Өлкөдө COVID-19га антитело аныктоо үчүн изилдөөнүн үчүнчү этабы өтөт

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүCOVID-19га антитело аныктоо үчүн анализ тапшыруу. Архивдик сүрөт
COVID-19га антитело аныктоо үчүн анализ тапшыруу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2022
Жазылуу
Буга чейин эки жолу акысыз анализ алуу иш-чаралары өткөрүлгөн. Биринчи этапта калктын 58 пайызында антитело бар экендиги аныкталса, экинчи этапта бул көрсөткүч 80 пайыздан ашкан.
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кыргызстан калкынын коронавируска антителосун изилдөөнүн үчүнчү этабы 31-октябрдан 4-ноябрга чейин өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, иш-чара Роспотребнадзор менен кызматташуунун алкагында жүргүзүлөт. Изилдөөлөр калктын канча пайызында COVID-19га иммунитет пайда болгондугун билүүгө жардам берет.
Изилдөөнүн биринчи этабы 2021-жылдын июль айында өткөн. Анда калктын 58 пайызында аталган ооруга антитело бар экендиги аныкталган. Экинчи этабы 2022-жылдын февраль айында өтүп, анын жыйынтыгында элдин 80 пайызында иммунитет бардыгы белгилүү болгон.
"Үчүнчү этапта мурдагы этаптарга катышкан 9 469 ыктыярчыдан кайрадан анализ алынат. Мындан тышкары, катышууну каалаган ыктыярчылар 31-октябрдан баштап 4-ноябрга чейин саат 09:00дөн 14:00гө чейин кан алуу пунктуларына кайрылса болот. Анализ тапшыруу акысыз", — деп жазылат министрликтин маалыматында.
Изилдөөлөр Саламаттык сактоо министрлигинин "Профилактикалык медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин базасында Эпидемиология жана микробиология боюнча Санкт-Петербург илим изилдөө институтунун кызматкерлери менен биргеликте өтүүдө.
Суроолорго Зуридин Нурматов 0(778) 10-04-77 номери жана zuridin@mail.ru дареги боюнча жооп берет.
Оорукадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2022
Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал режими 1-ноябрда алынат
Жаңылыктар түрмөгү
0