Депутаттар 4 министрдин талапкерлигин карабай чыгарып жиберишти. Себеби

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖогорку Кеңештин жыйыны. Архив
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2022
Жазылуу
Эл өкүлдөрү мурдагы жана келечектеги министрлер үчүн өкмөт башчынын жоопкерчилигин талап кылышты.
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары парламентке келген төрт министрдин талапкерлигин карабай чыгарып жиберишти.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине Алтынбек Максутов, билим берүү жана илим министрлигине Уланбек Мамбетакунов, энергетика министрлигине Таалайбек Ибраев, транспорт министрлигине Тилек Текебаев сунушталган. Аларды парламентке президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов алып келип тааныштырды.
Бирок кээ бир депутаттар мурдагы министрлер эмнеден улам кеткенин, азыркылары дагы ишинен жаза басса жоопкерчиликти ким мойнуна аларын сурашты. Мындан улам министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун келишин талап кылышты.
Натыйжада Жапаров келгенге чейин талапкерлерди карабай турган болуп, аларды залдан чыгарып жиберишти. Президенттин өкүлү Алмасбек Абытов президент талапкерлерди тааныштырууну ага жүктөгөнүн айтты. Бирок депутаттар ага макул болушкан жок.
Ал ортодо эл өкүлү Аида Исатбек кызы өкмөт башчы өзүнүн кызыкчылыгы болгондо эртең мененки саат 8:00дөн кечки 17:00гө чейин ЖКда жүрөрүн айтып, мындайда келбей коюшун сындады.

"Кечээ төраганы шайлоонун алдында Акылбек Үсөнбекович баш болуп, Курманкул Зулушев төш болуп Ак үйдүн ичинде жүрүштү. Бүгүн министрлерди шайлоодо кандайдыр бир суроолор жаралганда чакырсак такыр келишпейт. Андыктан мен да Акылбек Жапаровдун келишин талап кылам", — деди Исатбек кызы.

Абытов депутаттардын талабын Акылбек Жапаровго жеткирерин айтып, ал убактысы болсо эле келгенден качпай турганын белгиледи.
Эскерте кетсек, Конституция боюнча, министрлер парламенттин макулдугу менен президент тарабынан дайындалат.
Жогорку Кеңештин депутаты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2022
"Ата-Журт Кыргызстандан" бөлүнүп "Мекенчил" тобун түзгөн 14 депутаттын тизмеси
Жаңылыктар түрмөгү
0