15-октябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений БиятовСаргайган жалбырак кармап турган кыз. Архив
Саргайган жалбырак кармап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2022
Жазылуу
15-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Ишембиде көпчүлүк аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +22...+27, Талас жергесинде +24...+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +23...+28, Ысык-Көл жана Нарында +14...+19 градус жылуу болору болжолдонду.
Күндүн табы борбор калаада +24...+26, Ош шаарында +26...+28 градуска чейин көтөрүлөт.
Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2022
Жылуу болот. Дем алышка карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0