Депутаттар макулдук бербесе министрлерди президент өзү дайындап коёбу? Мыйзам

© Фото / пресс-служба Жогогрку КенешаПрезиденттин ЖКдагы өкүлү Алмасбек Абытов
Президенттин ЖКдагы өкүлү Алмасбек Абытов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2022
Жазылуу
Конституция боюнча, парламент макул болушу керек, бирок "Министрлер кабинети жөнүндө" мыйзамда макулдугу жок эле дайындалары жазылган.
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Президенттин ЖКдагы өкүлү Алмасбек Абытов төрт министрдин талапкерлигин көрсөтүү үчүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эмнеге келбегенин түшүндүрдү.
Ал, Конституция боюнча, талапкерлерди парламенттеги өкүл гана тааныштырарын, ага президенттин жазуу түрүндөгү буйругу бар экенин айтты.
"Акылбек Үсөнбекович келгенден качпайт, өткөндө эле Кумтөр, миграция, күз-кышка даярдык, билим берүү маселеси боюнча мурунку бейшембиге чакырдыңыздар эле. Бирок ал күнү өзүңүздөр кайра башка маселени кароо чечимин кабыл алдыңыздар. Ал эми бүгүн Акылбек Үсөнбекович даяр эмес, башка иштери менен кетти эле", — деди Абытов.
Ошондой эле ал "Министрлер кабинети жөнүндө" конституциялык мыйзамды эске салып, парламент министрликке талапкерлерге макулдугун бербей койсо президент жети күндөн кийин өзү эле дайындап коёрун билдирди.
Абытов мыйзамдагы төмөнкү нормаларды келтирди:
Президент министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн (айрым мүчөсүнүн) талапкерлигин кызматтан кетүүнү кабыл алган күндөн баштап үч жумуш күндүн ичинде Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизет;
Жогорку Кеңеш жети календардык күндүн ичинде министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн (айрым мүчөлөрүнүн) талапкерлигин карайт жана дайындоого макулдук берүү жөнүндө же макулдук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
Эгерде Жогорку Кеңеш киргизилген талапкерлер боюнча чечимди белгиленген мөөнөттө кабыл албаса, анда алар макулдашылды деп эсептелет.
Абытов бул маселени парламентке 3-октябрда киргизгенин эске салды.
Бирок Дастан Жумабеков парламенттин макулдугусуз министрлер дайындалбай турганын белгиледи.
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша Дастан Джумабеков
Депутат Жогорку Кенеша Дастан Джумабеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2022

"Биз Баш мыйзамга таянышыбыз керек. Конституциянын 80-беренесинде "Министрлер кабинетинин төрагасын, анын орун басарларын жана министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берет" деп так жазылып турат. Мындан өйдө мыйзам жок. Эгер сиз айтып жаткан мыйзам болсо, анда Конституцияга каршы келет. Биз бул жерде макулдук бербей койсок, демек, алар дайындалбайт", — деди Жумабеков.

Белгилей кетсек, депутаттар талаш-тартыштан кийин өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун келишин талап кылып, төрт министрдин талапкерлигин карабай чыгарып жиберишкен.
Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2022
Унчукпай отуруңуз! Вице-спикер президенттин ЖКдагы өкүлүн зекиди. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0