Илхам Алиевдин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынан 15 сүрөт
Илхам Алиевдин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынан 15 сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетти. Бул иш-чаранын кандай өткөндүгүн Sputnik сунуштаган кадрлардан көрө... 12.10.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-жылдын 11-октябрында Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин учагы "Манас" эл аралык аэропортуна келип конуп, аны Кыргызстандын башчысы Садыр Жапаров тосуп алды. Алар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мамлекеттер аралык кеңештин биринчи отурумун өткөрдү. Сапардын алкагында Кыргызстан — Азербайжан достук паркы жана эки мектеп ачылды. Бирине Гейдар Алиевдин, экинчисине Низами Гянжевинин ысымы берилди.Кызматташуу боюнча маанилүү сегиз документке кол коюлду. Анын ичинде 25 миллион долларлык уставдык капиталы менен кыргыз-азербайжан фондун түзүү келишими болду.Алиевдин мамлекеттик сапары эки күн болду.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетти. Бул иш-чаранын кандай өткөндүгүн Sputnik сунуштаган кадрлардан көрө аласыз.
2022-жылдын 11-октябрында Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин учагы "Манас" эл аралык аэропортуна келип конуп, аны Кыргызстандын башчысы Садыр Жапаров тосуп алды. Алар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мамлекеттер аралык кеңештин биринчи отурумун өткөрдү. Сапардын алкагында Кыргызстан — Азербайжан достук паркы жана эки мектеп ачылды. Бирине Гейдар Алиевдин, экинчисине Низами Гянжевинин ысымы берилди.
Кызматташуу боюнча маанилүү сегиз документке кол коюлду. Анын ичинде 25 миллион долларлык уставдык капиталы менен кыргыз-азербайжан фондун түзүү келишими болду.
Илхам Алиевди Кыргызстандын башчысы Садыр Жапаров тосуп алды. Жогорку даражадагы конокту тосуп алуу үчүн аэропорттун флагштокторуна эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлүп, Ардак кароол тизилди.
Азербайжан президенти "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекске зыярат кылды. Анын улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюп жаткан учуру.
"Ата-Бейитте" 1916-жылкы каргашалуу Үркүндүн кесепетинен каза болгондорго жана сталиндик репрессиянын курмандыктарына жана Чыңгыз Айтматовго куран окулду
Кызматташуу боюнча маанилүү сегиз документке кол коюлду. Анын ичинде 25 миллион долларлык уставдык капиталы менен кыргыз-азербайжан фондун түзүү келишими бар.
Ардактуу меймандар үчүн тамак-аштан даам татуу, улуттук азык-түлүк көргөзмөсү жана "Аталар изи" кыргыз улуттук кийимдеринин коллекцияларынын көргөзмөсү уюштурулду.