КМШ башчыларынын саммитинде кол коюлган документтердин тизмеси

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАстанада өтүп жаткан КМШнын өлкө башчылары катышкан кеңештин жыйыны
Астанада өтүп жаткан КМШнын өлкө башчылары катышкан кеңештин жыйыны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2022
Жазылуу
Документтер соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдө, коопсуздук жаатында интеграциялык байланыштарды бекемдөөгө багытталган.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Астанада өткөн КМШнын өлкө башчылары катышкан кеңештин жыйынында бир катар документтерге кол коюлганын президенттин маалымат кызматы кабарлап, аларды тизмектеди.
Документтер соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдө, ошондой эле коопсуздук жаатында интеграциялык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган.
Кол коюлган документтер:
КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын 2023-жылы Бишкек шаарында өткөрүү жөнүндө;
Аткаруу комитетинин төрагасы — КМШ аткаруу катчысы жөнүндө;
КМШны өнүктүрүүдө ага мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын ролу жөнүндө;
КМШнын алдында түзүлгөн орус тилин колдоо жана өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм жөнүндө;
КМШда 2024-жылды Ыктыярчылар кыймылынын жылы, 2025-жылды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы — нацизмге каршы күрөшүүдөгү тынчтык жана биримдик жылы, 2026-жылды Саламаттык сактоо жылы деп жарыялоо тууралуу;
КМШга мүчө-мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин консультативдик кеңешин түзүү тууралуу макулдашуу жөнүндө;
КМШга мүчө мамлекеттердин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташуусу тууралуу макулдашуу жөнүндө;
КМШга мүчө-мамлекеттердин 2023-2025-жылдарга карата терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча кызматташуу программасы жөнүндө;
Эркин соода кызмат көрсөтүү, инвестиция түзүү, анын ишмердиги жана аны ишке ашыруу тууралуу макулдашуунун долбоорун даярдоо жөнүндө;
2024-жылы Санкт-Петербург шаарын Шериктештиктин маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө;
КМШга Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна байкоочу макамын берүү жөнүндө;
КМШнын Адам укуктары боюнча комиссиясы жөнүндө;
КМШнын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө;
КМШга мүчө-мамлекеттердин президенттеринин маданият чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу билдирүүсү жөнүндө;
КМШга мүчө-мамлекеттердин президенттеринин климат чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу билдирүүсү жөнүндө.
КМШ башчыларын Астанадагы саммитти  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2022
КМШ башчылары кийинки саммитти Кыргызстанда өткөрмөй болушту
Жаңылыктар түрмөгү
0