Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Киевдин "ыплас бомба" колдонушун Москва өзөктүк террор катары кабылдайт

© Sputnik / Нэнси Сисель / Медиабанкка өтүү Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя. Архив
 Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2022
Жазылуу
Киев планын Батыштагы кураторлордун жетеги менен ишке ашыра баштаганы белгилүү болгон.
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Киев чагымчылыкка барып "ыплас бомбасын" колдоно турган болсо, Москва аны өзөктүк террор катары кабылдайт. Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензянын уюмдун баш катчысы Антониу Гутеррешке жолдогон катында жазылганын РИА Новости кабарлады.
Буга чейин ишенимдүү булактар Россия Украинанын чагымчылыкка даярданып жатышын талкуулоо үчүн шейшемби күнкүгө БУУнун Коопсуздук кеңешин чогултууну өтүнгөнүн маалымдаган.
Катта Киевдин "ыплас бомба" колдонуу менен жасалчу чагымчылыгы Батыш мамлекеттеринин жардамы менен ишке ашмакчы экени жазылган. "Биздин Коргоо министрлиги дагы чагымчылык Батыш өлкөлөрүнүн колдоосу менен жасала турганы тууралуу маалымат алды", — деп айтылат билдирүүдө.
Россия тарап Батыш өлкөлөрүн Киевди оюнан кайттырууга чакырууда. Катта мындай ойлонулбаган кадамдын кесепети оор болуп, адамдардын кырылышы менен коштолору белгиленген.
Мындан тышкары, "Москва БУУнун башкы катчысын болгон аракетин жумшап мындай оор кылмышка жол бербөөгө" чакырган. Муну менен бирге катта Россиянын Украинада өзөктүк курал колдонуу ниети жок экени айтылат.
Эскерте кетсек, буга чейин ар кыл өлкөлөрдөгү, ошол эле Украинадагы ишенимдүү маалымат булактарынан Киев режими өз аймагында "ыплас бомба" (күчү анча көп эмес өзөктүк ок-дары) жардыруу менен чагымчылык даярдап жатканы белгилүү болгон. Бул Кремлди Украинада массалык кыйратуучу курал колдонуп жатат деп айыптоого жол ачып, антироссиялык кампанияны дүйнөгө жайылтууга мүмкүнчүлүк бермекчи.
Мындан тышкары, түрдүү булактардан Киев бул планын Батыштагы кураторлордун жетекчилиги менен ишке ашыра баштаганы белгилүү болгон. Днепропетровск облусундагы кенди байытуу комбинатына жана Киевдеги өзөктүк изилдөөлөр институтунун жетекчилигине бомбаны жасоо тапшырмасы берилип, ал иш акыркы стадиясына жеткен.
Дүйшөмбү күнү РФ Куралдуу күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо аскерлеринин башчысы, генерал-лейтенант Игорь Кириллов Коргоо министрлиги бөлүктү даяр турууга тапшырма бергенин билдирди.
"Ыплас бомба" радиоактивдүү изотоптор жана жардыруучу зат салынган контейнер сыяктуу келет. Колдонулган учурда контейнер талкаланып, радиоактивдүү зат толкун болуп тарайт. РФ Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, эгер Украина "ыплас бомбаны" жардыра турган болсо изотоптор атмосферага 1 500 чакырымга чейин тарап, Польшаны каптап калат.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Песков: Батыш Киевдин ыплас чагымчылыгына ишенсе-койсо өзү билет
Жаңылыктар түрмөгү
0