Бишкектеги №20 мектеп-гимназияга Гейдар Алиевдин ысымы ыйгарылды. Сүрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2022
Жазылуу
Эки президент мектептин залдарын жана класстарын кыдырып, Алиев футбол тобуна кол коюп, окуучуларга белек кылган.
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн Бишкек шаарындагы №20 мектеп-гимназияга Гейдар Алиевдин ысымын ыйгаруу салтанаттуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн Бишкек шаарындагы №20 мектеп-гимназияга Гейдар Алиевдин ысымын ыйгаруу салтанаттуу аземи болуп өттү

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн Бишкек шаарындагы №20 мектеп-гимназияга Гейдар Алиевдин ысымын ыйгаруу салтанаттуу аземи болуп өттү - Sputnik Кыргызстан
1/5

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн Бишкек шаарындагы №20 мектеп-гимназияга Гейдар Алиевдин ысымын ыйгаруу салтанаттуу аземи болуп өттү

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Иш-чарага президенттер Садыр Жапаров жана Илхам Алиев катышкан

Иш-чарага президенттер Садыр Жапаров жана Илхам Алиев катышкан - Sputnik Кыргызстан
2/5

Иш-чарага президенттер Садыр Жапаров жана Илхам Алиев катышкан

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Жапаров Кыргызстанда мектепке ысым ыйгаруу эки тараптуу мамилелердеги орчундуу окуя экенин белгилеген

Жапаров Кыргызстанда мектепке ысым ыйгаруу эки тараптуу мамилелердеги орчундуу окуя экенин белгилеген - Sputnik Кыргызстан
3/5

Жапаров Кыргызстанда мектепке ысым ыйгаруу эки тараптуу мамилелердеги орчундуу окуя экенин белгилеген

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Ал мектепке Гейдар Алиевдин ысымын ыйгаруу Кыргызстан үчүн чоң сыймык экенин, анткени бул масштабдуу инсанда Азербайжандын эле эмес, башка элдердин да үмүтү жана тилеги топтолгондугун белгилеген

Ал мектепке Гейдар Алиевдин ысымын ыйгаруу Кыргызстан үчүн чоң сыймык экенин, анткени бул масштабдуу инсанда Азербайжандын эле эмес, башка элдердин да үмүтү жана тилеги топтолгондугун белгилеген - Sputnik Кыргызстан
4/5

Ал мектепке Гейдар Алиевдин ысымын ыйгаруу Кыргызстан үчүн чоң сыймык экенин, анткени бул масштабдуу инсанда Азербайжандын эле эмес, башка элдердин да үмүтү жана тилеги топтолгондугун белгилеген

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Алар мектептин залдарын жана класстарын кыдырып, Алиев футбол тобуна кол коюп, окуучуларга белек кылган.

Алар мектептин залдарын жана класстарын кыдырып, Алиев футбол тобуна кол коюп, окуучуларга белек кылган. - Sputnik Кыргызстан
5/5

Алар мектептин залдарын жана класстарын кыдырып, Алиев футбол тобуна кол коюп, окуучуларга белек кылган.

1/5

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн Бишкек шаарындагы №20 мектеп-гимназияга Гейдар Алиевдин ысымын ыйгаруу салтанаттуу аземи болуп өттү

2/5

Иш-чарага президенттер Садыр Жапаров жана Илхам Алиев катышкан

3/5

Жапаров Кыргызстанда мектепке ысым ыйгаруу эки тараптуу мамилелердеги орчундуу окуя экенин белгилеген

4/5

Ал мектепке Гейдар Алиевдин ысымын ыйгаруу Кыргызстан үчүн чоң сыймык экенин, анткени бул масштабдуу инсанда Азербайжандын эле эмес, башка элдердин да үмүтү жана тилеги топтолгондугун белгилеген

5/5

Алар мектептин залдарын жана класстарын кыдырып, Алиев футбол тобуна кол коюп, окуучуларга белек кылган.

Иш-чарага президенттер Садыр Жапаров жана Илхам Алиев катышкан.
Жапаров Кыргызстанда мектепке ысым ыйгаруу эки тараптуу мамилелердеги орчундуу окуя экенин белгилеген.
"Мындай кадамдар эки элдин бекем достугун жана өлкөлөр ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты айгинелейт. Анын пайдубалы эл аралык даражадагы тарыхый инсан, Азербайжандын улуттук лидери, урматтуу Гейдар Алиевич Алиев тарабынан түптөлгөн", — деген Жапаров.
Ал мектепке Гейдар Алиевдин ысымын ыйгаруу Кыргызстан үчүн чоң сыймык экенин, анткени бул масштабдуу инсанда Азербайжандын эле эмес, башка элдердин да үмүтү жана тилеги топтолгондугун белгилеген.
"Ал ким болбосун, республиканын Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болобу же өзүнүн кичи мекени — Нахичеванда болсун — Гейдар Алиевич өз доорунун көрүнүктүү өкүлү, кылдат жана ойчул, жаратман, даанышман адам болгон. Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү катары СССР Министрлер Советинин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп турганда Гейдар Алиев СССРдин экономикалык, социалдык жана маданий турмушунун маанилүү багыттарын жетектеген. Анын бай саясий жана мамлекеттик тажрыйбасы, элдин таламдарын коргоодогу бекемдиги жана ак ниеттүүлүгү, акылмандыгы жана бийик адамдык сапаттары Азербайжандын чегинен тышкары жерлерде да адилеттүү түрдө урмат-сыйга ээ болгон. Ал элибизге болгон жылуу мамилеси, колдоосу, катышуусу менен бизге, кыргызстандыктарга, жакын", — деген Жапаров.
Мамлекет башчы келечекте бул мектептен Гейдар Алиев сыяктуу инсандар чыгат деген ишенимин билдирди.
Ошондой эле Садыр Жапаров жаш мекендештер бир тууган эки элдин жана өлкөлөрдүн ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын бекем көпүрөсү болуп каларын айткан.
Алар мектептин залдарын жана класстарын кыдырып, Алиев футбол тобуна кол коюп, окуучуларга белек кылган.
"Эки президент мектептин ашканасында башталгыч класстын балдары менен эртең мененки тамакта баарлашып, алар менен мектептин тамагынан даам сызышты. Ардактуу меймандар үчүн мектептин окуучулары Кыргызстан менен Азербайжандын достугун чагылдырган ырларды окуп, ырдап, ошондой эле "Манас" эпосунан үзүндүлөрдү айтышты", — деп кабарлады маалымат кызматы.
Жапаров менен Алиев балдардын талантына суктанып, алардын окууларына ийгиликтерди жана жаркын келечекти каалаган.
Садыр Жапаров Ильхам Алиевге өзгөчө белек берди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2022
Садыр Жапаров Илхам Алиевге өзгөчө белек берди. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0