Иркутск шаарында кырсыктаган учактын эки пилоту көз жумду

© Sputnik / Владимир Смирнов / Медиабанкка өтүүИркутскиде Су-30 учагы кыйрады
Иркутскиде Су-30 учагы кыйрады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2022
Жазылуу
Жай жарандар арасында өлүм учурлары катталган жок. Өрт өчүрүлдү.
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. РИА Новости Россиянын Иркутск шаарында кулаган учак кырсыгынын чоо-жайы боюнча маалымат берди.
Эске салсак, кырсык бүгүн, 23-октябрда, катталган. Аймактын губернатору Игорь Кобзевдин айтымында, Су-30 үлгүсүндөгү учак жыгач үйдүн үстүнө кулаган. Россиянын ӨКМи аба кемеси сыноо учурунда кырсыктаганын билдирген.
"Учактын ичиндеги эки учкуч тең көз жумган. Жай жарандар арасында өлүм учурлары катталган жок. Өрт өчүрүлдү", — деп жазылат маалыматта.
Аталган окуядан улам 150 үй жарыксыз калганы айтылды. Прокуратура текшерүү иштерин жүргүзүп, Тергөө комитети кырсык болгон жерге тергөөчү-криминалисттерди жөнөткөнү кошумчаланды. Аталган окуя боюнча коопсуздук эрежелери сакталган эмес деген жүйө менен иш козголду.
Ейскидеги учак кырсыгы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2022
Ейскидеги учак кырсыгынан көз жумгандардын саны 13кө жетти, үчөө балдар
Жаңылыктар түрмөгү
0