Жапаров Астанадагы саммитте азык-түлүктүн кымбатташы боюнча маселе көтөрдү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2022
Жазылуу
Президент өз сөзүндө мындай абал адегенде эле калктын аялуу катмарына оорчулук жаратканына токтолуп, аймактагы ар бир мамлекет азык-түлүк коопсуздугу боюнча өз механизмдерин киргизүүгө аракеттенип жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Борбор Азия — Россия" саммитинде региондогу өлкөлөргө азык-түлүк коопсуздугу боюнча бирдиктүү стратегияны иштеп чыгып ишке ашырууну сунуштады.

"Бул аракеттер айыл чарба жана кайра иштетүү тармагын комплекстүү өнүктүрүүнү шарттайт деп эсептейм. Бүгүнкү күндө ар бир мамлекет азык-түлүк коопсуздугу боюнча өз механизмдерин киргизүүгө арекеттенүүдө, бул чоң коркунучтарды өз алдынча чечкенге алып келет. Аймактагы өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрү менен потенциалы эске алынбай жатат. Биздин көз карашыбызда, келечекте азык-түлүк тартыштыгын алдын алып жана аны өз ара толуктоону камсыздоо үчүн ички рынокту коргоо маселелери боюнча бирдиктүү чараларды көрүү зарыл", — деди Жапаров.

Президент азык-түлүктүн жана электр энергиясынын кымбатташы биринчи кезекте калктын аялуу катмарын кыйнап жатканына токтолуп, мындай абалда кирешеси аз үй-бүлөлөр тапканынын көп бөлүгүн азык-түлүккө жумшоого аргасыз болуп жаткандыгын белгиледи.
"Бул бизди абдан тынчсыздандырган маселе, анткени социалдык жана саясий туруктуулук азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгү менен тыгыз байланышта. Мындай учурда аны экспорттоо жана импорттоо боюнча чектөөлөрдүн болбогондугу өтө маанилүү", — деди президент.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2022
Жапаров: Борбор Азия мамлекеттери, РФ менен кызматташуу Кыргызстан үчүн маанилүү
Жаңылыктар түрмөгү
0