Жамандыкта жабыла жардам берген Кыргызстан. Ачылган эсептерге канча акча түшкөн

© Sputnik / Табылды КадырбековКаражат чогултуу. Архив
Каражат чогултуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2022
Жазылуу
Кыйын күнгө тушукканда кыргызстандыктардын бир муштумга түйүлө калган мыкты сапаты бар.
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыккан жаңжалда жабыркаган Баткен облусунун тургундары үчүн Финансы министрлигинин атайын эсебине 312 миллион сомдон ашуун каражат түштү. Эсеп азыр да толукталып жатат.
Мындан тышкары, кыргызстандыктар гуманитардык жардамдарды да даярдашты. Жалпы элдин башына түшкөн каран түн өлкө жарандарын эле эмес, Кыргызстанда жашаган чет өлкөлүктөрдү да кайдыгер калтырган жок. Мисалы, Пакистан менен Индиянын жарандары 100 миң сом чогулткан. Соцтармакта чек арачыларга керектүү буюм-тайым сатып алууга каражат чогултуу акциясы уланып жатат.
Бул жардамга муктаждарга Кыргызстан бир муштумга түйүлүп жардам сунган алгачкы учур эмес. Эл эсинде сакталып калгандарын тизмектеп көрөлү.

Кыргыз-тажик чек арасындагы былтыркы жаңжал

Өткөн жылдын жаз айында болгон кандуу кагылышууда 36 кыргызстандык каза таап, 189 киши жарадар болгон. Өз жардамын берүүгө ашыккандар үчүн атайын эсеп ачылган. Былтыркы жылдын 6-июлунан тарта ошол кездеги өкмөт башчынын биринчи орун басары Баткен облусунун администрациясынын атайын эсебине 116 миллион сом, ӨКМдин эсебине 2,5 миллион сом чогулганын билдирген. Аткаминердин айтымында, акча жабыр тарткан регионду калыбына келтирүүгө жана жабыркагандарга колдоо көрсөтүүгө жумшалмак.
© AFP / DANIL USMANOVКонфликт в Баткенской области на границе с Таджикистаном
Конфликт в Баткенской области на границе с Таджикистаном - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2022
Акчадан сырткары, кыргызстандыктар Баткенге байма-бай гуманитардык жардам жөнөтүп жатты. "Баткенге жардам" штабы ачылып, пандемиядан кийинки оор кырдаалга карабай эл акчалай да, кийим-кече, тамак-аш түрүндө да колдоо көрсөтүп жатты.

Мамлекеттик карыз

Мамлекеттик карыз калкты көптөн бери түйшөлтүп келе жаткан маселе эле, акча чогултуп, алган насыядан кутулуу демилгеси бир нече ирет жаңырган. 2007-жылы бул үчүн атайын эсеп да ачылып, 2012-жылга чейин иштегени маалым. Ага бул аралыкта 3,3 миң доллар жана 803 миң сом чогулган. Бирок мында кыргызстандыктар активдүүлүгүн биринчи жылы эле жакшы көрсөтүштү, 2008 жана 2009-жылдары айрым учурлар катталып отуруп, кийинчерээк таптакыр токтоп калган. Баса, чогулган каражат чын эле мамлекеттик карыз төлөөгө жумшалган.
III Всемирные игры кочевников. 2 день. Торжественная церемония открытия этногородка в урочище Кырчын - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2019
Баарың болсоң бир ооздуу, душманың кантип былк этер. Ынтымактын 14 эрежеси

Дача СУ

2017-жылдын 16-январында Дача СУ айылына түркиялык АСТ компаниясына таандык жүк ташуучу Boeing 747 учагы кулаган. Апаат 39 кишинин (35 жергиликтүү тургун жана экипаждын 4 мүчөсү) өмүрүн алып, 15 адам жарадар богон. Жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн атайын эсеп ачылып, ага 151 миллион сом түшкөн. ЖМКлардын маалыматы боюнча, 94,5 миллион сому жабырлануучуларга берилсе, калганы жергиликтүү айыл өкмөт, аэропорт жана башка жактарга бөлүнгөн.
© AP Photo / Vladimir VoroninКрушение самолета Boeing-747 в Дача-СУ
Крушение самолета Boeing-747 в Дача-СУ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2022

Пандемия

Пандемия маалында бир нече атайын эсеп ачылган. Чогулган сумма да бир топ эле экени айтылган болчу. Мисалы, 2020-жылдын апрель айынын экинчи жарымындагы маалыматка караганда, Саламаттык сактоо министрлигинин депозиттик эсебине 129 миллион сом түшүп, медиктердин айлыгына кошумча акы катары төлөнгөн. Акча андан кийин да медициналык жабдууларды сатып алууга чогулду. Апрелдин ортосунда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебине 13 миллион сомдой акча түшкөнү белгилүү болгон. Бул каражат муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк алууга бөлүнгөн.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРеспубликанская клиническая инфекционная больница в Бишкеке
Республиканская клиническая инфекционная больница в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2022

Аруузатка жардам

Кичинекей Аруузатты дарылоо үчүн 2,3 миллион доллар турган дүйнөдөгү эң кымбат "Золгенсма" препараты керек эле. Ыктыярчы болуп, бир жылдан ашуун акча чогулган акцияга кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү катышты. Февралдагы маалымат боюнча, 85 миңден ашуун адам жардамга кол сунган. Мисалы, Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов мелдешке чыккан трикосун сатып, акчанын бир бөлүгүн Аруузатка жардам деп берген. Быйыл мартта кыздын туугандары акча жетиштүү экенин айтып, Аруузат бир нече айдан кийин "Золгенсма" препараты менен керектүү ийнесин алган.
Биз кыргызстандыктардын бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып бири-бирине боор тарткан айрым учурларды гана тизмектедик. Бул башка кыйынчылык түшкөндө мекендештер жардамга кол сунууга дайым даяр экенин көрсөтүп турат.
Тажикстандын аткылоосунан жабыркаган Баткен облусунун Капчыгай айылынын тургундары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Каран түндөгү ак жарык же жүрөккө медер болгон кыргыз биримдиги
Жаңылыктар түрмөгү
0