттүү социалдык камсыздоо, тоо-кен тармагында, жүк ташуу тармагында болгон. Ошондой эле дүң соода жана авто оңдоо тармагында иштегендердин да кирешеси жогорулаган.
Нан кармап турган кемпир. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2022
Улгайгандар арасында жакырлык өсүүдө. Статистика
Жаңылыктар түрмөгү
0