https://sputnik.kg/20221025/keti-perrinin-fanattaryn-chochutkan-videosu-1069338717.html
Көзү улам жабылып... Кэти Перринин күйөрмандарын чочуткан видеосу
Көзү улам жабылып... Кэти Перринин күйөрмандарын чочуткан видеосу
Sputnik Кыргызстан
Артистке байланыштуу окуя Лас-Вегастагы концертте болгон. Комментарий жазгандар бул ырчы өтө кыжалаттанганда болсо керек деген пикирин билдиришкен. 25.10.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-10-25T14:15+0600
2022-10-25T14:15+0600
2022-10-25T14:15+0600
дүйнөдө
акш
лас-вегас
көз
күйөрман
концерт
видео
кэти перри
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/19/1069334157_506:337:2758:1604_1920x0_80_0_0_1921c32c646e5f5f48e38aba7d4bf8e0.jpg
БИШКЕК, 25-окт — Sputnik. Америкалык ырчы Кэти Перри сахнада турганда көзү улам жабыла берип күйөрмандарын чочутту. Видео интернет айдыңына болуп көрбөгөндөй тездик менен тарап кетти.Англис тилдүү ЖМКлар окуянын Лас-Вегастагы концертте болгонун жазышты. Көрүүчүлөрдүн айтымына караганда, ырдаар алдында көзүн ымдап жаткан сымал жабылып, колу менен аракет кылып ачкан сайын кайра түшө берген. Бул эмнегедир роботту элестеткен.Түшүнүксүз бул нерсе токтоп калгандан кийин жеңилдене түшкөн ырчы тамашалаган болуп, андан ары ырын уланткан.Видеонун алдына күйөрмандар эмне окуя болуп кеткенин түшүнбөй калганын жазышса, кээ бирөөлөрү суроо узатып, бир катарлары тамашалаган пикирлерин калтырган. Көрүүчүлөрдүн ичинен бул шоу-концерттин атайын жасалган бөлүгү деп ойлогондор болгон.
https://sputnik.kg/20220904/the-weeknd-kabylgan-okuya-artist-unun-zhogotup-algan-1067547826.html
акш
лас-вегас
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/19/1069334157_338:0:3069:2048_1920x0_80_0_0_c722b86bad00a7a22c475fa1cf005709.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, лас-вегас, көз, күйөрман, концерт, видео, кэти перри
дүйнөдө, акш, лас-вегас, көз, күйөрман, концерт, видео, кэти перри
Көзү улам жабылып... Кэти Перринин күйөрмандарын чочуткан видеосу
Артистке байланыштуу окуя Лас-Вегастагы концертте болгон. Комментарий жазгандар бул ырчы өтө кыжалаттанганда болсо керек деген пикирин билдиришкен.
БИШКЕК, 25-окт — Sputnik. Америкалык ырчы Кэти Перри сахнада турганда көзү улам жабыла берип күйөрмандарын чочутту. Видео интернет айдыңына болуп көрбөгөндөй тездик менен тарап кетти.
Англис тилдүү ЖМКлар окуянын Лас-Вегастагы концертте болгонун жазышты. Көрүүчүлөрдүн айтымына караганда, ырдаар алдында көзүн ымдап жаткан сымал жабылып, колу менен аракет кылып ачкан сайын кайра түшө берген. Бул эмнегедир роботту элестеткен.
Түшүнүксүз бул нерсе токтоп калгандан кийин жеңилдене түшкөн ырчы тамашалаган болуп, андан ары ырын уланткан.
Видеонун алдына күйөрмандар эмне окуя болуп кеткенин түшүнбөй калганын жазышса, кээ бирөөлөрү суроо узатып, бир катарлары тамашалаган пикирлерин калтырган. Көрүүчүлөрдүн ичинен бул шоу-концерттин атайын жасалган бөлүгү деп ойлогондор болгон.