Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Крым көпүрөсүндөгү терактыдан кийинки ойлор. Россия кандай кадамга барат?

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүКрым көпүрөсүндөгү терактынын кесепети
Крым көпүрөсүндөгү терактынын кесепети - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2022
Жазылуу
Владимир Путин Крым көпүрөсүндөгү терактыдан соң Киев бийлигин террорчуларга теңеди.
Украинанын инфраструктуралык объектилери, атап айтканда, энергетика, байланыш жана аскерий башкармалыгына топтоштурулган сокку уруулар тек гана эскертип, Россиянын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтөт. Кырдаалга абай салган журналист Петр Акоповдун материалы РИА Новости агенттигине жарыяланды.
Бирок бул электр кубатынан ажыратып, көпүрө жана байланыштарды талкалоо тактикасына өткөнүн туюндурбайт. Бул – Крым көпүрөсүнө чабуулга да, андан мурунку Курск атомдук электр станциясына чабуул жасоо аракеттерине да жооп катары бир жолку иш-аракет.
Украина энергетикасын, темир жол байланыштарын (фронтту курал жана ок-дары менен камсыздоосуна бөгөт коюп), көпүрөлөрдү жок кылууга бир жолку сокку эмес, бир нече апта бою күн сайын чабуул коюу зарыл.
Путин да тек гана: "Территориябызда теракт жасоого аракеттер улана берсе, Россия тарабынан жооп катаал жана масштабы да Россия Федерациясына келтирилген коркунучтардын деңгээлине жараша болот. Мындан эч ким шек да санабасын", — деп "эскертти". Россия лидеринин айткандары эми кезек Киевде экенин, баары анын мындан аркы кадамдарына жараша болорун билдиреби? Андай эмес, Украинада жайкын жарандардын өмүрүн сактап калууга аракет кылса да РФ өз тактикасын өзү гана аныктаары анык. Ошол эле учурда Россия Украинанын тургундарын жазалоону каалабайт, болгону азыркы улутка каршы элитасынын, Батыштын колунан сууруп чыгарууну көздөйт.
Ооба, көптөгөн украиналык жарандар азыркы бийлигин жактап, ал эми Батышты союздаш жана камкордук көргөн тарап катары көрөт. Бирок жыйынтыгында, азыркы режим кыйраганда алар да аңдайт.
Украина азыр Батыштын жардамын, ал гана эмес азыркы жаңжалга алардын түз кийлигишүүсүн күтөт. Бирок Батыш андайга эч качан барбайт. Алар үчүн Россия менен украиналыктардын колу менен согушуу ыңгайлуу, анан да өзөктүк жаңжалдын зарылдыгы жок. Киев ушуну түк түшүнбөй жатканы таң калычтуу.
Ошондуктан Киев Россия менен түз күрөшүүгө Батышты тартуунун амалында кырдаалды ырбатуунун жолун издейт. Дал ошол себептен Крым көпүрөсүндө теракты жасалды. Киевдегилер буга Москва кандай чара көрөрүн болжоп, катаал жооп болорун күтүшкөн.
Кандай болгон учурда да Россия баштаганын аягына чыгарат. РФ Батышка Украинаны Россияга каршы курал катары калтырып койбой турганы ырас. Муну россиялык дагы бир үлкөн саясатчынын сөзү да айгинелейт.
РФ президенти Путиндин Коопсуздук кеңешиндеги орун басары Дмитрий Медведев: "Улутчул саясий режимдеги азыркыдай түзүлүштөгү Украина Россияга түз жана ачык кооптуулук туудурат. Ошондуктан биздин мындан аркы кадамдарыбыз өлкөнүн жарандары, чек араларын коргоодон тышкары Украинанын саясий режимин толук өзгөртүүнү көздөөгө тийиш", – деп так кесе билдирди.
Атайын аскердик операциянын эң башында Путин да дал ушуну белгилеп, саясий жетекчиликти алмаштырбастан денацификация жана демилитаризациялоо мүмкүн эместигин айткан.
Евробиримдиктин желектерин тууралап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кезектеги чектөөлөр, криптокапчыктар. Европанын Россияга каршы кадамдары
Жаңылыктар түрмөгү
0